Чек ара: жараат алгандардын саны 129 кишиге жеткени кабарланды

Чек ара: жараат алгандардын саны 129 кишиге жеткени кабарланды

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 22:30га карата берген маалыматта кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 129 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген. Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат. 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 21:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын маалымдады. Чек ара…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси менен жолугушту. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Садыр Жапаров жеке таанышканына кубанычта экенин билдири, Ибрахим Раисини өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, Кыргызстан менен Ирандын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкка жолтоо болчу эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин белгиледи. Ал бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Кандай документтер кабыл алынды?

Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Кандай документтер кабыл алынды?

Бүгүн, 15-сентябрда, президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чечилбеген саясий маселелер жок экенин белгилеп, кыргыз тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке…

Прочитайте больше

Ош Ирандын экинчи чоң шаары Мешхед менен боордош калаа боло алат

Ош Ирандын экинчи чоң шаары Мешхед менен боордош калаа боло алат

Ирандын Мешхед шаарынын жетекчилиги Кыргызстандын Ош шаары менен кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле боордош шаар мамилелери боюнча меморандум түзүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразинин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушууда М.Исаев Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан элчиге салам жолдоп, эки тараптуу мамилелер өнүгүп жатканын белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Ош шаары менен Ирандын ири шаарларынын, атап айтканда, Хорасан-Разави провинциясынын административдик борбору Мешхед шаарынын (калкы 2,5 миллиондон ашуун) ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи. Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара соода…

Прочитайте больше

Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курат

Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курат

Казакстандын Orient Trade Investment компаниясы Кыргызстанга 1 млрд. долларга ГЭС курат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкекте Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы менен Казакстандын Orient Trade Investment компаниясы Нарын дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча меморандумга кол койду. Тараптар Нарын дарыясына төрт ГЭСтен турган “Казарман” каскадын курууну макулдашкан (Алабуга ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭС). Каскаддын кубаттуулугу 1 160 мегаватт болот. Курулуш иштерин 5-6 жылдын ичинде бүтүрүү пландалды. Анын сметалык баасы 1 миллиард…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту

Президент С. Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  8-августта, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту (ТМУ Аксакалдар кеңеши). Мамлекет башчысы коноктор менен саламдашып жатып, аксакалдар коомдо жана мамлекетте ардактуу орунду ээлей турганын белгиледи. Алардын кадыр-баркы талашсыз жана тарыхтын жүрүшү алардын таасири менен аныкталарын белгиледи. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди. Садыр Жапаров ааламдашуу доорунда жана көптөгөн элдер өзүнүн түпкүлүгүн жоготуп алган мезгилде Түрк мамлекеттер уюмунун алдында Аксакалдар кеңешин түзүлгөндүгү өзгөчө маанилүү экенин канааттануу менен баса белгиледи. Анын пикирине караганда,…

Прочитайте больше

Кыргызстан «Бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт. ТИМ Тайван боюнча үн катты

Кыргызстан «Бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт. ТИМ Тайван боюнча үн катты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Кабар» агенттигине Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу комментарий берди. Белгилей кетсек, 2-3-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барган. Бул сапар Тайвань аралындагы кырдаалды курчутту. «Кабар» агенттиги Тайвань маселеси боюнча Кыргызстандын так позициясын билүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, КР ТИМ Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык түрдө көз салууда, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана…

Прочитайте больше

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны өтөт

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны өтөт

Араб координациялык тобунун кезектеги жыйыны бүгүн, 3-августта, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул иш-чара араб финансы институттарынын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн экономикалык блогунун өкүлдөрү менен төртүнчү жолугушуусу болот. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Араб координациянын тобунун курамында Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү Кувейт Фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду бар. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орунбасары Адылбек Касымалиев баштаган аткаминерлер жана ишкер чөрөнүн өкүлдөрү катышышат. Араб…

Прочитайте больше

Жыл аягына чейин Бишкекте жүргүнчүлөрдү электробустар тейлеп калат

Жыл аягына чейин Бишкекте жүргүнчүлөрдү электробустар тейлеп калат

Жакынкы аралыкта борбор калаада жүргүнчүлөрдү негизинен электробустар тейлеп калмакчы. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кыргыз Туусу” гезитине берген маегинде билдирди. “Учурда шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Долбоордун алкагында 59,55 млн. АКШ доллары суммасында электробустарды сатып алуу пландалууда, анын ичинде 25,65 млн. АКШ доллары гранттык негизде, 25,0 млн. АКШ доллары 32 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шарттагы кредит катары, ал эми 8,9 млн. АКШ доллары Кыргыз Республикасы тарабынан салыктардан бошотуу түрдө…

Прочитайте больше

Өзбекстандын президенти жакында Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти жакында Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакында расмий сапар менен Кыргызтанга келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы маалымдады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ТИМ жетекчилери кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Маалыматка караганда, тараптар эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашып, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар, БА жана ШКУ ТИМК, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин…

Прочитайте больше

Тажикстан кыргыз-тажик чек арасынын жабылышынан кандай артыкчылык көрүүдө?

Тажикстан кыргыз-тажик чек арасынын жабылышынан кандай артыкчылык көрүүдө?

Кыргыз-тажик чек арасын Кыргызстан бир тараптуу жаап койгон бир жылдан ашык убакыттан бери Тажикстан тараптан алгачкы жолу комментарий берилип, анын артыкчылыктарын белгиледи. Өлкөнүн Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзоданын айтымында, чек арадан мыйзамсыз өтүп сатылып жаткан контрабандалык товарлар дээрлик жок. Бирок Кыргызстан өзүнүн азык-түлүк продукцияларын үчүнчү өлкөлөр аркылуу Тажикстанга киргизип жатат. Тактап айтканда, товарлар бул өлкөгө Казакстан жана Өзбекстан аркылуу ташылууда. «Чек аралар ачык кезде эки мамлекеттин ортосунда контрабандалык товарлар күч алып, чек ара базарларында мыйзамсыз соода жүгүртүү…

Прочитайте больше

Бишкекте айт намаз учурунда теракт жасоого аракет кылган чет элдиктер кармалды

Бишкекте айт намаз учурунда теракт жасоого аракет кылган чет элдиктер кармалды

Бишкектеги айт намазы учурунда теракт жасоого аракет кылган чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын  маалымат кызматы билдирди. “7-июлда Курман айт майрамын белгилөөгө даярдык көрүү маалында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында боло турган терактка бөгөт коюлду. Жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө эл аралык террористтик уюмга тиешеси бар Сириядан жасалма паспорт менен келген эки чет элдик жаран кармалды. Андан тышкары, Бишкек шаарында эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнө жардам көрсөткөн Кыргызстандын бир нече жараны (көмөкчү) кармалды”,-деп…

Прочитайте больше

966 мектеп директору иштен кетет

966 мектеп директору иштен кетет

Билим берүү министрлиги канча мектеп директору иштен кете тургандыгын билдирди. Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев конкурс аркылуу тандап алуу системасы ишке киргенден кийин 966 мектеп директору иштен алына тургандыгын айтты. Бул тууралуу министр  маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарына, жогорку окуу жайлардын ректорлоруна 5 жылдык мөөнөт берилип жатат. Ошондуктан мындан ары мектептин директорлору дагы 5 жыл сайын сынактан өтүп турат. Министрдин пикиринде, учурда өлкөдө 5 жылдан ашык иштеген 966 мектептин директору бар. Жакшы иштеп жаткан…

Прочитайте больше

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 16 адам жабыркады. Сүрөт

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 16 адам жабыркады. Сүрөт

Кечээ, 4-июлда Ысык-Көлдө  үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 7 жана 69 жаштагы жаран каза болуп, 14 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, окуя саат 19:30дар чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 27-чакырымында   орун алып, Honda Odyssey жана Toyota Estima  үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагышкан. Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун  сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 14 адам ооруканага…

Прочитайте больше
1 2 3 4 23