Путиндин Бишкекке келери күтүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат.

Бул тууралуу Орусиянын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

“Президент Владимир Путин май айында Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат, бирок форматы каралууда”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 26-майында Бишкекте “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген темада Евразия экономикалык форуму өтөт.

Дүйнөлүк экономикада жана эл аралык соодада терс өзгөрүүлөр болуп жатканына байланыштуу форум ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бизнес чөйрөлөрү үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Форумдун программасы Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын катышуусу менен пленардык жыйынды, ошондой эле панелдик талкууларды камтыйт.

Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилери, Биримдиктин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык форуму – ЕАЭБтин жыл сайын өтүүчү экономикалык чөйрөдөгү бизнес-иш-чарасы, ЕАЭБ мамлекетинде Биримдиктин органдарына быйыл КР төрагалык кылат.

Комментарий жиберүү