Кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду

Бүгүн, 11-мартка караган түнү саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 20 мүнөткө созулган атышуу болгон.

Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде Тажикстандын чек арачылары жолдон өтүп бара жаткан унааларга таш ыргыткан. Кыргызстандын чек арачылары таш ыргытууну токтотууну талап кылышкан. Бирок, тажик чек арачылары уккан эмес. Кыргыз чек арачылары асманга эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан.

Бул учурда аталган аймакта кызмат өтөгөн Тажикстандын дагы бир чек ара отряды кыргыз чек арачылары турган байкоочу мунарага ок чыгарган. Атышуу 20 мүнөттөй созулуп, саат 03:10до токтогон.

УКМК кыргыз тараптан жабыркагандар жок экенин билдирди. Маалыматта чыр-чатактын курчуп кетпеши үчүн эки тараптын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң окуя болгон жерде жолугушуу өткөрүшкөнү айтылат.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-мартта да болжол менен саат 10:50 чамасында Баткен районундагы Тескей деп аталган жерде чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, кыргыз чек арачыларынын бул жактан кетишин талап кылышкан.

Тажик чек арачыларына кошумча күчтөр келип кошулуп, сандык үстөмдүккө салып, жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан.

Бирок, кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин ниетин ишке ашырууга жол беришкен эмес. Натыйжада 10 мүнөткө созулган ок атышуу болгон. Бактыга жараша кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон эмес.

Дароо эле эки тараптын чек ара өкүлдөрү телефондон сүйлөшүп, натыйжада чыр-чатак болгон жерден чек ара кезметтерин эки тарап алып кетүүнү жана кошумча күч жана каражаттарды алып келбөөнү макулдашышкан.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында жайгаштырылган аскер бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Комментарий жиберүү