Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Пайгамбарлар арасында үстөмдүктөрү болгон жана «улу’л-азм» деп аталган алты пайгамбардын үчүнчүсү. Аллаху таала менен сүйлөшкөндүгү үчүн «Калимуллах» делген. Бани Исраилге келген. Якуб алейхиссаламдын урпагынан чыккан. Харун алейхиссаламдын бир тууганы. Атасынын аты Имран. Энесинин аты Нужайб же Нажия же Юхабил.
Хазрети Юсуфтан кийин Мысырда Исраил уулдары абдан көбөйүштү. Булар Хазрети Якуб жана Хазрети Юсуф билдирген динге ишенишип, буйруктарын орундап жашашчу эле. Мысырдын жергиликтүү эли Кыбти коому болсо жылдыздарга, буттарга сыйынышчу жана Исраил уулдарына жаман көз менен карап, башчысы болгон фараондор аларды туткун сыяктуу оор иштерде пайдаланышчу. Алардын көбөйүүлөрүнө тынчсызданышчу. Бани Исраил Кыбти коомунун жаман мамилелеринен жана фараондордун оор сунуштарынан тажашкан эле. Бул жагынан ата-бабаларынын эски мекени болгон Кенан жергесине кетүүнү каалашчу. Бирок, фараондор алардын Мысырдан чыгууларына уруксат бербей, кыйноолорун улантышчу.
Мысырдын башкаруусун колунда кармаган жана фараон делген королдор өздөрүнө мазар катары тоодой болгон пирамидаларды салдырып, бул пирамидалардын курулуш иштеринде миңдеген адамдарды кыйноо менен иштетишчү. Аллаху тааланы инкар кылып, кудайлык даба кылышчу. Бул заманда төлгөчүлүк, сыйкырчылык кесип катары болуп, өлкөнүн ар тарабында көзачыктар, сыйкырчылар көбөйгөн эле. Бул учурда Мысыр элинин башында турган Фараон бир түнү түшүндө Кудус тараптан чыккан бир оттун Мысырдын жергиликтүү калкы болгон Кыбтилерди өрттөгөндүгүн, Исраил уулдарына болсо эч бир зыян тийгизбегендигин көрдү. Бул түштү жоруган көзачыктар Исраил уулдарынан бир эркек уул дүнүйөгө келет, сенин бийлик-салтанатыңды жыгат жана сен куруп жок болосуң дешти. Муну уккан Фараон он эки уруу болгон жана ар уруунун башында бир башкаруучусу бар болгон Исраил уулдарынын биригүүлөрүнөн да абдан чочулады. Исраил уулдарынан туула турчу эркек балдардын өлтүрүлүүлөрү үчүн мыйзам чыгарды.
Бул окуяга туш болгон Исраил уулдарынын азаптуу күндөрү ого бете күчөдү. Фараондун буйругуна каршы чыккандар жапырт өлтүрүлө баштады. Бул учурда туулган Муса алейхиссаламдын энеси анын өлтүрүлүүсүнөн коркуп, абдан тынчы кеткен эле. Курани каримде анын көңүлүнө мындай мааниде илхам кылынгандыгы билдирилүүдө:
«Мусанын энесине минтип илхам кылдык: Бул баланы (Мусаны) эмиз; кийин өлтүрүлүүсүнөн корккон кезиңде аны сууга (Нил дарыясына) таштап жибер, чөгүп өлөт деп коркпо, ажыроосуна кайгырба. Себеби, биз сөзсүз аны сага кайра беребиз жана өзүн пайгамбар кылабыз.» (Касас сүрөсү: 7)
Муса алейхиссаламдын энеси аны бир сандыктын ичине салып, Нил дарыясына калтырды. Дарыянын үстүндө агып баратканда суунун агымы аны Фараондун сарайына карай агызды. Фараондун аялы Асия сандыкты көрүп, суудан чыгарып сарайына алып барды. Сандыкты ачып, ичинде нурдай болгон бир наристени көргөндө аны жан көңүлүнөн сүйүп: «Муну өлтүрө көрбөңүз. Балким чоңоюп, ишибизге жарайт же аны өзүбүзгө уул кылып алабыз… », – деди. Аны эмизүү үчүн көптөгөн сүт энелерди алдыртты. Муса алейхиссалам болсо эч биринин эмчегин оозуна албады.
Муса алейхиссаламдын өз энеси баласынын Фараондун сарайына алынгандыгын жана ага сүт эне изделип жаткандыгын укту. Сүт энеси боло ала тургандыгын айтып баруусу үчүн кызын, тагыраагы, Муса алейхиссаламдын эжесин жөнөттү. Бир тууган эжеси сарайга барып: «Силерге бул баланы эмизе турчу, аны жакшы чоңойто турчу бил аялды кабарлайынбы?» – деди. Ошентип, Муса алейхиссаламдын энесин сарайга алдыртышты. Муса алейхиссалам анын эмчегин оозуна алды, ушундан кийин Фараондун аялы Асия аны сүт энеликке кабыл кылды. Ушундайча эч кимдин кабары жок өз уулун Фараондун сарайында эмизип чоңойтту…
Муса алейхиссалам Фараондун сарайында чоңойгондон кийин сарайдан кетип, туугандарынын жана улуу бир тууганы Харундун жанына барды. Бир күнү Исраил уулдарынан бири менен бир Кыбти урушуп жатканын көрдү. Хазрети Муса алардын араларына кирип, арачалоо үчүн Кыбтини жеңил гана көкүрөгүнө урду. Кыбти кокустук менен жерге жыгылып, жан берди. Хазрети Муса колунан мындай казанын болуп кетүүсүнө капа болду. Фараондун жамандыгынан тартынып, Мысырдан чыгып Мадиянга барды. Ал жерде пайгамбар болгон Шуайб алейхиссалам менен көрүшүп, он жыл Мадиянда турду. Ал арада Шуайип алейхиссаламдын кызы менен ұйлөндү. Кийин Мысырга баруу үчүн Мадияндан жолго чыкты.
Тур тоосуна келгенде мекенсиз абалда Аллаху таала менен сүйлөштү. Өзүнө жана бир тууганы Харун алейхиссаламга пайгамбарлык берилди. Колундагы асанын жылан болуу мужизасы жана колун койнуна салып чыгарганда аппак болуп жарык чачуусу сыяктуу мужизалары берилди. Кийин Курани каримде мындай мааниде вахий кылынгандыгы билдирилүүдө:
«Бул эки мужиза Фараон жана адамдарына каршы Раббиңдин эки далили. Туурасы алар жолдон чыккан эл. Фараонго бар, туурасы ал ашынды.» (Касас сүрөсү: 32-33)
Хазрети Муса Мысырга барып, бир тууганы Харун алейхиссалам менен көрүшүп, абалды түшүндүрдү. Фараонго барып аны динге чакырышты. Исраил уулдарын эркин калтыруусу сурашты. Фараон кудайлык даба көрсөтүп, кабыл кылбады. Ошондо Муса алейхиссалам колундагы аса таягын жерге ыргытты. Чоң ажыдаар болуп, кыймылдай баштады. Колун койнуна салып чыгарды, колу аппак болуп көрүндү. Бул мужизаны көрүп таң калган Фараон абалды вазирлерине айтып бергенде алар аны сыйкырчы дешти. Хазрети Муса: «Силерге келген чындыкка тил узатасыңарбы. Бул сыйкыр эмес. Бул – бардык нерсенин жаратуучусу болгон Аллаху таала берген бир мужиза», – деп, аларды ыйманга чакырды. Фараон жана адамдары Хазрети Мусанын сөздөрүн угушпады. Көрсөткөн мужизаларына ишенбей, сыйкыр деп бут тирешти. Фараон: «Эй, Муса! Сыйкырчылыгың менен бизди мекенибизден чыгарууга келдиңби? Биз дагы сага сыйкыр көрсөтөбүз. Бир убакыт менен жерди белгиле», – деп, өлкөсүндөгү бардык сыйкырчыларды жыйнады.
Муса алейхиссалам Аллаху таалага дуба кылып, сыйкырчылар менен беттешүүнү кабыл кылды. Мысыр калкынын алдында сыйкырчылар менен бетме-бет чыгышты. Сыйкырчылар колдорундагы жип жана таяктарды жерге ыргытышты, көз боёмочулук менен бир нече жыландар жүргөндөй кылып көрсөтүштү. Бул учурда Муса алейхиссалам колундагы аса таягын жерге ыргытты. Мужиза болуп, коркунучтуу жана шамдагай бир ажыдаар болуп сыйкырчылар жерге ыргыткан жана жылан сыяктуу кылып көрсөткөн нерселерди жутту. Муну көргөн сыйкырчылар: «Бул сөзсүз адам күчүнөн тышкары болгон мужиза», – дешип, Хазрети Мусага ыйман келтиришти. Бул окуяны көрүп турган Фараон абдан ашынып, кысымы менен зулумун күчөттү. Муса алейхиссаламга ишенгендерди шейит кылдырды. Хазрети Мусага ыйман келтирген өз аялы Асияны дагы шейит кылды.
Фараон жана коому күфүрдө жана ыймансыздыкта ашынганда Аллаху таала аларга түркүн балээлерди берди. Алгач катуу кургакчылык болуп, ачарчылыкка дуушар болушту. Кийин сел, чегиртке жана курбака каптоосуна учурашты. Баштарына балээ түшкөн сайын Хазрети Мусага барып бул балээнин алынуусун, ошентип ыйман келтире тургандыктарын айтышты. Бирок, балээ кеткенде мурдагы ашынууларын кайра башташып, ыйман келтиришкен жок. Кайра балээлер баштарына түштү. Буга карабай ыйман келтиришпеди. Фараон менен коомуна жиберилген бул балээлер Курани каримдин Араф сүрөсүндө билдирилүүдө.
Фараон менен коому Муса алейхиссалам көрсөткөн мужизалардын каршысында Исраил уулдарынын Мысырдан кетүүлөрүнө уруксат берди. Муса алейхиссалам бир убакыт белгилеп, бир түнү бүткүл Исраил уулдарын жыйнап Мысырдан чыкты. Муну көргөн Фараон уруксат бергенине өкүндү. Дароо аскерлерин жыйнап, алардын артынан сая түшүп, таңга жуук аларга Кызыл Деңиздин жээгинде жетип барды. Алдыларында деңизди, аркаларында душманды көргөн Исраил уулдары коркунучка тап болушту. Бул учурда Аллаху таала Муса алейхиссаламга: «Асаң менен деңизге ур», – (Шуара сүрөсү: 63) деген мааниде вахий кылды. Хазрети Муса бул буйрукту алганда асасын деңизге урду. Деңиз дароо эки тарабы бийик тоодой болуп экиге бөлүндү. Алдына өтө кеңири жана купкургак болгон он эки жол ачылды. Он эки уруу болгон Исраил уулдары бул жолдор менен жүрүп жээкке өтүштү. Фараон аскерлери менен бирге аркаларына түшүп, деңизде ачылган жолго киргенде ачылган жол жабылды. Фараон аскерлери менен бирге сууга чөктү.
Фараон сууга тумчугуп жаны чыгарда «ишендим» деген болсо да, анын үмүтсүздүккө түшүп айткан бул сөзү кабыл кылынбады. Бул тууралуу Курани каримде мындай мааниде буюрулду:
«Исраил уулдарын деңизден өткөрдүк. Фараон менен аскерлери акысыздык жана душмандык менен алардын артынан түшүштү. Фараон тумчуга турчу кезде «Исраил уулдарынын ыйман келтиргенинен (Аллахтан) башка бир илах болбогондугуна ишендим, эми мен дагы Мусулмандарданмын», – деди.» (Юнус сүрөсү: 90) Бирок, Аллаху таала Фараондун ыйманын кабыл кылбады жана ага Жабраил алейхиссалам арачылыгы менен мындай деди: «Азыр ишендиңби, мурда баш көтөрүп, бузгунчулук кылдың эле.» (Юнус сүрөсү: 91) «Биз болсо бүгүн сени жансыз денең менен деңизден бийик бир жерге ыргытабыз, аркадан келе турчуларга бир ибрет болосуң. Муну менен бирге туурасы адамдардан бир канчасы аяттарыбыздан (ибрет берүүчү мужизаларыбыздан) гафил.» (Юнус сүрөсү: 92)
Тафсир аалымдарынан Замахшари бул аятты мындайча тафсир кылган:
«… Сени деңиз жээгинде бир бурчка ыргытабыз… Денеңди толук, кемтиксиз жана бузулбаган абалда жылаңач жана кийимсиз абалда сенден кылымдар кийин келе тургандарга ибрет болуусу үчүн сактайбыз.»
Фараондун денеси бир Англис изилдөө тобу тарабынан Кызыл Деңиз жээгинде кумдардын арасында табылып, Англияга алып барылгандыгы айтылууда. Окуя болгон замандан бүгүнкү күнгө чейин үч миң жыл өткөнүнө карабай Фараондун денеси бузулбаган, эттери төгүлбөгөн, кылдары жоголбогон түрдө сажда кылган абалда Лондондогу белгилүү Британия Музейине жайгаштырылган.
Муса алейхиссалам Кызыл Деңизди кечкенден кийин Исраил уулдарын Кенан диярына карай алып барды. Жолдо бутпарас болгон коомго учурашты. Бул коом өгүз сүрөтүндө жасалган бир айкелге сыйынышчу эле. Алардын бул абалын көргөн Исраил уулдары аларга кызыгышты. Хазрети Мусага: «Йа, Муса! Алардын теңирлери сыяктуу бизге да теңир жаса», – дешти. Хазрети Муса аларга: «Силер жахил бир коомсуңар. Аллаху таала силерге немат жана кутулуу берди. Аллаху таалага ыйман келтиргиле, ширктен жана буттардан сактангыла… », – деп насаат кылды.
Аллаху таала Муса алейхиссаламга бир китеп түшүрө тургандыгын убада кылган эле. Тур тоосуна чыгуусу билдирилди. Муса алейхиссалам бир тууганы Харунду (алейхиссалам) өзүнүн ордуна өкүл кылып калтырып, өзү болсо Тур тоосуна барды. Кырк күн Тур тоосунда калып, ибадат кылды. Арачысыз абалда Аллаху тааланын сөзүн укту. Бул учурда Тоорат китеби түшүрүлдү.
Муса алейхиссалам Тур тоосунда жүргөндө Самири аттуу мунафык Исраил уулдарынын колдорундагы алтындарды жыйнады да, аларды ээритип, бир музоо айкелин жасап, «мына силердин кудайыңар ушул» деп Исраил уулдарын алдаганда, алар ошол музоого табына башташты. Харун алейхиссалам канчалык насаат кылса да угушпай, ага каршы чыгышты.
Муса алейхиссалам Турдан кайтканда бул абалга ачууланып Самирини четтетти. Ал жасаган музоо айкелин өрттөп деңизге ыргытты. Самири болсо адамдардан өзүнчө алыс кетип, жапайы абалда өзү да адамдарга жолой албай, башкаларда ага жакын жолой албай каңгып жашап жүрүп, ээн чөлдө кор абалда куруп жок болду. Харун алейхиссаламдан бул абалды сураганда: «Насаат кылдым, угушпады. Аз калсын мени өлтүрүшмөк», – деди. Ушундайча Хазрети Мусанын ачуусу тынды. Аларга өзүнө Тоораттын түшүрүлгөндүгүн билдирди. Исраил уулдары болсо Тооратта билдирилген өкүмдөр менен амал кыла башташты. Буттарга табынуудан баш тартышты. Ширктен кутулуп, Аллаху таалага ыйман жана ибадат кылышты.
Исраил уулдары Тих чөлүндө турган кездеринде Муса алейхиссаламдын билдиргендерине баш ийбей, кайра эле ашынып чектен чыга башташты. Муса алейхиссаламдан түрдүү нерселерди талап кылышты. Аллаху таала Муса алейхиссаламдын дубасы менен Тих чөлүндө суусуз калган Исраил уулдарына суу ихсан кылды. Аллаху тааланын буйругу менен Муса алейхиссалам асасын жерге уруп, он эки булак жерден чыгып, Исраил уулдары ушул булактардан суу ичишти. Аллаху таала аларга «салва» делген бөдөнө эти менен «ман» делген кудурет халвасын ихсан кылды. Акыры: «Биз буларды жегенден тажадык, буурчак, пияз сыяктуу жашылча жемиштерди каалайбыз», – дешти.
Бул жакшылыктардын кадырын билбеген Исраил уулдары Муса алейхиссаламдын Кенан диярында болгон Жаббар (заалым) коомдор менен урушууну каалоосун дагы кабыл кылышпады. Муса алейхиссаламга: «Сен жана Раббиң жаббарларга каршы барып согушкула», – дешти. Муса алейхиссаламдын туугандарынан болгон Карун Муса алейхиссаламга карата жалаа жапкандыгы үчүн мал-мүлкү, байлыгы менен жердин түбүнө киргизилди. Исраил уулдары мындай ашынгандыктарды көрсөткөндүктөрү үчүн Аллаху таала аларды кырк жыл бою Тих чөлүндө калуу менен жазалады. Кырк жыл бою Тих чөлүндө бечара абалда тегеренген Исраил уулдары акыры куруп жок болушту.
Арадан көп убакыт өтүп, Исраил уулдарынын балдары баш ийүүчүлүк сапатта, согуша турчу абалда өсүп жетилишти. Бул арада Харун алейхиссалам дагы көз жумган эле.
Муса алейхиссалам Исраил уулдарын алып, Лут көлүнүн түштүк тарабына алып келди. Бул жерден да чыгышып, Үч миң Унк аттуу заалым бир королдун аскер ордосу менен согушуп, жеңишке жетишти. Ушундайча Шериа дарыясынын чыгышына ээ болушту. Эриха дарыясынын каршысындагы тоого чыгышты. Бул жерден Кенан дияры көрүнчү эле. Ушул тапта жүз жыйырма жашта болгон Муса алейхиссалам көз жумду.
Муса алейхиссаламдын каерде көз жумгандыгы жана кабырынын каерде экендиги тууралуу түрдүү риваяттар бар. Кудус айланасында же Набу тоосунда болгондугу да айтылат. Хазрети Мусанын шарияты (билдирген дини) Хазрети Исанын жиберилүүсүнө чейин уланды. Экөөнүн арасында келген пайгамбарлар Муса алейхиссаламдын шарияты менен амал кылууга милдеттенишкен. Исраил уулдары кийин Тооратты өзгөртүп, хак динден алыстап, жетимиш бир фыркага (топко) бөлүнүштү. Булар Яхудилер деп аталышкан.
Муса алейхиссаламдын мужизалары:
1- Асасынын ажыдаар (чоң жылан) болуусу.
2- Йад-и Байда: Оң колун койнуна салып чыгарганда күн сыяктуу жаркыроосу. Бул нурду көргөн душмандары качышчу.
3- Коому менен Кызыл Деңиздин жээгине келгенде асасын сууга уруп, деңизде жол ачылуусу.
4- Тих чөлүндө коому суусуз калып, суу сурашканда асасын бир ташка уруп, Бани Исраил урууларынын санынчалык он эки булактын агуусу.
5- Фараон менен Кыбти коому Исраил уулдарына зулумдук кылышканда жана Муса алейхиссаламга ишенбей каршы чыгышканда Аллаху таала Хазрети Мусага топон мужизасын берген. Өтө каатуу жамгыр жааган. Ошончолук караңгы жана бороон болуп, эч ким үйүнөн сыртка чыга албады. Ай менен Күн жарыгы көрүнбөс болду. Кыбтилердин үйлөрүн суу басты. Отура албай тике турушту. Суу кекиртектерине чейин көтөрүлдү. Исраил уулдарынын үйлөрүнө болсо бир тамчы да суу кирген жок. Фараон менен Кыбти коому бул балээнин кетирилүүсүн суранышып, ыйман келтире тургандыктарын айтышты. Балээ кетти, бирок, кайра ыйман келтиришпей, башка балээлерге тап болушту.
6- Кыбти коомунун эгиндерин, жемиштерин жана кийген кийимдерин, үйлөрүнүн чатырын жеген чегиртке каптоосуна дуушар болуусу. Бул чегирткелер Исраил уулдарына эч тийбестен, Фараондун коому болгон Кыбтилерге жабышкан.
7- Бит менен эгин курту делген курттардын Муса алейхиссаламдын мужизасы катары Кыбти коомуна жармашуусу.
8- Курбака мужизасы. Кыбти коому ар балээге түшкөн сайын балээ баштарынан алынганда ыйман келтире тургандыктарын айтууларына карабай, сөздөрүнөн баш тартууларынан кийин биринин артынан бири келген балээлерге учурашты. Курбакалардын каптоосу бул катуу балээлердин бирөө эле. Курбакалар алардын тамак-аштарына, суусундуктарына түшүп калчу. Бир сөз айткылары келип ооздорун ачканда бир нече майда курбака ооздорунан ашказанына кирчү. Түнү төбөлөрүнө топтошкон курбакалардын ызы-чуусунан уктай алышчу эмес. Фараон эгер бул балээ алынса ыйман келтире тургандыгын айтканы менен балээ кеткенде баары бир ыйман келтирбеди.
9- Кан балээси. Мысырдагы бүткүл суулар Кыбтилердин суу идиштерине толтурулуп атканда канга айланчу. Ушундайча суусуздуктан чарасыз калышкан. Исраил уулдарына болсо мындай нерсе болчу эмес.
10- Исраил уулдарынан бири өлтүрүлгөн кезде ким өлтүргөндүгү билинбегенде, Муса алейхиссаламдын дубасы менен тирилип, өзүн өлтүргөн киши ким экенин кабар берген.
11- Муса алейхиссалам коому менен Тих чөлүнө кезгенде коомунун азыктары калбагандыгы үчүн Муса алейхиссаламга келип: «Бала-чакабыз менен ачкалыкка чыдай албай жатабыз», – дешти. Муса алейхиссалам Аллаху таалага дуба кылды. Кудурет халвасы менен бөдөнө шишкебеги түшүрүлдү. Качан кааласа алдына даяр болчу.
12- Хазрети Мусанын дубасы менен кургакчылыктан какырап куураган эгиндер, көк шиберлер жана мөмө жемиштер эски абалдарына кайткан.
13- Хазрети Муса Тих чөлүндөгү Исраил уулдарынын кандай абалда экендиктерин билгиси келгенде, бир карышкыр келип алардын абалдары тууралуу кабар берген.
14- Хазрети Мусанын дубасы менен сары тикендер алтын болгон. Малы-мүлкү жана байлыгы менен менменсинип, ага каршы чыгуусунан улам байлыгы менен кошо жерге киргизилген Карун бул мужизанын астында алсыз калып, көралбастык кылчу.
15- Сапарга чыкканда Хазрети Мусага узак жолдор кыскарып, кыска убакытта нечен узак аралыктарды басып өтөр эле.
16- Курани каримде Муса алейхиссалам тууралуу 136 жерде баяндалууда. Ал тууралуу көп хадиси шариф бар. Курани карим жана хадиси шарифтерде Хызыр алейхиссалам менен өткөргөн саякаты билдирилүүдө. Вахий жеткирүү үчүн Жабраил алейхиссалам ага төрт жүз жолу келген.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
«Өзүмдү пайгамбарлар арасында көрдүм. Муса алейхиссалам өйдө туруп намаз окуп жаткан эле. Эсмер эле, чачтары уйпаланган, ташталган эмес эле. Зат уруусунан бир жигит сыяктуу эле.»
«… Кийин бизди алтынчы асманга карай көтөрдү. Жибрил (алейхиссалам) анын эшигин какты. «Ким ал!» – делди. «Жибрил», – деди. «Жаныңдагы ким?» – делди. «Мухаммед», – деди. «Ага чакыруу жиберилгенди?» – делди. Жибрил: «Ага чакыруу жиберилген», – деди. Ошондон кийин эшик ачылды. Мен ал жерде Муса (алейхиссалам) менен көрүштүм. Мага мархаба деп, кайырлуу дуба кылды.» (www.islamdini.kg)