Бишкектеги ирандыктар Ислам республикасынын түзүлгөн күнүн белгилешти

Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам Республикасынын түзүлгөндүгүнүн урматына желек көтөрүү аземи болуп өттү.

1-апрель Иранда эң маанилүү жана тарыхый күндөрдүн бири болуп саналат.

Бул күнү ирандыктар 1979-жылы АКШ колдогон Пехлеви режими кулагандан кийин Ислам республикасын түзүү үчүн добуш берген жалпы элдик референдумдун жылдыгын белгилешет.

“1979-жылдын 30-31-мартында өткөн эки күндүк жалпы элдик референдумда Иран жарандарынын 98,2%ы өлкөдөгү саясий системаны өзгөртүүнү жакташкан”, – деди Ирандын элчиси Саид Харрази.

Анын айтымында, бүгүн ар бир ирандык үчүн маанилүү күн.

“Мамлекеттик туубуздун алдында жашап, өлкөнүн жетишкендиктерине күбө болгонубузга сыймыктанабыз. Иран башкаларга үлгү болот деп ишенем”, – деп баса белгиледи Харрази.

Белгилей кетсек, Ирандын улуттук желегинде бардык улуттук желектердин ичинен эң көп сөз камтылган. Мындай көп сандагы сөз дүйнөнүн бир да мамлекетинин желегинде жок. Анда Ислам ыңкылабын айгинелеп турган  “Аллоху Акбар” сөзү 22 жолу кайталанып жазылган. Ал эми 22 жолу кайталанып жазылышы ыңкылаптын 22 күн болгонун билдирип турат.

Желек горизонталдуу жашыл, ак жана кызыл түстөн турган үч бирдей бөлүккө бөлүнгөн. Жашыл түс – Исламды, тартип жана кубанычты, ак түс – тынчтыкты, ал эми кызыл түс – кайраттуулук, каармандык жана согушта төгүлгөн канды туюндуруп турат.  

Ирандын улуттук желеги сүрөтчү Хамид Надими тарабынан иштелип чыккан жана аятолла Хомейни тарабынан 1980-жылдын 29-июлунда бекитилген.

Комментарий жиберүү