БАЭ компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр

Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган «Masdar» компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр.  

Бул туурасында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген аталган компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилүү болгонун өкмөттүн маалыматы кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаев компаниянын өкүлдөрүнө өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Компаниянын өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызматташууга даяр экенин билдирди.

Комментарий жиберүү