Бишкекте ири эл аралык өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкекте 23-марттан 1-апрелге чейин «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» ири өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирет.

Программа эки бөлүктөн турат: көргөзмө жана жарманке.

Көргөзмө Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкө-мүчөлөрүнүн катышуусунда 23-марттан 25-мартка чейин өтөт.

Анда меймандар курулуш, дизайн жана интерьер, транспорт жана логистика, лизинг, энергетика, өрт жна техникалык коопсуздук тармактары, ошондой эле, банк, камсыздандыруу компанияларынын кызматтары менен тааныша алат.

Көргөзмөнүн жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

«Көргөзмөнүн максаты – ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукцияларды жана кызматтарды ички, тышкы рыноктордо алдыга жылдыруу, Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык, илимий- техникалык, маданий өз ара кызматташууну илгерилетүү болуп эсептелет», – деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөдөн соң 26-марттан 1-апрелге чейин элдик колдонуудагы товарлардын жарманкеси өтөт.

Меймандарга эмерек, тамак-аш, суусундук, бал продукциясын, тиричилик буюмдарды, жеңил өнөр-жай өндүрүмдөрүн өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз, базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Көргөзмө-жарманке «АЮ-Гранд» соода-борборунда өтөт.

Иш-чаранын алкагында Бизнес-акыйкатчы Институту маалыматтык сессия өткөрөт. Темасы: «Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы”.

Бардык каалоочулар бул сессияга 24

Бишкектеириэларалыкөнөр-жайкөргөзмө-жарманкесиөтөт

 37 Категория: Картина дня – Published: 14/03 – 16:16

БИШКЕК, 14-март. — Eurasia Today. Бишкекте 23-марттан 1-апрелге чейин «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» ири өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирет.

Программа эки бөлүктөн турат: көргөзмө жана жарманке.

Көргөзмө Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкө-мүчөлөрүнүн катышуусунда 23-марттан 25-мартка чейин өтөт.

Анда меймандар курулуш, дизайн жана интерьер, транспорт жана логистика, лизинг, энергетика, өрт жна техникалык коопсуздук тармактары, ошондой эле, банк, камсыздандыруу компанияларынын кызматтары менен тааныша алат.

Көргөзмөнүн жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

«Көргөзмөнүн максаты – ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукцияларды жана кызматтарды ички, тышкы рыноктордо алдыга жылдыруу, Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык, илимий- техникалык, маданий өз ара кызматташууну илгерилетүү болуп эсептелет», – деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөдөн соң 26-марттан 1-апрелге чейин элдик колдонуудагы товарлардын жарманкеси өтөт.

Меймандарга эмерек, тамак-аш, суусундук, бал продукциясын, тиричилик буюмдарды, жеңил өнөр-жай өндүрүмдөрүн өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз, базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Көргөзмө-жарманке «АЮ-Гранд» соода-борборунда өтөт.

Иш-чаранын алкагында Бизнес-акыйкатчы Институту маалыматтык сессия өткөрөт. Темасы: «Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы”.

Бардык каалоочулар бул сессияга 24 -мартта «Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» алкагында катыша алат.

-мартта «Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» алкагында катыша алат.

Комментарий жиберүү