966 мектеп директору иштен кетет

Билим берүү министрлиги канча мектеп директору иштен кете тургандыгын билдирди.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев конкурс аркылуу тандап алуу системасы ишке киргенден кийин 966 мектеп директору иштен алына тургандыгын айтты. Бул тууралуу министр  маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарына, жогорку окуу жайлардын ректорлоруна 5 жылдык мөөнөт берилип жатат. Ошондуктан мындан ары мектептин директорлору дагы 5 жыл сайын сынактан өтүп турат.

Министрдин пикиринде, учурда өлкөдө 5 жылдан ашык иштеген 966 мектептин директору бар. Жакшы иштеп жаткан директорлорго тоскоолдук болбойт, конкурстан өтсө кайра ордуна дайындала алат.

Бейшеналиев мектеп директорлору 5 жылдык мөөнөттө өзүнүн ишин көрсөтө алат деген пикирин кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынак менен тандала турган болду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталган.

Комментарий жиберүү