Тажикстандын Ооганстанга шылтоолоп куралдануусу Кыргызстанга кооптуу эмеспи?

АКШ алдыдагы эки жылда Тажикстандын коопсуздук тармагына 60 миллиондон ашуун доллар бөлөт.

АКШнын Тажикстандагы элчиси
Жон Марк Поммершайм

Бул тууралуу 10-майда АКШнын Душанбедеги элчиси Жон Марк Поммершайм журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирип, бул жардамдардын алкагында, америкалык өкмөт Тажикстанга чек ара аймактарындагы аба мейкиндиктерге байкоо салуучу “Puma” дрондорун бере турганын жарыялады. Дипломаттын айтымында, ушу тапта тараптар 20 миллион доллардык келишимдин майда-бараттарын макулдашып жатышат. Бул жардамдарды Ооганстандын түндүгүндөгү террордук топтордон келген кооптонууга каршы туруу менен түшүндүрдү.

Бул жаңылык жарыяланаары менен Кыргызстандын коомчулугунда Тажикстандын ылдам куралдануусу боюнча маселе калкып чыкты. Анткени АКШнын бул жардамы эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара чечилбегендиктен, кошуналардын мурдатан болуп келген турмуш-тиричилик деңгээлинде кайым айтышуусу, чек арачылардын куралдуу кагылышууларына чейин жетип, согуштук кырдаал түзүлгөн фактлар тез-тез катталып жаткан учурга туура келди.

Поммершайм Тажикстанга
18 аскердик жол тандабасты тапшырууда

АКШнын Тажикстандын коопсуздук тармагын колдоо үчүн каражат берүү демилгеси – Ооганстандагы потенциалдуу кооптонууну алдын алат деген менен тажик бийлиги чек арада куралдуу кагылыштар катталып жаткан Кыргызстанга да кооптонуу жаратты. Ошондуктан – бул, чек араларды дипломатиялык жол менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн чегинде чечүүдө эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге тоскоолдук жаратууга жол ачуу катары бааланды.

Кошмо Штаттары Тажикстанга өткөн жылы да аскердик техникалардан жардам берген. Тактап айтканда, былтыры ноябрь айынын этегинде 1,3 млн долларга “Jeep” үлгүсүндөгү 18 аскердик жол тандабас автоунааларды белек кылган. Аларды чек ара аймактарын кайтарууда географиялык катаал шарттарда аскерлерге жеңил болот деген. Мындан сырткары, ал техникалар терроризм, баңги зат жана курал ташуу менен күрөштө пайдасын тийгизээри айтылган.

“Puma” эмне болгон учак? Техникага мүнөздөмө

Puma учкучсуз учактарын кол менен учурушат

Бул аппарат FQM-151 Pointer учкучсуз учагынын конструкциясынын негизинде иштелип чыккан жана ал AeroVironment компаниясына таандык. Puma 2007-жылдан бери чыгарылып келинет. Бул убакыттын ичинде анын 1000ден ашык даанасы таркатылган. Ал эми 20га жакын өлкө сатып алышты, алардын басымдуу көпчүлүгү НАТОго мүчө мамлекеттер.

Puma учкучсуз учагынын мүмкүнчүлүктөрү:

✓ Канаттарынын узундугу – 2,8 м, узундугу 1,4 м.

✓ Салмагы: 6,8 кг

✓ Башкаруу диапазону: 20 (кошумча LRTA байланыш тутумун колдонуу менен 60 кмге чейин)

✓ Асманда учуу убактысы: 2,5 саат

✓ Аталган учкучсуз учакты кол менен эле ыргытып учурат жана ал каалаган аймакты көзөмөлдөп, координаттарды бере алат.

Түркия Тажикстанга “Байрактарды” сатканбы?

Тажикстандын куралдануусу боюнча мындан бир аз мурда дагы чуу чыккан. Башкача айтканда, Түркия бул өлкөгө 20 даана “Байрактар” учкучсуз учагын сатканы тууралуу маалымат тараган.

Башкача айтканда, ушул жылдын 21-апрелинде Анкарада Тажикстан менен Түркия ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду. Ага эки өлкөнүн коргоо министрлери катышканын Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги Твиттер соиалдык тармагына жазып кабарлаган. Бирок Анкаранын Дүйшөмбүгө кандай куралдарды сатканы ачыкталбаган бойдон кала берди.

Жапаров “Байрактар” менен таанышып жатат

Түркия 2021-жылы Кыргызстанды дос мамлекеттердин катарында көрүп, “Байрактар” учкучсуз учагын саткан мамлекеттердин катарына киргизген. Тактап айтканда, өлкө бул куралды алган. Бирок Кыргызстан сатылып алынган учкучсуз бул учактарды Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтарды алдын алуу максатында алганын белгилеп келет. Ошондой эле Кыргызстандын атайын кызматы: “кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт”,-деп билдирген.

Ошол эле учурда, кыргыз-тажик чек арасында куралдуу конфликт бат-баттан катталып жаткан чакта, Түркия каршылаштардын экөөнө тең согуштук курал сатуусу – эки өлкөнү чек ара тирешинен жаралган жаңжалды басаңатуунун ордуна, аларды кайраштырып, согушка дем берип жаткандай кабыл алынды. Ошондуктан, чек ара маселелерин көп чагылдырып келген журналисттер эгер Тажикстан бул аскердик дрондорду сатып алганы чын болсо, анда кыргыз-түрк мамилесинде чукул бурулуш болгонун көрсөтөт дешти.

Мындай курал “сатуу-алуу” боюнча маселе козголуп, Эл аралык деңгээлде талкуу болуп жаткан учурда Түркия менен Тажикстан бул маалыматтарга эч кандай реакция жасабай койду. Башкача айтканда, маалыматты төгүндөшкөн да, тастыкташкан да жок.

Тажикстандын Коргоо министри Шерали Мирзо менен
“Байкардын” башчысы Сельчук Байрактар

Бирок ал арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Тажикстандын “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын сатып албаганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тажик тарап “Байрактарды” чыгарган түркиялык ишкана менен келишим түзгөн эмес.

“Ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап “Байрактар” учактарын чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка ушуга окшогон түркиялык өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз”,-деп айтылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Бир сутка бою асманда учуп жүрө алат. “Байрактар” учагына кыскача мүнөздөмө

Байрактар ​​TB2 Түркияда иштелип чыккан сокку уруучу тактикалык учкучсуз учуучу аппарат. Саатына 200 км.ге чейин ылдамдыкта, 8 км.ден ашык бийиктикке уча алат. «Байрактар» абадан бомбаларды көздөгөн жерине так тийгизип, танкаларга каршы пульт менен башкарылуучу ракеталарды таштайт. Ал бир сутка бою асманда учуп жүрө алат.

Бул дронго “Байкар” деп аталган чалгындоо жана сокку уруучу учкучсуз учактарды чыгарган компаниянын негиздөөчүсү Оздемер Байрактардын аты берилген.

✓ Узундугу – 6,5 метр;

✓ Жүк көтөрүмдүүлүгү – 55 кг.;

✓ Максималдуу учуу салмагы – 650 кг.;

✓ Канаттарынын узундугу – 12 метр;

✓ Максималдуу ылдамдыгы – 222 км / саат;

✓ Круиздик ылдамдыгы – 130 км / ч;

✓ Диапазон – версияга жараша (биринчи версиясы 150 км, жаңыланган версиясы 300 км);

✓ Асманда учуу убактысы – 24 саат;

✓ Бийиктик – 8200 метр бийиктикте уча алат.

Казакстандын Тажикстанга курал берүү демилгеси…

2021-жылдын 28-апрелинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чырынан чыккан куралдуу кагылышуу, мурдагы атышуулардан алда канча күчтүү болду. 4 күн катары менен атышуу тынбай, 1-майдан кийин гана токтогон. Расмий маалыматтар боюнча бул кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Жүздөгөн турак жана соода жайлары, социалдык объектилер талкаланган. Ал эми Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.

Ушул каршылашкан кармаштан аз өтпөй, тактап айтканда, 2021-жылдын 8-июнунда, Казакстандын расмий бийлиги Тажикстанга аскердик акысыз жардам берери жөнүндө маалымат тараткан. Анда казак Коргоо министрлиги тажик армиясына 3 миллиондон ашуун даана курал берүүгө негиз болчу атайын мыйзам даярдалып жатканын жарыялаган. Бул жаңылык коомчулукта түрдүү талкууларга жем таштаган. Ошондон кийин казак коргонуу мекемеси ушундай эле жардам Кыргызстанга да берилерин кабарлаган.

Казак бийлиги тажик тарапка берилчү курал-жарактардын документи: «тажик-ооган чек ара аймагында коопсуздукту камсыздоодо аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн келишимин ратификациялоо» деп аталат. Ал келишимге 2021-жылы 12-июлда Нур-Султанда кол коюлган.

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуулар көнүмүш адатка айландыбы?

Тажикстан армиясы акыркы жылдарда Орусия, Кытай, АКШ, НАТО жана Евробиримдиктен аскердик жабдууларды алган. Албетте, алар Ооганстандагы кырдаалдан улам, ал жактан жаралган кооптонуу күчүн азайтуу максатында беришүүдө.

Чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен болгон куралдуу чыр-чатактар тез-тезден катталып жаткан жылдары, жардамга барган ал куралдар кези келсе, карапайым кыргызстандыктарга атылышы толук ыктымал. Анткени өткөн жылдын апрель айынын аягы, май айынын башындагы Тажикстандын Кыргызстанга карата куралдуу агрессиясы учурунда, алардын аскерлери карапайым кыргыз жарандарын атып өлтүрүп, жүздөгөн турак-жайларын талкалаган факт буга далил боло алат.

Бирок, эки өлкөнүн бири-бирине курал колдонуулары көнүмүш адатка айланып калды. Бул албетте жакшылыкка алып барбайт.

Чек арада качан ок атылбай калат?

Албетте, тараптар чек ара маселеси боюнча бир пикирге келип, делимитация жана демаркация иштери бүткөндө гана чек арада ок атылбай калат. Бирок ал иштердин аягы азырынча көрүнбөйт. Анткени акыркы отуз жылда чек ара боюнча эки өлкөнүн атайын комиссияларынын жүздөгөн отурумдары болгону менен маселеге эмдигиче акыркы чекит коюла элек.

2022-жылдын 14-майында Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери Душанбе шаарында эки тараптуу дагы жолугушуу өткөрдү. Анда башкы дипломаттар 13-майда КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында да жолугушуп, кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана деморкациялоого байланыштуу маселени чечүүгө даяр экенин ырасташып, топографиялык жумушчу топтун жолугушуусун улантуу маанилүү экенин белгилешкен. Мындан сырткары алар эки өлкөдөгү консулдук чөйрөнүн маселелерин, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону талкуулап, жакынкы келечекте жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган. 2021-жылдын май айынан бери чек араны тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени айтылган. Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Материалды даярдаган Асанбек Пазыл

Комментарий жиберүү