Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда 13-апрелден 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондун акимиаты массалык башаламандыктардын алдын алуу максатында митингдерди айрым жерлерге өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча арыз менен райондук сотко кайрылган.

«Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, президенттин администрациясынын жана УКМКнын алдында, “Ала-Тоо” аянтында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрбөөнү мыйзамдуу деп тапты», – деп айтылат мэриянын билдируусундө.

Мындан ары чогулуштарды жана митингдерди М.Горький атындагы гүлбакчада өткөрсө болот.

Комментарий жиберүү