Коронавирус боюнча расмий катталгандардын саны 200 миңден ашты

Кыргызстанда акыркы 24 сааттын ичинде 46 адамдан коронавирус аныкталып, үч бейтап каза болду.

Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери илдетти жуктургандардын расмий катталган жалпы саны 200 миң 66га жетти. Ал эми жалпы 2930 адам каза тапты.

Акыркы суткада 236 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 192 миң 971 киши болду.

Учурда илдеттен стационарларда 485 бейтап, үй шартында 2119 адам дарыланууда.

Белгилей кетсек, январь айынын башында Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын жарыялаган.

Комментарий жиберүү