Тажикстан кыргыз-тажик чек арасынын жабылышынан кандай артыкчылык көрүүдө?

Кыргыз-тажик чек арасын Кыргызстан бир тараптуу жаап койгон бир жылдан ашык убакыттан бери Тажикстан тараптан алгачкы жолу комментарий берилип, анын артыкчылыктарын белгиледи.

Өлкөнүн Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзоданын айтымында, чек арадан мыйзамсыз өтүп сатылып жаткан контрабандалык товарлар дээрлик жок. Бирок Кыргызстан өзүнүн азык-түлүк продукцияларын үчүнчү өлкөлөр аркылуу Тажикстанга киргизип жатат. Тактап айтканда, товарлар бул өлкөгө Казакстан жана Өзбекстан аркылуу ташылууда.

«Чек аралар ачык кезде эки мамлекеттин ортосунда контрабандалык товарлар күч алып, чек ара базарларында мыйзамсыз соода жүгүртүү күч болуп турган»,-деди Тажикстандын башкы бажычысы. Ал билдиргендей, бир гана Бобожон-Гафуров районунда азык-түлүк товарларын сатуучу 36 дүң соода түйүндөрү жана дүкөндөрү иштеген.

Каримзода кошумчалагандай, 2022-жылдын алты айында Кыргызстан менен соода жүгүртүү болгону 6,6 миллион долларды түздү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 миллион долларга аз. Негизинен Кыргызстандан көмүр алышкан.

Блокадада калган Тажикстан

2021-жылдын апрель айынын аягында Тажикстан Кыргызстандын чек арасына куралдуу кол салып, согуштук абалга жеткиргенден кийин Кыргызстан чек араны бир тараптуу жаап салган. Мындан улам, суудан баштап, транзиттик жол, жашылча-жемиштерин сатуу, анклав сыяктуу көптөгөн тармактар боюнча Кыргызстанга көз каранды болгон Тажикстан блокадага камалган. Чек ара жабылгандан кийин Эл аралык каттамга чыгуу, соода алака жүргүзүү өңдүү бир топ багыттарда тажикстандыктар үчүн оор болду. Анын үстүнө Өзбекстан да чек арасын көп жылдан бери ачпай келген. Өзбекстан менен мамилеси жакшы болбогондуктан, Казакстан жана Россияга, андан ары Европага да Кыргызстан аркылуу чыгышчу.

Буга чейин Кыргызстан өзүндөгү рычагдарды колдонбой келген. Бирок апрель окуяларынан улам чек араны жаап салгандан, Россияда 2 млн.дой мигранты бар Тажикстан авиа каттамдарга жолу буулган. Анткени негизинен Кыргызстан аркылуу катташчу. Андан сырткары, Эл аралык соодасына доо кеткен. Мындай тирештен улам, Тажикстандагы Мургап жана Жерге-Тал аттуу дээрлик кыргыздар жашаган районорундагы кыргыз тектүү өз жарандарын кысмакка алып, кайсы бир иштерге айыптап, эскертүүсүз жана жөнсүз эле текшерип, кыргыз паспортторун алган жарандарын депортация кылып куугунтуктап жатканы айтылган.

Чек араны бир тараптуу жаап салгандан кийин көптөгөн ыңгайсыздыктарга карабай, Тажикстандын расмий бийлиги унчукпай тура беришти. Бирок бул боюнча эми гана комментарий берип, анда да анын артыкчылыктарын эсептешти.

Тажикстандын чек ара жабылгандан бери аткезчилик токтогонун жана Кыргызстан өз товарларын үчүнчү өлкөлөр аркылуу киргизип жатканын айткан менен тескерисинчи Кыргызстандын базарларында ал жактан аткезчилик жол менен алынып келинген кулпунайдан тартып, дарбызга чейин сатылып жатты. Анткени аталган жашылча-жемиштерТажикстанда биринчи бышат. Бирок Кыргызстандын расмий бийлиги чек ара жабык тургандыктан, аткезчилик менен ташылган жүктөр байма-бай кармалып турганын жарыялап келишет.

Эки элдин чырын чече турган төрт документ

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүүгө негиз боло турган 4 документ бар. Эки мамлекет ошол төрт документтин биринин негизинде чек араны чечип алышса болот. Алардын баарында чечүүгө жол көрүнүп турат, бирок эки мамлекет тең биринин койгон талабына бири жооп бербей, бири сунуштаган документке экинчиси макул болбой, өз ара келишпестиктер улана берип, акыры бири-бирине ок атууга чейин жетти. Курал колдонуу менен чек араны чечүүгө эч качан болбой турганын билишсе да, тараптар ортосунда согуштук кырдаал бир эмес, бир нече жолу түзүлдү.

Ал эмне болгон төрт документ?

Чек ара боюнча Тажикстандын өзүнүн жүйөсү бар. Ошол эле учурда Кыргызстандын да бетине кармаган фактылары менен документтери бар.

Эки өлкөнүн чек арасын аныктаган алгачкы документ катары 1925-27-жылдардагы келишим айтылат. Тажикстан ушул документти негиз кылып карманат. Бирок буга Кыргызстан көнбөйт. Анткени бул документ Советтер Союзундагы колхоздоштуруу мезгилине чейинки кабыл алынган келишим экенин айтат. Бирок аны менен сүйлөшүү жүрсө, анда Тажикстан өзүнүн Тоолуу Бадахшан баш болгон Жерге-Тал, Мургап райондору жайгашкан 45 пайыз аймагын жоготот. Ошого карабай, ушул документти көтөрө берет.

Экинчиси, Кыргызстан карманган, 1955-58-жылдары Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын Өкмөттөрүнүн деңгээлинде даярдалып, кол коюлган документ. Чек ара тууралуу мындай макулдашуу болгон менен ал документ парламенттердин ратификациясынан өтпөй калган. Ошентип убагында Тажикстандын Өкмөт башчысы кол койгон бул документке азыр алар ынанбайт.

Ал эми үчүнчүсү 1991-жылы СССРди таратканда кабыл алынган “Беловеж макулдашуусу”. Анда мурунку Союздук мамлекеттердин “фактылык” негизде колдонгон чек аралары ошол боюнча кала турганы айтылган.

Ошондой эле, төртүнчүсү ушул эле 1991-жылы кабыл алынган “Алматы декларациясы”. Ага Орто Азиядагы азыркы көз карандысыздыкка жетишкен 5 мамлекеттин жетекчилери кол коюп, алар да “фактылык” негизде колдонуп жаткан чек аралар – мамлекеттин чеги деп аныкташкан. Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, бул “Беловеж макулдашуусу” менен “Алматы декларациясын” ар бир мамлекеттин парламенти ратификациялаган. Бул документтердин өзгөчөлүгү – анын абсолюттук легитимдүүлүгүндө. Кыргызстан чек араны чечүүдө ушуларды негиз кылып, чек ара маселесин чечели десе, тажик тарап бул эки документке да баш көнбөй келет.

Эки мамлекет Эгемендүүлүк жылдары да чек араны делимитация жана демаркациялоо үчүн жүздөгөн жолугушууларды өткөрүп, толгон протоколдорго кол коюлшкан. Бирок чыр-чатактарды чечүү каалоолору болгону менен тартыш уланып келет.

Чек ара компромисстик жол менен гана чечилет…

Кыргыз-тажик чек арасы толук такталбагандыктан, ок атышууга чейин барган окуялар буга чейин көп жолу катталып келген. Бирок айрыкча 2021-жылдын 28-29-30-апрелде жана 1-майда суу үчүн болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал масштабдуу болду. Андан 36 кыргызстандык курман болуп, 200дөй киши жараат алды. 100дөн ашык үй өрттөлүп, талкаланды. 60 миңдей адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Ал эми тажик тараптан 19 адам набыт болгону кабарланган. Эки өлкө бул үчүн бирин-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Чыр-чатактардын тез-тез катталып турушу – чек аранын делимитация болбой жатканы негизги себеп. СССР тарагандан бери тараптар 70тен ашык талаштуу аймакка ээлик кылуу боюнча бир пикирге келе албай жүрүшөт.

Эмне болгон күндө да, конфликтти компромисстик жол менен ынтымакта тактап алуу керек. Антпесе чечүүнүн башка жолу жок. Болбосо, жүздөгөн жолугушуулар менен миңдеген протоколдорго кол коюла берет. Чечилбеген чек ара маселеси кылымдарга созулуп, андан карапайым калк жабыркайт. Бийликтер алмашып, бирок конфликт кала берет. Эң жаманы – куралдуу кагылышуунун чоңоюп кетиши. Муну алдын алыш үчүн тараптар бир пикирге эртерээк келиш керек.

Кыргызстандын Тажикстан менен болгон чек арасы 972 километр. Анын 664 километри чечилип, калган 308 километр аралык такталбай келет. Бул – эң негизги делген калктуу пункттар, суулуу аймактар. Ал эми чечилген жерлер эл жашабаган тоолуу аймактарга кирет.

А. Пазыл.

Комментарий жиберүү