Чек ара: жараат алгандардын саны 129 кишиге жеткени кабарланды

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 22:30га карата берген маалыматта кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 129 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат.

16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 21:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын маалымдады.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, саат 19:00дө Чоң-Алайдын Карамык аймагында кыргыз чек арачыларын аткылоо токтотулду. Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери “Гулистон” (Тажикстан) бекетинде жолугушту. Азырынча жыйынтыгы маалымдалган жок.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. “Озоди” тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Комментарий жиберүү