Испаниялык компания Ысык-Көлдө күн электр станциясын жана ГЭС курууга ниеттенүүдө

Кыргызстандын министрлер кабинети Испаниянын «EcoEner» энергетикалык компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Документке министрлер кабинетинин атынан энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы кол койгон.

Меморандумга кол коюу аземи «Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо» форумунун алкагында өттү.

Маалымдама: «EcoEner» энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт.

Компания Испания Королдугу, Сербия Республикасы, Гондурас Республикасы, Гватемала Республикасы, Доминикан Республикасы, Панама Республикасы, Колумбия Республикасы, Эквадор Республикасы, Кения Республикасы, Грузия сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү иш алып барууда.

Уюм жалпы кубаттуулугу 355 МВт жана иштелип жаткан 1522 МВт кубаттуулуктагы станцияларга ээ. Компания электр энергиясын өндүрүүдө алдыңкы дүйнөлүк технологияларды жана заманбап жабдууларды пайдаланат.

Комментарий жиберүү