Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Пайгамбарлар арасында үстөмдүктөрү болгон жана «улу’л-азм» деп аталган алты пайгамбардын үчүнчүсү. Аллаху таала менен сүйлөшкөндүгү үчүн «Калимуллах» делген. Бани Исраилге келген. Якуб алейхиссаламдын урпагынан чыккан. Харун алейхиссаламдын бир тууганы. Атасынын аты Имран. Энесинин аты Нужайб же Нажия же Юхабил. Хазрети Юсуфтан кийин Мысырда Исраил уулдары абдан көбөйүштү. Булар Хазрети Якуб жана Хазрети Юсуф билдирген динге ишенишип, буйруктарын орундап жашашчу эле. Мысырдын жергиликтүү эли Кыбти коому болсо жылдыздарга, буттарга сыйынышчу жана Исраил…
Прочитайте большеМАКАЛАЛАР
Адам алейхиссалам
Жер бетинде жаратылган алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар, бүткүл адамзаттын атасы. Адам алейхиссалам жаратылуудан мурда бүткүл ааламдар жана ал ааламдардагы нерселер “Алам-и малакут” делген бүткүл рухтар, “Алам-и мүлк” делген материалдык ааламында да Арш азам, курси, Жаннат, Жаханнам, жети кабат асман жана башка барлыктар, периштелер жана жиндер жаратылган эле. Аллаху таала периштелерине асманды, жиндерге болсо жер жүзүн мекен кылды. Жиндер жер бетинде көп убакыттар жашашты (бир риваят боюнча алтымыш миң жыл). Кийин араларында көралбастык жана азгындоо…
Прочитайте большеЭне-атага кызмат
Ыймандан кийинки биринчи вазыйпабыз – эне-атанын көңүлүн оорутпоо. Алар канчалык жаман болсо дагы бардык нерсенин үстүндө акылары бар. Алардын көңүлүн ооруткан адамдын ибадаты кабыл болбойт. Мусулман болуп туулуубузга жана мусулман болуп чоңойуубузга себепчи болгон эне-атабыздын көңүлүн оорутсак Жаннатка кирүүнү ойлой алабызбы? Мусулман эне-атабыз бизден ыраазы болмоюнча Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болуубуз өтө кыйын. Жакшылык кылып, алардын ыраазылыгын алууга аракет кылуу керек! Аллаху таала: «Эне-атага жакшылык кылгыла», – деп буюрууда. (Ниса 36, Энам 151, Анкебут 8) Хадиси шарифтерде дагы буюрулду: «Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү…
Прочитайте большеЖактырбаган нерсебиз балким биз үчүн жакшы чыгар
Суроо: Жакындарыбыздан бири кайтыш болсо башыбызга каза келет. Сабыр кылбоо күнөөбүү? ЖООП Дүнүйө кыйынчылыктардын үстүнө курулган. Сабыр кылуудан башка чарасы жок. Үч сабыр өтө сүйүктүү: күнөө кылбоого сабыр, азап жана кайгыларга сабыр. Баласынын өлүүсү, мал-мүлкүнүн колунан чыгуусу жана көз, кулак сыяктуу органдардын көрбөөсү жана укпоосу сыяктуу адамдын каалоосу менен башланышы болбогон кайгыларга сабыр кылуудан да жогору сабыр жок. Азаптарга сабыр кылуу – бул сыддыктардын даражасы. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле: “Йа, Рабби, азаптар…
Прочитайте большеОрозо айынын болжолдуу датасы белгилүү болду
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мусулмандардын Орозо күнүнүн болжолдуу башталыш күнүн аныктады. Бул тууралуу Kaktus Media порталы КМДБнын басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, быйыл ыйык Рамазан айы 13-14-апрелде башталат.КМДБ ошондой эле болжолдонгон күн өзгөрүшү мүмкүн деп белгиледи. Акыркы чечим дин кызматкерлери айдын жаңыруу абалын белгилегенден кийин кабыл алынат.Рамазан – мусулмандар үчүн ыйык орозо айы жана исламдын беш түркүгүнүн бири. Орозодо күндүзү орозо кармагандар жегенден, суу ичкенден жана башка суусундуктардан, тамеки жана жыныстык жакындык…
Прочитайте большеБүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын (с) түнкү саякатынан алынчу сабактар
Биздин замандын 620-жылы Ражаб айынын 27сине караган түнү Пайгамбарыбыз Мухаммед (с) керемет түнкү саякатка чыккан. Пайгамбарыбыз Меккеден Иерусалимге (Аль-Кудс) алып келинип, андан ары жогору көтөрүлгөн. Бүгүн, 10-марттан 11-мартка караган түнү “Аль-Исра валь-Мираж” деген ат менен белгилүү дал ушул керемет түнкү саякат орун алган. Ыйык Куранда бул тууралуу “Исра” сүрөсүнүн 1-аятында мындай деп айтылат:“Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Акса мечитине, түн ичинде пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал – Угуучу, Көрүүчү!”…
Прочитайте большеМираж түнү
Ражаб айынын 27-түнү. Мираж “тепкич, баскыч” деген маанини билдирет. Расулуллах асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн. Меккенин эли ыйман келтирбей, мусулман болгондорго көп азап кылган жылдар эле. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын көңүлү ооруган эле. Бул окуя кезинде хижраттан бир жыл мурда, элүү эки жашта болчу. Зейд бин Харисти жанына алып, Таифке барат. Таиф калкына бир ай вааз-насыят айтып, ыйманга чакырат. Эч ким ыйман келтирбей, аны маскара кылышыт. Ыйык денесин жаралап, азап көрсөтүшөт. Өздөрүнө Аллахтан…
Прочитайте большеИсламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу
Коомдо көпчүлүгү “жихад” десе “согушуу”, “согушка аттануу” дегенди түшүнүшөт. А чындыгында, “жихад” – өтө терең маанини камтыган түшүнүк. Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен жихад тууралуу так жана кенен маалымат ала аласыздар. “Жихад” араб тилинен которгондо “күч-аракет” деген маанини билдирет, исламда Аллахтын жолундагы күч-аракетти түшүндүрөт. Ал эми араб тилинде “жихад” сөзү ар кандай күч-аракетти, жумуштагы, окуудагы, жана башка ушул сыяктуу иштердеги күч-аракеттерди түшүндүрөт. Адатта “жихад” сөзү коомдо массалык маалымат каражаттарынын айынан…
Прочитайте большеШабан айы
Динибиз тарабынан билдирилген ыйык айлардын экинчиси – Шабан айы. Аллаху таала кулдарына өтө мээримдүүлүк кылгандыгы үчүн, жада калса, эненин баласына деген мээриминен да артык мээримдүү болгондугу үчүн кээ бир күндөр менен кээ бир айларды касиеттүү кылган. Бул ыйык айлар менен күндөрдөгү ибадаттарга, жакшылыктарга өтө көп сооп бере тургандыгын билдирген. Ошондуктан, бул күндөрү тообо кылып, истигфар айтуу керек, дуба кылып, жалбаруу керек, бул күндөрдү чоң мүмкүнчүлүк деп билүү керек. Биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгон касиеттүү айлардын…
Прочитайте большеБүгүнкү күнү кылынып жаткан бидаттар
Суроо: Бүгүнкү күндө кылынып жаткан бидаттар эмнелер? ЖООП Ибадаттарга бир нерсе кошуу – бидат. Динибиз кемчиликтүү эмес. Аллаху таала жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам динде бир нерсени кем таштап койгонсуп мындан да жакшысын биз кылышыбыз керекпи? Ибадатка бидат аралаштыруу Аллаху тааланын дининде кемчилик издөө, койгон өкүмдөрүн жактырбагандык жана динди өзгөрткөндүк болот. Мисалы, шам намазынын 3 рекет фарзынын ордуна дагы көбүрөөк ибадат кылуу үчүн 4 рекет кылуу – бидат, намаз кабыл болбойт. Таспих тартууда 33 ордуна сооп болсун деп 40 же андан көп тартуу бидат болот. Ал…
Прочитайте большеКасиеттүү үч айлар
Бул касиеттүү айлар – Ражаб, Шабан жана Рамазан айы. Касиеттүү айларга урмат көрсөтүү күнөөлөрдөн алыстоо жана ибадаттарды орундоо менен болот. Бул касиеттүү айларда убада кылынган соопторго жетүү үчүн баарынан мурда итикадды (ишенимди) түздөө керек. Илмихал маалыматтарын үйрөнүп, жашообузду мына ушуларга шайкеш абалга келтиришибиз керек. Көп тообо жана истигфар кылып, казага калган намаздардын казаларын дароо окуп баштоо керек. Ражаб айынын биринчи Жума түнү – Рагаиб түнү. Бул түнгө урмат кылгандар кечирилет. Ражаб айынын ар түнү кадырлуу. Ар Жума…
Прочитайте большеРагаиб түнү
Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет. Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп…
Прочитайте большеСахабалар: “Пайгамбарыбыз өтө сулуу адам болгон”
Азирети пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) сүйкүмдүү, жүзүнөн жылдызы, нуру төгүлүп турган жан болгон экен. Анын турган турпатына, кебетесине, көрүнүшүнө окшош эч ким жаралган эмес, жаралбайт да. Алланын акыркы элчисинин нур тамылжыган жүзүн жана рухий ааламын аңдап-түшүнүү ашкере кыйын. Бул жагдай туурасында имам Куртуби:“Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жүзүнүн жамалы толук көрүнгөн эмес. Эгерде анын ай жамалы, аруулугу, сулуулугу толук көрүнгөн болсо, пайгамбарыбызды тик кароого сахабалардын дарамети жетмек эмес”, -дейт. Чынында да пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары…
Прочитайте большеСалттуу ислам барбы?
Шамиль Рифатович Аляутдинов, диний үгүтөөчү, Москва мемориалдык мечитинин имамы, Россия федерациясынын ДУМЕР илимий-уламалар кеңешинин жетекчиси, белгилүү окумуштуу-улама, ислам боюнча 30га жакын китептердин автору, Ыйык Куранды биринчи жолу орус тилине которуп, «Жан дүйнөнүн тынчтыгы», «Уулума белек», «Мусулмандын укуктары», «Триллионер угуп жатат» китептери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө популярдуу болгон. Эл аралык ислам академиясынын жана «аль-Азхар» университетинин ислам укугу факультетинин бүтүрүүчүсү. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын талап кылынган, ардактуу коногу. Бишкек шаарына келген учурда, биздин журналга эксклюзивдүү интервью…
Прочитайте большеБелгилүү харамдар
Себепсиз адам өлтүрүү. Зина кылуу. Ливата кылуу. (Бул бардык динде харам. Аналдык катнаш) Шарап жана башка бардык алкоголдук ичкиликтерди ичүү. (Пиво ичүү харам.) Уурулуккылуу. Көңүл ачуу максатында наркотикалык зат колдонуу. Башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу. Жалган күбө берүү. Рамазан айында орозо кармаган адамдардын алдында себепсиз тамак ичип-жеш. Пайыз алып-берүү. Көп ант ичүү. Эне-атага каршы келүү. Махрам жана салих тууганын зыярат кылбоо. Согушта душманды көрүп качуу. Жетимдин мал-мүлкүн адилетсиз жеш. Таразасы жана өлчөм каражаты менен туура…
Прочитайте больше