Өзбекстандын президенти жакында Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакында расмий сапар менен Кыргызтанга келери күтүлүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.

Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ТИМ жетекчилери кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Маалыматка караганда, тараптар эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашып, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар, БА жана ШКУ ТИМК, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин иш сапары менен келүүсү жана 21-июлда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна катышуусу тууралуу талкуу болду.

Мындан тышкары эң жогорку деңгээлдеги иш сапардын уюштурулушу боюнча маселелерди такташты.

Комментарий жиберүү