Балыкчыда өткөн «Калкан-2022» тактикалык машыгуусунан сүрөттөр

Бүгүн, 31-март Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу болуп өттү.

Машыгуунун жүрүшүнө президент президент, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров көз салды.

«Калкан-2022» машыгуусунун негизги максаты — мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү  жок кылуу боюнча операцияларды даярдоо жана өткөрүү, аскерлерди башкаруу, өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана камсыздоонун бардык түрлөрү боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.

Машыгууда атайын багыттагы бөлүктөр заманбап курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды, зооттолгон «ТИГР» унааларын жана КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы сокку уруучу «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактарын колдонушту. 

Машыгуулар аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, андан соң курал-жарактарды карап чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жатак бөлмөсү, талаа ооруканасы жана ашканасы, көчмө башкаруу пункттары жана башкалар кирген убактылуу жайгаштыруу борбору менен таанышты.

Ошондой эле «ТИГР» зооттолгон унаасын айдап, «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактары колдонулган жерди өзү көрүп чыкты.

Соңунда машыгуулардын катышуучуларынын салтанаттуу өтүшү болду.

Комментарий жиберүү