Жер бетинде жаратылган алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар, бүткүл адамзаттын атасы. Адам алейхиссалам жаратылуудан мурда бүткүл ааламдар жана ал ааламдардагы нерселер “Алам-и малакут” делген бүткүл рухтар, “Алам-и мүлк” делген материалдык ааламында да Арш азам, курси, Жаннат, Жаханнам, жети кабат асман жана башка барлыктар, периштелер жана жиндер жаратылган эле. Аллаху таала периштелерине асманды, жиндерге болсо жер жүзүн мекен кылды. Жиндер жер бетинде көп убакыттар жашашты (бир риваят боюнча алтымыш миң жыл). Кийин араларында көралбастык жана азгындоо пайда болду, бузгунчулук кылып, кан төгүштү. Мына ушул кезде Аллаху таала дүнүйө асманындагы периштелерден бир ордону жиндердин үстүнө жөнөттү. Бул периштелердин башына али Аллахка каршы чыга элек, жолдон адаша элек Иблисти (шайтанды) башчы кылып дайындады. Бул учурда Иблистин аты Азазил эле. Баарынан илимдүү, аалым эле. Жиндерге каршы жиберилген бул периштелер жиндерди жер бетинен деңиздердеги аралдарга жана тоолорго сүрүп чыгарышты. Мындан кийин бул периштелер жер бетине отурукташышты. Иблис болсо алардын арасында буларга башчы болуп жашады. Аллаху таала Иблиске жер бетинин жана асмандардын башкаруусун тапшырды. Жаннат казыналарына дагы кароолчу кылды. Иблис кээде жер бетинде, кээде асманда, кээде болсо Жаннатта ибадат кылчу эле. Өзүнүн бул абалын жактырып текеберленди да, өз өзүнө: «Аллах мага берген бул мүлктү эч кимге бербеди. Себеби, мен калган баарынан да жогорумун», – деп каршы чыгуугасуна себеп болгон текебердикке учурады.
Аллаху таала Адам алейхиссаламды жаратууну тилегенде периштелерге жер бетинде бир халифа жарата тургандыгын билдирди. Периштелер: «Йа, Рабби! Жер бетинде бүлүк чыгара турчу жана кан төгө турчу адамдарды эмне үчүн жаратуудасың?» – дешкенде: «Алар бүлүк чыгарышпайт», – дебеди. «Силер билбегенди мен билемин, ылайык болбогондорду ылайык кыламын! Алыс калгандарды жакындатамын, кор болгондорду кадырлуу кыламын. Силер алардын иштерин карайсыңар. Мен көңүлдөрүн караймын. Силер күнөөсүз болгондугуңарды кароодосуңар. Алар менин рахматыма сыйынышат. Силердин күнөөсүз болгондугуңарды жактыргандыгым сыяктуу алардын күнөөлөрүн кечирүүнү дагы жактырамын. Менин билгендигимди силер била албайсыңар. Аларды эзелий болгон лутуфума жеткирип, түбөлүк болгон лутуфум менен жубатамын», – деди. Периштелердин “эмне үчүн жаратасың” деп суроолору жаратылуусундагы хикматты билүүнү каалагандыктарынан улам эле. Периштелер алсыздыктарын моюндоо менен Аллаху тааланы танзих кылып, жети жыл курсинин тегерегинде таваф кылып, истигфар келтиришти.
Аллаху таала Адам алейхиссаламды жаратууну тилеген кезде Жабраил алейхиссаламды жер жүзүнө жиберип, андан топурак алууну буйрук кылды. Жабраил алейхиссалам жер бетинен топурак алууга барганда жер: «Менден бир бөлүк алып кемчиликтүү кылууңан Аллаху таалага сыйынамын», – деди. Мындан улам Жабраил алейхиссалам жерден топурак албастан артка кайтты да: «Йа, Рабби, жер өзүнөн топурак алууман сага сыйынды. Мен дагы албастан келгендигимен улам сага сыйынамын», – деди. Ошондо Аллаху таала Микаил алейхиссаламды жиберди. Жер Микаил алейхиссаламга да ошол нерсени айтты. Ал дагы топурак албастан кайтып, Аллаху таалага Жабраил алейхиссаламга айткан нерсени айтты. Мындан кийин Азраил алейхиссалам жер бетине түшүп, топурак ала турчу учурда жер жүзү ага да бир нерсе бербей тургандыгын жана Аллаху таалага сыйынгандыгын айтты. Ошондо Азраил алейхиссалам жер жүзүнө: «Мен дагы Раббимдин буйругун орундабоодон Раббиме сыйынамын», – деп, жер бетинин ар кайсы жеринен кызыл, ак, кара ар кандай түстө топурактарды алды. Адамдардын ар кандай түстүү болуулары мына ушундан улам. Адам алейхиссаламдын «Адам» деп аталуусунун себеби “адим”ден, башкача айтканда, жер бетинин топурагынан жаратылгандыктан эле. “Адим” сөзү Арапчада жер бетинин топурагы дегенди түшүндүрөт. Бул аттын Ибраничедеги «адама» деген сөзгө таянгандыгы да риваят кылынган. Адама деген сөз да Ибрани тилинен которгондо топурак дегенди түшүндүрөт.
Адам алейхиссаламдын жаратыла турчу топурагы жер бетинин ар кайсы тарабынан алынып, бир жерде жыйылгандан кийин периштелер муну суу менен ылай кылып, адам келбетине келтиришти. Аллаху таала бул топуракты түркүн баскычтардан өткөрдү. Алгач тин (ылай) абалына келтирилип, бир канча убакыт турду. Бул ылай шекил бериле турчу абалга келгенде адам келбетине келтирилди. Дагы бир канча мезгил бул абалда турду. Мекке менен Таиф арасында кырк жыл жатып салсал болду да, бышкан сыяктуу кургады. Алгач буга Мухаммед алейхиссаламдын нуру маңдайына коюлду жана Мухаррам айынын онунда, Жума күнү рух берилди.
Мекке менен Таиф арасында жаткан кезинде периштелер жана Иблис (шайтан) аны көрүп коркушкан эле. Андан эң көп корккон Иблис болчу. Иблис Адам алейхиссаламдын али рух берилбеген салсал абалындагы денесине тийгенде чыңырган үн чыгарды. Иблис анын денесине кирип чыгып, периштелерге: «Коркпогула, мунун ичи бош. Эгер мен ага асыла турган болсом курутуп жиберем», – дечү.
Адам алейхиссаламдын денесине рух берилүүдөн мурда периштелер денесин көрүп, андагы келбеттүүлүккө, тартипке, илахий чебердикке айран-таң калышты. “Аллаху таала мындан да сулуу нерсе жаратты болду бекен”, – дешти.
Иблис периштелерден: «Эгер ал силерден жогору, пазилеттүү кылына турган болсо жана ага урмат көрсөтүүңөр буйрук кылына турган болсо эмне кыласыңар?» – деп сурады. Периштелер: «Биз Раббибиздин буйругуна баш ийебиз», – дешти. Иблис болсо өз өзүнө: «Эгер ага урмат көрсөтүүм буйрук кылына турган болсо каршы чыгам», – деди.
Аллаху таала Адам алейхиссаламдын денесине рух берген кезде дененин рух кирген жерлери жанданып, этке айланды. Алгач башына кирди, ошондо Адам алейхиссалам чүчкүрдү. Периштелер: «Алхамдулиллах де!» – дешти. Адам алейхиссалам: «Алхамдулиллах», – деди. Рух Адам алейхиссаламдын көздөрүнө киргенде Жаннаттын жемиштерин көрдү. Ашказанына барганда аларды жегиси келип рух буттарына жете эле болсо дагы түздөлүп тургусу келди. Бул себептен улам Аллаху таала: «Адам өзү шашма болуп жаратылган», – деди. (Анбия сүрөсү 37)
Аллаху таала Адам алейхиссаламдын денесине рух берүүдөн мурда периштелерге ага рух берген кезимде сажда кылгыла деп буйрук кылды. Ошондо периштелердин бардыгы сажда кылышты. Иблистен башка бардык периштелер сажда кылышты. Иблис сажда кылбай текеберленди. Алгач Жабраил алейхиссалам, кийин Микаил алейхиссалам, кийин Исрафил алейхиссалам, кийин Азраил алейхиссалам, кийин Мукаррабун делген периштелер сажда кылышты. Периштелердин Адам алейхиссаламга карата сажда кылууларынын буйрук кылынуусунун себеби анын маңдайында Мухаммед алейхиссаламдын нуру болгондугу үчүн эле.
Иблис текеберленип: «Ал ылайдан жаратылды. Мен болсо оттон жаратылдым. Андан жогорумун», – деп менменсинди. Ушундан улам Аллаху тааланын хузурунан куулуп, аты дагы куулган, алыстатылган деген мааниде «шайтан» болду.
«Каб-ул-Ахбар» китебинде мындайча риваят кылынат: «Иблис кырк миң жыл Жаннатта кароолчу болду. Сексен миң жыл периштелердин арасында болду. Кийин жыйырма миң жыл периштелерге вааз кылды. Карубиййун деп аталган периштилердин жогоруларына отуз миң жыл вааз кылды. Руханиййун делген периштелердин эң жогоруларына да миң жыл вааз кылды. Арштын айланасында он төрт миң жыл таваф кылды. Ал кезде Иблистин дүнүйө асманында аты Абид, экинчи кабат асманда Захид, үчүнчү кабат асманда Ариф, төртүнчү кабат асманда Вали, бешинчи кабат асманда Таки (муттаки), алтынчы кабат асманда Хазин, жетинчи кабат асманда болсо Азазил болчу. Иблис Арапчада Иблас деген сөздөн келип, Аллаху тааладан үмүт үзүү деген маанини түшүндүрөт.»
Иблис текеберлигинен улам куулуп, мындан улам куруй тургандыгынан коркуп кыяматка чейин өмүр сүрүү үчүн мөөнөт сурады. Кыяматка чейин адамдарды алдап, жер бетиндеги жамандыктарды аларга жакшы кылып көрсөтө тургандыгын, ыкыластуу кулдарынан башка бардыгын адаштыра тургандыгын айтты. Ошентип ага кыяматка чейин мөөнөт берилди.
Аллаху таала Адам алейхиссаламды эң мыкты абалда жаратып, ага рух бергенден кийин бардык нерсенин атын жана пайдасын, өзгөчөлүктөрүн үйрөттү. Ушундайча периштелерден жогору болду.
Адам алейхиссаламдын Жаннатка кирүүсү: Адам алейхиссалам 40 жашта Фирдаус деп аталган Жаннатка алып барылды. Жаннатка киргенде пайгамбарлардын санынчалык күрсүлөрдүн коюлгандыгын көрдү. Ар бирине өзүнчө-өзүнчө отурганда ошол пайгамбардын нуру маңдайында жаркырады. Эң акырында Мухаммед алейхиссаламдыкына отурду. Периштелер жетимиш миң нур чыракты башынын үстүнө кармашты. Ушунчалык жаркырагандыктан мурдагы нурлардан эч бири калбады. Ар бири көрүнбөс болуп, күн чыкканда жылдыздардын жоголуусу сыяктуу болду. Бул абал Адам алейхиссаламдын Мухаммед алейхиссаламга болгон сүйүүсүн көбөйттү.
Хазрети Хавванын жаратылуусу: Адам алейхиссалам Жаннатка киргенде Жаннат тамактарына жана жемиштерине суктанды. Жаннат бакчаларын жана Жаннат сарайларын кыдыра баштады. Эмнени кааласа ошол замат даяр болду. Жаратылыш табиятынан улам өзүнө окшогон дос таап, аны менен жакындык кургусу келди. Ушундай ой менен отуруп уктап кетти. Ошол учурда Аллаху таала Адам алейхиссаламдын сол кабырга сөөгүнөн Хазрети Хавваны жаратты. Адам алейхиссалам уйкудан ойгонгондо башынын жанында турган аялды көрдү. Ага: «Сен кимсиң? Эмне үчүн жаратылдың?» – деди. Ал болсо: «Мен сага жубай болуп жаратылдым», – деп жооп берди.
Хазрети Хавва энебиздин жаратылуусунан Адам алейхиссаламдын эч кабары болгон жок. Хазрети Хавва Адам алейхиссаламдын келбетинде, анын боюнчалык жана анын өңүндөй эле.
Аллаху таала Хазрети Хаввваны жараткандан кийин Адам алейхиссалам менен никеледи. Риваятка караганда периштелер: «Михрин бер», – дешти. «Михри эмне?» – дегенде: «Анын михри үч жолу же жыйырма жолу Мухаммед алейхиссаламга салят окууң», – дешти. Бул михир үчүн берилген бир мал эмес эле. Мында максат ар нерсенин жаратылуусуна себеп болгон Мухаммед алейхиссаламдын үстөмдүгүн билдирүү үчүн эле. Себеби, ар нерсе анын жүзү суусу арматына жаратылды.
Аллаху таала Адам алейхиссаламга Хазрети Хавва менен бирге Жаннатка жайгашууларын жана Жаннаттын мөмө-жемиштеринен каалашынча жесе боло тургандыгын билдирди. Бирок, Жаннатта бир бак тууралуу билдирип, “бул бакка жакындабагыла, мындан жебегиле” деп буюрду. Ага тыюу салды жана мындан жесеңер кыйынчылыкка түшүп, бактысыз болосуңар деди. Адам алейхиссалам Хазрети Хавва менен Жаннатта жүргөндө аларга кек сактап, алдоого жана өч алууга камданды. Алар менен сүйлөшө баштады. Бир риваят боюнча шайтан алардын көңүлүн өзүнө бөлдүрүү үчүн алардын алдында ыйдап-сыздап үнүн угузду. Эмне үчүн минтип сыздап жатасың дешкенде: «Мен силердин өлө тургандыгыңарга жана ушундан улам көрүп жаткан жакшылыктарыңардан ажырай турганыңарды ойлоп кайгыруудамын», – деп жооп берди. Кийин сөзүн улантып: «Силерге түбөлүк өлбөстүктүн багын айтып берейинби? Эгер ошол бактын мөмөсүн жесеңер периштеге айланып, Жаннатта дайым түбөлүк жашайсыңар, бүтпөс жакшылыкка жетесиңер», – деди. «Өзгөчө мен сөзсүз силердин жакшылыгыңарды тилөөдөмүн», – деп ант ичти. Шайтандын бул сөздөрүнөн жана антынан улам Хазрети Хавва менен Адам алейхиссалам анын өздөрүнө душман экендигин унутушту. Алгач Хазрети Хавва, кийин анын үндөөсү менен унутуп алейхиссалам тыюу салынган бактын мөмөсүн татышты. Бул бактын кайсы бак экендиги тууралуу түрдүү риваяттар кылынган. Ислам аалымдарынын бир бөлүгү буудай болгондугун айтышкан.
Адам алейхиссалам жана Хавва энебиз Жаннатта миң жылдай жашап, Иблистин жалган антына ишенүү менен тыюу салынган бактын жемишинен унутуу менен алгач Хазрети Хавва, кийин Адам алейхиссалам жегендиктен Жаннаттан чыгарылышты. Адам алейхиссалам Индустанда Цейлон (Серендип) аралына, Хазрети Хавва болсо Жиддага түшүрүлдү. Бири-биринен эки жүз жыл бою ажыраган Адам алейхиссалам жана Хазрети Хавва бул мөөнөт ичинде ыйлап-жалбаргандан кийин тообо жана дубалары кабыл болду. Ажыга келүүлөрү буйрук кылынды.
Арафат өрөөнүндө Хазрети Хавва менен кездешти. Каабаны тургузду. Ар жылы ажылык кылды. Арафат майданында же башка бир майданда кыяматка чейин келе турчу урпактары белинен зеррелер шекилинде чыгарылды. «Мен силердин Раббиңер эмесминби?» – деп суралды. Баары: «Бела = Ооба!» – дешти. Кийин баары зеррелер абалына келип, белине киришти. Бул «Ахд-у-Мисак» жана «Калу Бела» деп аталды. Адам алейхиссалам жана Хазрети Хавва кийин Шамга барышты. Бул жерде жыйырма жолу эгиз балалуу болушту. Бир жолкусунда жалгыз Шит алейхиссалам төрөлдү. Адам алейхиссалам өз урпагынан кырк миң кишини көрдү.
Уулдарына жана неберелерине пайгамбар кылып жиберилди. Жабраил алейхиссалам ага он эки жолу келди. Өзүнө он сухуф (форма) китеп берилди. Бул китепте ыйман келтириле турчу нерселер, түркүн тилдер жана сөздүктөр, ар күнү бир убакыт намаз окуу, гусул даарат алуу, орозо кармоо, тарп, кан, чочко этин жебөө, медицина, дарылар, геометрия сыяктуу нерселер билдирилди. Айрыкча физика, химия, медицина, дарычылык, математика билимдери үйрөтүлдү. Ибрани, Сурйани жана Арап тилдеринде кирпич үстүнө көп жазуу жазылды.
Алгачкы адамдар кээ бир тарыхчылар ойлогондой илимсиз, техникасыз, этикасыз, жылаңач жана жапайы адамдар эмес эле. Азыркы күндө Азия, Африка чөлдөрүндө жана Америка токойлорунда таш же коло доору деп аташкан замандагыларга окшогон жапайылар жашагандай эле алгачкы адамдарда да билимсиз, начар жашагандар бар эле. Мындан улам азыркы адамдардын бардыгын жапайы деп атай албай турганыбыздай эле алгачкы доорлордогу адамдардын баарын тең жапайы болушкан деп айтуу мүмкүн эмес. Хазрети Адам жана ага ишенгендер шаарларда жашашкан. Окуганды, жазганды билишчү. Темирчилик, токумачылык, дыйканчылык, нан бышыруу сыяктуу түркүн өнөрлөрү бар эле. Алтын үстүнө акча да басылып, металл кендери иштетилип, түрдүү аспап жана куралдар жасалган.
Адам алейхиссаламдын эч сакалы жок эле. Алгачкы сакал чыккан адам – Шит алейхиссалам. Хазрети Адам абдан сулуу эле. Кара чачтуу жана буудай түстүү эле. Он бир күн ооруп жатып, бир Жума күнү кайтыш болду. Адам алейхиссалам кайтыш болгондо Жабраил алейхиссалам кырк көйнөк кийдирди. Шит алейхиссаламга жуу деп буюрду. Жаназасын жууп, кепендешти.
Хадиси шарифте мындай деп буюрулду:
«Адам алейхиссалам кайтыш болгондо периштелер үч жолу суу менен жуушту. Аны жерге кабырга коюшту. Кийин балдарына кайрылып: «Эй, адам уулдары! Өлгөндөрүңөргө ушундай кылгыла», – дешти.»
Шит алейхиссалам имам болуп жаназа намазын окутту. Адам алейхиссаламдын кабыры Кудуста, Минада, Мечит Хифте же Арафатта. Өмүр баяны тууралуу кабар берген риваяттар бири-биринен айырмаланат.
Хазрети Адам – Аллахка алгачкы хамд жана алгачкы тообо кылган инсан. Тандалгандардын алгачкысы, жер жүзүндө Аллаху тааланын халифасы.
Бир канча мужизалары бар. Булардан кээ бирлери мындай:
Жырткыч, жапайы жаныбарлар менен сүйлөшчү. Суусуз тоо жана таштарды колу менен урганда булактар атырылып чыгып, таза суулар акчу. Колуна алган майда таштар бийик үн менен Аллаху тааланы зикир кылчу.
Адам алейхиссаламдын жаратылуусу, Жаннатта туруусу, Жаннаттан чыгарылып жер бетине түшүрүлүүсү Курани каримде түрдүү ыйык аттарда билдирилген. (www.islamdini.kg)