Ташиев: Чек ара кызматына берилген жаңы аскердик техниканын көбү Баткенге жөнөтүлөт

УКМКнын Чек ара кызматына берилген жаңы аскердик техникалардын көбү Баткен облусуна жөнөтүлөт. 

Бул тууралуу аталган комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

Ал былтыркы 40 брондолгон унаа Бириккен Араб Эмиратынан сатып алынганын, быйылкы аскердик техникалар Орусиядан алынып келингенин белгилеп өттү.

УКМКнын төрагасы мындан тышкары курал-жарактар, ок-дарылар да алынып, күч түзүмдөрдү камсыздоо аракеттери көрүлүп жатканын, өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 млрд сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөнүн айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта Бишкектин борборунда Кыргызстан сатып алган аскердик техникаларды УКМКнын Чек ара кызматына жана ӨКМге тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров, УКМК жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев катышты.

Комментарий жиберүү