Жактырбаган нерсебиз балким биз үчүн жакшы чыгар

Суроо: Жакындарыбыздан бири кайтыш болсо башыбызга каза келет. Сабыр кылбоо күнөөбүү?

ЖООП

Дүнүйө кыйынчылыктардын үстүнө курулган. Сабыр кылуудан башка чарасы жок. Үч сабыр өтө сүйүктүү: күнөө кылбоого сабыр, азап жана кайгыларга сабыр.

Баласынын өлүүсү, мал-мүлкүнүн колунан чыгуусу жана көз, кулак сыяктуу органдардын көрбөөсү жана укпоосу сыяктуу адамдын каалоосу менен башланышы болбогон кайгыларга сабыр кылуудан да жогору сабыр жок. Азаптарга сабыр кылуу – бул сыддыктардын даражасы. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле:

“Йа, Рабби, азаптар мага жеңил боло тургандай йакиин бер!” [Тирмизи]

Бир адам: “Эй, Аллахтын Расулу, малым жок болду, акчам жок болду, денем оорукчан болду”, – дейт. Ал адамга мындай деп буюрду:

“Малы жок болбогон, акчасы бүтпөгөн жана оорубаган адамда кайыр жок. Себеби, Аллаху таала сүйгөн кул азапка дуушар болот.” [Абу Давуд]

Ибни Мубарек хазреттери буюрду:

-Кайгы бир. Кайгы-касрет келген адам кыйкырып, ыйлап-сыздаса эки болот. Бири кайгынын өзү, экинчиси сооптун кетүүсү. Экинчиси биринчисинен да чоң. Сабыр кылган адамдарга берилген сооптун санын Аллаху тааладан башкалар билбейт.

Шакик-и Балхи хазреттери буюрду:

-Кайгыга сабыр кылбай кыйкырган адам Аллаху таалаган каршы келген болот. Ыйлап-сыздоо кайгы жана азапты артка кайтарбайт.

Кул дайыма напсине жаккан же жакпаган бир иштен айры болбойт. Экөөндө тең сабырга муктаж. Мал, жакшылык, мартаба, ден-соолукка жана ушуга окшош нерселерде өзүн кармабастан бул жакшылыктарга батып, көңүлүн буларга байлай турган болсо жана дйыма ушундай жүрө берсе анда жакшылыктарга ого бетер чөмүлүү, четен чыгуу пайда болот. “Баары кайгыга чыдайт, бирок, сыддыктардан башка афиййатка сабыр кылгандар өтө аз”, – деп айтышкан. Асхаб-ы кирам: “Кайгы жана кыйынчылык ичинде болгон кезде сабыр кылуу бүгүнкү жакшылык жана байлыктарга сабыр кылуудан жеңил эле”, – дешкен. Ошон үчүн Аллаху таала: “Мал-мүлк жана балдарыңар бир гана сыноо үчүн”, – деп буюрду. Жакшылыкка сабыр – көңүлдү ага байлабоо, ага кубанбоо болуп эсептелет.

Жакшы амалдарды аткаруу сыяктуу өз каалоосу менен боло турчу нерселерде да сабырга муктаждык бар. Себеби, ибадаттардын намаз сыяктуу бир бөлүгү жалкоолуктан, зекет сыяктуу кээ бирлери сараңдыктан, ажылык сыяктуу кээ бирлери болсо эки себептен улам орундоо кыйын болот жана сабырсыз аткарылбайт. Ар бир жакшы амалдын башында, ортосунда жана акырында сабырга муктаждык бар. Башында болгон ниетти ихлас менен кылуу, рияны көңүлдөн чыгаруу керек. Булар оор. Ибадат учурунда сабыр кылуу болсо шарт жана адептерин эч бир нерсе менен аралаштырбоо болуп саналат. Мисалы, эгер намазда болсо эч бир тарапка карабоо, эч нерсе ойлонбоосу керек. Ибадаттан кийинки сабыр болсо кылган нерсесин көрсөтүүдөн, айтуудан качуу жана муну менен ужб кылуудан (кылган ибадаттарын жактыруудан) сабыр кылуу болуп саналат.

Күнөөлөргө келе турган болсок сабыр кылбастан андан колду тартуу мүмкүн эмес. Шахват канчалык кубаттуу жана күнөө кылуу канчалык жеңил болсо ал күнөөнү кылбоого сабыр кылуу да ошончолук кыйын болот. Ошондуктан, тил менен кылынган күнөөлөргө сабыр кылуу дагы да оор. Себеби, тилдин кыймылы жеңил. Анын үстүнө көп сүйлөй турган болсо адат болуп калат. Тилдин учуна келип, башкаларга өзүн жакшы көрсөтө турчу бир сөзгө сабыр кылуу кыйын болот.

Адамдардын колу менен болбосо тили менен кыйынчылык тарттыруулары сыяктуу өз ыктыяры менен болбогон , бирок, каршылык берүүсү өз ыктыяры менен болгон нерселерде каршылык бербөө үчүн же каршылык берүүдөн чектен чыкпоодо да сабырга муктаждык болот.

Асхаб-ы кирам: “Биз адамдардан келе турчу кыйынчылыктарга чыдаган ыйманды ыйман деп эсептечү эмеспиз”, – деп айтышкан. Аллаху таал Пайгамбарыбызга: “Алардын кыйынчылыктарына алдырба жана тобокел кыл”, – деп буюрууда. (Ахзаб 48)

Тагдырда болгон нерсе башка келет, эгер сабыр кыла турган болсо сыйлыгын көрүлөт. Сабыр кылынбай, ызы-чуу кылынса күнөөгө кирилет жана тынчтык кетет. Кыйынчылык канча ачуу болсо дагы сабыр кылына турган болсо жакшылык боло тургандыгы билдирилген. Курани каримде мындай мааниде билдирилет:

“Жактырбаган нерсеңер силердин жакшылыгыңарга, жактырган нерсеңер да жамандыгыңарга болушу мүмкүн. Силер билбейсиңер, Аллах билет.” [Бакара 216]

Хадиси шарифтерде да буюрулду:

“Момун адам шамал менен чайпалган буудайдын машагы сыяктуу жыгылып – турат. Туура тургусу келгенде жыгылат. Фажир адам болсо карагай сыяктуу кесилгенге чейин дайыма тик турат.” [Бухари]

“Үч күн ооруп жаткан момун жаңы туулгандай күнөөдөн тазаланат.” [Эбушшейх]

“Жырткыч айбан сыяктуу оорубоону жана кайгырбоону каалап жатасыңарбы?” [Байхаки]

“40 күн ичинде момунга кайгы, бир оору же бир коркуу, же мал-мүлкүнө зыян келет” жана “Момунда 3 нерседен бири болот: Кыллет, иллет жана зыллет.”(К.Саадат) [Кыллет – кедейлик, Иллет- илдет, оору, Зыллет – урматсыздык, абройсуздук.]

Имам Газали хазреттери мындай деп буюрат:

“Фараон 400 жыл жашаган. Бир да жолу башы оорубаган, температура болгон эмес. Бир жолу башы ооруганда адамдардын бардыгынын өзүнө сыйынууларын каалоо акылына да келмек эмес.” [К.Саадат]

Комментарий жиберүү