Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны өтөт

Араб координациялык тобунун кезектеги жыйыны бүгүн, 3-августта, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул иш-чара араб финансы институттарынын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн экономикалык блогунун өкүлдөрү менен төртүнчү жолугушуусу болот.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Араб координациянын тобунун курамында Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү Кувейт Фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду бар.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орунбасары Адылбек Касымалиев баштаган аткаминерлер жана ишкер чөрөнүн өкүлдөрү катышышат.

Араб координациялык тобунун үчүнчү жыйыны 2017-жылы Бишкекте өтүп, Кыргызстанда 10 долбоорду каржылай турганы маалымдалган. Анын ичинде Ысык-Көл айлампа жолун оңдоо, Инновациялык медициналык борборду түзүү, Талас, Баткен облустарын таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу долбоорлор бар эле.

Топтун алгачкы отуруму Кыргызстанда 2009-жылы өткөн.

Комментарий жиберүү