Жыл аягына чейин Бишкекте жүргүнчүлөрдү электробустар тейлеп калат

Жакынкы аралыкта борбор калаада жүргүнчүлөрдү негизинен электробустар тейлеп калмакчы.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кыргыз Туусу” гезитине берген маегинде билдирди.

“Учурда шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Долбоордун алкагында 59,55 млн. АКШ доллары суммасында электробустарды сатып алуу пландалууда, анын ичинде 25,65 млн. АКШ доллары гранттык негизде, 25,0 млн. АКШ доллары 32 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шарттагы кредит катары, ал эми 8,9 млн. АКШ доллары Кыргыз Республикасы тарабынан салыктардан бошотуу түрдө берилет. Мына ушул акчалардын эсебинен шаарыбызга 200гө жакын электробустарды алып келишибиз керек. Бул ичи-сырты видеокамералар менен жабдылган, экологиялык талаптарга жооп берген, ошону менен бирге шаардын көркүн чыгарган автоунаалар болуп эсептелет. Андан башка шаардык мэриянын бюджетинин эсебинен 100 автобус алабыз. Өкмөтүбүз да 100 автобуска акча бөлүп беребиз дешкен. Азыр маршруттардын схемасын түзүп, базасын даярдап жатабыз. Буйруса жылдын аягына чейин автобустар келет. Негизи шаардын автобустарга болгон керектөөсү эки миң даананы түзөт.

Анан атамекендик өндүрүштү колдоо максатында “Белес” ишканасынын автобустарын алууну дагы караштырып жатабыз. Алар деле тендерге катышып жатат. Эгерде биздин койгон талаптарды так аткарып, өз убагында электробустар менен камсыз кыла ала турган болсо, эмне үчүн электробустарын албашыбыз керек?…”,- деди шаар башчысы.

Комментарий жиберүү