Орозо айынын болжолдуу датасы белгилүү болду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мусулмандардын Орозо күнүнүн болжолдуу башталыш күнүн аныктады.

 Бул тууралуу Kaktus Media порталы КМДБнын басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
 Алдын ала маалыматтарга караганда, быйыл ыйык Рамазан айы 13-14-апрелде башталат.
КМДБ ошондой эле болжолдонгон күн өзгөрүшү мүмкүн деп белгиледи. Акыркы чечим дин кызматкерлери айдын жаңыруу абалын белгилегенден кийин кабыл алынат.
Рамазан – мусулмандар үчүн ыйык орозо айы жана исламдын беш түркүгүнүн бири.
 Орозодо күндүзү орозо кармагандар жегенден, суу ичкенден жана башка суусундуктардан, тамеки жана жыныстык жакындык мамилелеринен, ошондой эле Аллахка жакпаган иштерден баш тартышат.
Ооз жабуу эртең мененки намаздан беш мүнөт мурун башталып, күн баткандан кийин (шам намазынын башталышы менен) бүтөт.
Рамазан айында мусулмандар жаман жактарын оңдоп, таза ойлор менен жашоого аракет кылышат.

Комментарий жиберүү