Башкы чөйчөктө 7,9 млрд куб суу калды

14-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөнкү деңгээлге жетти. Бүгүнкү күнгө карата көрсөткүч 7 млрд 944.67 кубду түзүүдө. Бул соңку жылдардын ушул мөөнөтүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч.

«Электр станциялары» ишканасынын маалыматы боюнча, учурда сактагычка суунун орточо агып келиши секундасына 164 метр куб, агып чыгышы 209 метр куб болууда. Өткөн жылы март айында суу сактагычтагы суунун көлөмү 9,3 млрд метр кубду түзсө, 2020-жылы — 12,3 млрд метр кубду түзгөн.

2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске кептелген.

Былтыр ноябрдын соңунда энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр кубатын пайдалануу өсө турганы эске алганда, 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд куб метрге чейин азая турганын айткан. Андан дагы төмөндөсө ГЭС иштебей калышы ыктымал.

Комментарий жиберүү