Суу кризиси: Кыргызстанда 50 суу сактагыч куруу пландаштырылууда

Жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанда 50  сезондук  (10 күндүк) сууну жөнгө салуучу бассейндерди (БДР) жана суу сактагычтарды куруу пландаштырылууда. 

Бул тууралуу 4-мартта өткөн пресс-турда КР Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, башкармалыктын алдында сууну үнөмдөө жана топтоо жана калктын ага болгон керектөөсүн канааттандыруу боюнча бир катар милдеттер турат. Бул үчүн дээрлик ар бир дарыяга суу топтоо үчүн бассейндер курулат.

«Биринчи милдет – фильтрацияны кыскартуу жана суу берүүнүн темпин жогорулатуу, экинчиси – аны талааларга керектүү өлчөмдө берүү.

Бүгүнкү күндө 1 млн. гектар жердин 260 миң гектары гана суу сактагычтардан сугарылат, ошондуктан калган жерлерди камсыз кылуу үчүн жакынкы жылдарда сезондук суу бөлүштүрүүчү бассейндерди куруу зарыл», – деди Сокеев.

Ал белгилегендей, быйыл Нарында жана Ысык-Көлгө үч БДР, ал эми Кытай грантынын эсебинен Чүй облусунда үчөө курулат: Ак-Сууда (Москва району), Шамшыда (25 млн. куб) жана Ашмара (10 млн. куб.м. Панфилов району) дарыяларында.

Он күндүк бассейндер кышында суу топтоо, керек болгон учурда, башкача айтканда, сезондо айдоо аянттарын сугаруу учун керек. Ошондуктан алар сезондук (декада) деп аталат.

«Бул алты долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттар аныкталып, жакын арада алардын курулушу башталары күтүлүүдө.

Үч БДРдин, Чыгыш БЧКнын, Р-12, Түштүк БЧКнын, ошондой эле Чүй каналын айланып өтүүчү ГЭСтердин курулушуна Кытай тарабынан бекер берилген гранттын жалпы суммасы 907 миллион юань, же 13 миллиард сомду түзөт.

Аларды Кытайдан келген компания ишке ашырат. Бардык документтер даяр жана кытай тараптын текшерип, бекитүүсү күтүлүүдө», – деди бөлүм башчы.

Алардын бири (БДР) Москва районундагы Ак-Суу дарыясында жайгашат. Анын кубаттуулугу 4,8 миллион кубометрди түзөт. Ал облустун калкынын бардык муктаждыктарын камсыздайт.

Москва районундагы Ак-Суу дарыясынын жээгинде курула турган жаңы БДРдин схемасы

Москва районунун Аксай айылдык кеңешинин башчысы Курманалиев Алтынбектин айтымында, БДРди курууга 35 гектар жер бөлүнүп, КР өкмөтү менен макулдашылган.

«Бул сезондук бассейндин курулушу жергиликтүү дыйкандардын 2 миң гектардан ашык жерин сугат суу менен камсыз кылып, облустун айыл чарбасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп ойлойм», – дейт Курманалиев.

Мындан тышкары, Сокеевдин айтымында, өлкөнүн түштүгүндө Баткен облусунун Лейлек районундагы Тажикстанга агып кетүүчү Козу-Баглан дарыясында 8,7 миллион метр куб суу топтоочу суу сактагычты куруу боюнча иштер жүрүп жатат. 

Сууну эсепке алуу жана бөлүштүрүүнү автоматташтыруу

Алмазбек Сокеевдин айтымында, агенттиктин үчүнчү багыты – сууну эсепке алуу жана аны бөлүштүрүүнүн автоматтык системасын киргизүү. Бүгүнкү күндө суу кол менен берилип жатат, башкача айтканда, адам фактору болуп, тил табышуу менен аны адилетсиз бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Сууну бөлүштүрүү күтүлгөндөй болушу үчүн контролдук пункттар түзүлөт, ал жерде жөнгө салуу автоматтык түрдө ишке ашат.

Батыш Чоң Чүй каналы 

“Ошондой эле, бүгүнкү күндө суу менен камсыз кылуу үчүн накталай эмес төлөм киргизилүүдө – бул товар эмес, бирок, аны жеткирүү кызматы үчүн акы алынат. Биз аны суу пайдалануучулар ассоциациясына жеткиребиз, алар таратып беришет.

Бирок, төрт райондо: Түп (Ысык-Көл), Кемин жана Чүй (Чүй облусу) жана Талас (Талаа облусу) райондорунда пилоттук долбоор ишке ашырылып, анын алкагында аны жеткирүү түздөн-түз жүргүзүлөт. Түшкөн каражат ирригациялык системаларды оңдоого жумшалат”, – деди Сокеев.

Ирриграция үчүн миллиард

Быйыл жерди суу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды оңдоого өкмөт тарабынан 1 миллиард сом бөлүнгөн.

КР Айыл чарба министрлигинин Суу чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык жумуштарды жүргүзүүдө ирригациялык системалардын начарлашынан улам ири көлөмдөгү суунун коромжуга учурап келгени катталган.

Каналдарды тазалоо иштери жүрүп жатат 


Сокеевдин айтымында, бул жылдар аралыгында чарба ичиндеги тармактарды оңдоо чет элдик жана эл аралык донорлордун эсебинен жүргүзүлүп келген, эгерде алардын жардамы болбосо, алар мындан да начарлап кетмек. Эми биз өзүбүздүн акчабыз менен жасайбыз деп жатабыз.

Каналдарды чоң масштабда тазалоо

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө суунун өткөрүмдүүлүгү жогорулатуу максатында Чүй облусунун аймагындагы БЧКда массалык тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. 

Тазалоодон тышкары, каналдардын айрым участокторун бетондоо менен бекемдөө да каралган. Бирок, мындай иштер белгилүү аралыктарда гана жүргүзүлөт. Каналдардын көбү топурак.

Адистердин айтымында, мындай масштабдуу тазалоо иштери акыркы 15-20 жылда биринчи жолу болуп жатат.

“Бул өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, өз кезегинде дыйкандардын сугат жерлерин сугарууга болгон муктаждыгын камсыз кылат жана канааттандырат. Буга чейин 10 куб метр суу өткөн болсо, мындан кийин 14 куб метр өтөт”, – дейт Чүй районунун суу бассейнинин башкы башкармалыгынын инженери Данияр Икрамов.

Каналдарды жана суу сактагычтарды тынымсыз тазалоо үчүн өлкөгө Кытайдан атайын амфибиялык унаалар алынып келинет. Буга чейин аны сатып алуу тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирген.

«Мындай эки унаа алып келебиз, бири кичине, бири чоң. Алардын натыйжалуулугун текшерүү үчүн биринчисин каналдарды тазалоо үчүн, чоңун суу сактагыч үчүн ишке киргизебиз. Эгерде унаалар менен коюлган милдеттер жакшы аткарылса, калган төртөөнү алып келебиз», – деди Суу чарба агенттигинин директору Алмазбек Сокеев.

Кудуктарды калыбына келтирүү

Сугат каналдарына жана арыктарга толук кандуу жана кошумча суу келүү үчүн бүгүнкү күндө совет доорунда түзүлгөн, бирок Союз тарагандан кийин таланып-тонолуп, талкаланган суу кудуктарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Панфилов райондук суу чарба башкармалыгынын оңдоо-курулуш бөлүмүнүн башчысы Татьяна Зайкинанын айтымында, каналдын жээгинде насостук скважиналарды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Анын узундугу дээрлик 7 чакырымды т үзөт. Бул жерде алты насостук скважина бар, аларды пайдалануу, анын ичинде каналдын деңгээли төмөн болгон учурда аны толтуруу да пландаштырылып жатат.

«Бул каналдын жардамы менен 4 миң гектардан ашык жер сугарылат. Негизинен бул жерде көп жылдык чөптөр, кызылча, жүгөрү өстүрүлөт», – деп кошумчалады Зайкина.

Комментарий жиберүү