Кыргызстандык ишкерлер Иранга жүкташууда жеңилдиктерге ээ болушат

Кыргызстандык жеке ишкерлер Иранга бир топ арзандатуулар менен учуп, жүктөрүн ташый алат.  

Бул тууралуу 12-апрелде КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Роман Касымов менен ирандык “Varesh Airlines” авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мохаммад Ходакарами менен жолугушууда айтылды.

Жетишилген макулдашууга ылайык, Палатынын мүчөлөрү үчүн Бишкектен Мешхед шаарына жүк ташуулар дээрлик 2 эсе арзандап, килограммына 2$дын ордуна 1,3$ды түзөт.

Мындан тышкары, КРнын СӨПүнөн келип жаткан делегация мүчөлөрүнө авиабилеттин баасы ар бир жүргүнчүгө 70$га чейин төмөндөтүлүп, бир тарапка 250$, эки тарапка 410$га теңелет.

Ирандык авиакомпания Мешхед – Бишкек аба каттамын жума сайын аткарууга ниеттенуудө.

Буга чейин кыргызстандыктар аталган багыт боюнча айына бир ирет гана уча алган. Учуу убакыты 1,5 саат.

Мешхед шаары чоңдугу жана калкынын саны боюнча Иранда экинчи орунда турат.

Эске салсак, былтыр КРнын Соода-өнөр жай палатасы Иран менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү үчүн биргелешкен бизнес-комитет түзүү жөнүндө макулдашууну бекиткен.

Бүгүнкү күндө КРнын Соода-өнөр жай палатасында 1200дөн ашуун компаниялар жана жеке ишкерлер мүчөлүктө турат.

Башка артыкчылыктардан тышкары, аларга визаларды алууда колдоо, бизнес-форум, жолугушуулар, чет өлкөдө стажировкалар жөнүндө ыкчам маалымат, ошондой эле ар кандай актуалдуу багыттар боюнча бизнес-окутууларда арзандатуулар берилет.

Комментарий жиберүү