Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курат

Казакстандын Orient Trade Investment компаниясы Кыргызстанга 1 млрд. долларга ГЭС курат.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкекте Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы менен Казакстандын Orient Trade Investment компаниясы Нарын дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча меморандумга кол койду.

Тараптар Нарын дарыясына төрт ГЭСтен турган “Казарман” каскадын курууну макулдашкан (Алабуга ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭС). Каскаддын кубаттуулугу 1 160 мегаватт болот.

Курулуш иштерин 5-6 жылдын ичинде бүтүрүү пландалды. Анын сметалык баасы 1 миллиард доллардан ашары айтылууда.

Жолугушууда казакстандык компаниянын жетекчиси Расул Теймуров маанилүү долбоорду биргеликте ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Ал эми коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев бул долбоор эки өлкөгө аймактагы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк беррерин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү