Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,3 млрд куб метрге чейин азайды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 22-фералга карата 8 млрд 339 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы жазды.

Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 151 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 469 куб метрге жетүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык каатчылыкка кептелген.

Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Кыргыз бийлиги Токтогулдагы суунун деңгээлин кызыл чекке жеткирбей кармап турууга аракет көрүп келет. Эгер суунун көлөмү 5,5 млрд куб метрге түшүп кетсе, анда ГЭС иштебей калышы ыктымал. Ошондктан, Улуттук энергохолдинг маал-маалы менен жашоочуларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып келет.

Комментарий жиберүү