Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Кандай документтер кабыл алынды?

Бүгүн, 15-сентябрда, президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чечилбеген саясий маселелер жок экенин белгилеп, кыргыз тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

“ШКУнун саммитинин алкагында бул долбоор боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу кытай, кыргыз жана өзбек тараптарынын мындан аркы практикалык биргелешкен аракеттери үчүн маанилүү негиз болуп каларына ишенем. Бул документ Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын жолду куруудагы ниеттеринин биримдигин бекемдейт”, — деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы Кытай лидерин Кыргызстанга  келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Си Цзиньпин Садыр Жапаров менен  ушул жылдын февралында болгон жолугушуу жемиштүү болгонун, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар макулдашуулар жетишилгенин белгиледи.

“Сиз Мамлекет башчысы катары реформаларды жүргүзүү жана Кыргызстан элинин бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жатасыз, бул сиздердин калк арасында чоң колдоо тапты. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы ишенимдүү өнүгөт деп ишенем”, — деди КЭР төрагасы.

Си Цзиньпин Кытай Кыргызстандын реформаларды өткөрүү боюнча аракеттерин колдоорун баса белгилеп, кытай тарап Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Ал Ошондой эле Кытай «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун, Чүй облусунда ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү  колдоорун жана кызыкдар экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда  Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун Кыргызстанга  сапар менен келүү боюнча чакыруусун кабыл алды. Сапардын датасы дипломатиялык каналдар аркылуу такталат.

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.

Кабыл алынган документтер:

🔵 Кытайдын өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын Министрлер кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

🔵  Кытайдын өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын Министрлер Кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

🔵  Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан  Кытайга  экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

🔵  Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытайдын Өкмөтүнүн ортосундагы «КР ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

Комментарий жиберүү