Кыргызстан «Бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт. ТИМ Тайван боюнча үн катты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Кабар» агенттигине Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу комментарий берди.

Белгилей кетсек, 2-3-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барган. Бул сапар Тайвань аралындагы кырдаалды курчутту.

«Кабар» агенттиги Тайвань маселеси боюнча Кыргызстандын так позициясын билүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, КР ТИМ Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык түрдө көз салууда, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүттөнөт.

«Кыргыз Республикасы кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй «Тайвань маселеси» боюнча өзүнүн позициясынын өзгөрбөстүгүн жана «бирдиктүү Кытай» саясатын колдоосун тастыктайт», – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Кытайдын коргоо министрлигинин расмий өкүлү Тань Кэфэй Пелосинин Тайванга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен.

Ал кытай армиясы муну жөн  карап турбасын айтып, тышкы кийлигишүүнү токтотуу үчүн чаралар көрүлөрүн билдирген.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь “Тайвань Кытай аймагынын ажырагыс бөлүгү” экенин айтып, аймактык бүтүндүк маселеси “кызыл сызык” болуп саналарын билдирди.

Пекин аскерлерин чек арасына топтоп, Тайвандын аба мейкиндигинин айланасында аскердик машыгууларды өткөрүүдө.

Кытайдын Коргоо министрлиги машыгуулар “Кытайдын улуттук суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө коргоого” багытталганын билдирди.

Кытай аскердик машыгууларды баштагандан кийин Тайвандын бийлиги согушка даярдык деңгээлин жогорулаткан.

АКШ Конгрессинин делегациясы Тайвандын борбору Тайбэй шаарына 2-август күнү кечинде барды. Пелоси учактан чыгары менен “Конгресс делегациясынын Тайванга сапары АКШ динамикалуу өнүгүп жаткан тайван демократиясын колдоону жактай турганын көрсөтүп турат” деп билдирди.

Пелоси Тайванда президент Цай Инвэнь жана жергиликтүү парламенттин вице-спикери Цай Цичан менен жолукту. Инвэнь Өкүлдөр палатасынын спикерине “Кайрымдуу булуттардын ордени” деп аталган өкмөттүк ардак медалды тапшырды.

Ненси Пелоси Тайвандан3-августта учуп кетти.

Кытай Пелосинин аралга жасаган сапарына жооп иретинде Тайванга жаратылыш кумун экспорттоону убактылуу токтотуп, бир катар тайван товарынын импортуна тыюу салды.

Комментарий жиберүү