Кыргызстан Орусия менен КРга дан азыктарын жеткирүү маселесин сүйлөшүүдө

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында «Бириккен дан компаниясы» ААКнын башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту.

Тараптар Орусиядан Кыргызстанга дан азыктарын жеткирүү, мындай ташып келүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн жана Кыргыз Республикасындагы «Бириккен дан компаниясы» ААК филиалынын ишин илгерилетүү боюнча биргелешкен кадамдарды таштоо маселесин талкуулашты.

«Бириккен дан компаниясы» – дүйнөлүк рынокто орус дан азыктарынын экспорттук потенциалын ишке ашырууну камсыз кылуучу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору.

Аталган компания өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салым кошуп, Орусиядагы дан азыктарынын эң ири 5 экспорттоочусунун катарына кирет.

Комментарий жиберүү