Кытай Кыргызстанда электромобиль чыгарат

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда машина,  электромобиль куроочу ишкана ачуу боюнча келишим түздү.

Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому менен кытайлык “Гуандун Синьцзиян энерджи девелопмент” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда меморандумга кол коюлгандыгын аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызиндустрия” ААК Кытайдын «Гуандун Синьцзинь Энерджи Девелопмент» ЖЧК менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул документтин алкагында тараптар уставдык капиталы 200 миллион доллар болгон Кыргыз-Кытай фондун түзүү жана аны 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатышат.

Ошондой эле машина куруу, атап айтканда электромобилдерди куроо (жылына 10 000) тармагында кызматташат. Энергиянын кайра калыбына келип туруучу тармагында кызматташуу да пландалып жатат. Ошону менен катар электрондук коммерция чөйрөсүндө кызматташуу, Кыргызстандын аймагында орточо аянты 50 000 м² болгон логистикалык борбор түзүү дагы маанилүү долбоорлордун бири.

Кызматташуудагы артыкчылыктуу тармактардын арасында IT технология (жасалма интеллект, учкучсуз учуучу аппараттар) жана коммерциялык спутниктин кызматын көрсөтүү дагы бар”,- деп айтылат маалыматта.

Комментарий жиберүү