Бүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын (с) түнкү саякатынан алынчу сабактар

Биздин замандын 620-жылы Ражаб айынын 27сине караган түнү Пайгамбарыбыз Мухаммед (с) керемет түнкү саякатка чыккан. Пайгамбарыбыз Меккеден Иерусалимге (Аль-Кудс) алып келинип, андан ары жогору көтөрүлгөн. Бүгүн, 10-марттан 11-мартка караган түнү “Аль-Исра валь-Мираж” деген ат менен белгилүү дал ушул керемет түнкү саякат орун алган.

Ыйык Куранда бул тууралуу “Исра” сүрөсүнүн 1-аятында мындай деп айтылат:“Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Акса мечитине, түн ичинде пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал – Угуучу, Көрүүчү!”

620-жыл биздин сүйүктүү пайгамбарыбызга ﷺ абдан оор жылдардан болгон. Бул жылы ал сүйүктүү жубайы Хадижа жана аны дайыма колдоп келген абасы Абу Талибден айрылып калган. Мындай оор учурда Аллах Таала Өз пендесин колдоп, аны “Аль-Акса” мечитине, андан соң асманга көтөрүп кеткен.

Кыргызстан муфтиятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов ар бир мусулманга бул окуяны тереңден түшүнүү зарылчылыгы бар экенин айтты. Биринчиден, дал ушул түнкү саякатта пайгамбарыбыз ﷺ адамдын жашоосу үчүн эң маанилүү жана чоң өкүм намазды алып келген.

Экинчиден, бул – пайгамбарыбызга ﷺ гана таандык болгон жападан жалгыз окуя.

Аль-Исра валь-Мираждан (түнкү саякат) алына турчу сабактар:

– Намаздын баалуулугу: диндеги өкүмдөр пайгамбарыбызга ﷺ Жебрейил периште аркылуу келген. Ал эми намазды Аллах Таала пайгамбарыбызды ﷺ асманга көтөрүп, Өзү тартуулаган.

– Аллах Таалага баш ийбөөнүн коркунучу: түнкү саякат учурунда пайгамбарыбызга ﷺ Жараткандын буйруктарын бузган күнөөкөрлөргө даярдалган тозок жана жазалоонун түрлөрү көрсөтүлгөн. Алардын арасында оор жазалоону дин илимин башкаларга үйрөтүп, бирок өзүлөрү амал кылбаган аалымдар; ушакчылар жана жалаа жапкычтар; сүткорлуктан пайда тапкандар жана тамактангандар, ойноштук кылгандар; элдерди алдагандар, зекет бербегендер жана намазга бейкапар мамиле жасагандар алышат.

– Бул саякаттын маанилеринин бири ошол кезде оор сыноолорду баштан өткөрүп жаткан пайгамбарыбыздын ﷺ жана анын сахабаларынын көңүлүн көтөрүү, кайрат берүү болгон.

– Аль-Исра валь-Мираж саякатында Аль-Акса мечити жана анын айланасынын тарыхый мааниси көрсөтүлгөн. Анткени дал ушул мечит орун алган жер бардык пайгамбарлардын чогулуп жана намаз окуй турган жери катары тандалып алынган.

Комментарий жиберүү