Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Коомдо көпчүлүгү “жихад” десе “согушуу”, “согушка аттануу” дегенди түшүнүшөт. А чындыгында, “жихад” – өтө терең маанини камтыган түшүнүк. Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен жихад тууралуу так жана кенен маалымат ала аласыздар.

“Жихад” араб тилинен которгондо “күч-аракет” деген маанини билдирет, исламда Аллахтын жолундагы күч-аракетти түшүндүрөт. Ал эми араб тилинде “жихад” сөзү ар кандай күч-аракетти, жумуштагы, окуудагы, жана башка ушул сыяктуу иштердеги күч-аракеттерди түшүндүрөт.

Адатта “жихад” сөзү коомдо массалык маалымат каражаттарынын айынан көбүнчө куралдуу күрөш, террор, сакалчан адам, зордук-зомбулук менен түшүндүрүлүп, элестетилип калган. Чындыгында, бул-туура эмес пикир. Исламда “жихад” термини- кеңири жана алда канча бийик мааниге ээ.

Жихад, биринчи кезекте, өзүнүн рухий жана социалдык кемчиликтери, мисалы, калп айтуу, алдоо, коомдуу бузуу сыяктуу терс сапаттар менен күрөшүүнү, социалдык теңсиздикти жоюну билдирет. Ошондой эле бул чоң жихад болуп эсептелинип, ар бир мусулманга парз кылынган. Андан кийин кичи жихад – түздөн-түз куралданган, ошондо да тышкы баскынчылыктан өмүрдү сактап калуу, коргонуу максатында ишке ашырылат.

“Улуу жихад”, тактап айтканда, рухий жихад исламда “кичи жихаддан”, куралдуу күрөштөн, бир канча бийик турат. Буга далил катары Мухаммед пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун):“Биз улуу жихадга аттануу үчүн кичи жихаддан кайрылып келдик”, – деген сөзүн мисал келтиребиз.

Ошондуктан, ислам доктринасында жихаддын түрдүү жоболору бар, алар төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

Чоң жихад:Өзүнүн кемчиликтери, напсинин каалоолору, эгосуна каршы жүрөктүн жихады. Ар бир мусулман адамдын өз кемчиликтерине каршы жекече күрөшүэң маанилүү жана эң оор формадагы жихад болуп саналат. Анткени адам өзүнүн күнөөкөр каалоолорун жана рухий кемчиликтерин жеңбей туруп, диндин идеалдарынын салтанаты үчүн күрөшө албайт.Тил жихады. Жакшы нерселерди буюруу жана жаман нерселерге тыюу салуу (амр бил маъруф ва нахи ан мункар).Өзүнүн таанып-билүүсүнүн жихады – ислам дини тууралуу чыныгы билимди таратуу аркылуу жихад. Анткени ар түрдүү илимдерди үйрөнүү эрудиция, интеллект, окумуштуулук инсанды өнүктүрүп, түркөйлүккө, наадандыкка карама-каршы коет.Материалдык каражаттар менен жасалган жихад. Көйгөйлөрдү акчанын, мүлктүн жардамы менен чечүү, жакырлык, экономикалык артта калуу менен күрөшүү.

Кичи жихад:

“Колдун “ жихады. Адамдардын өмүрүн жана мүлкүн коргоо үчүн, же болбосо, кайсы бир өлкөдө мусулмандардын өз дининде сыйынууга толук бойдон тыюу салынса, аларды кысымга алса, анда аскердик аракеттерди көрүү, мамлекетти баскынчылыктан коргоо Исламда парз болуп эсептелет. Исламда кичи жихаддын өзүнүн кыйшаюсуз эрежелери жана тыюу салуулары бар. Мисалы, жарандарга зыян келтирүүгө, айыл-чарба айдоолорун, имараттарды талкалап жок кылууга, бак-дарактарды кыюуга ж.б.у.с. тыюу салынат. Ошондой эле, туткундарга адамгерчиликсиз мамиле, кыйноо, маскаралоого да тыюу салынган. Ыйык Куранда: “Кимде-ким укуксуз түрдө жанды өлтүрсө ал бүткүл адамзатты өлтүргөнгө барабар” деп айтылат.

Комментарий жиберүү