Муфтий Ирандын элчиси менен жолугушту. Эмне сөз болду

Муфтий Ирандын элчиси менен жолугушту. Эмне сөз болду

Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Голям Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда тараптар бири-бирин ыйык Рамазан айы менен куттуктап, кыргыз-иран кызматташтыгын чыңдоо, маданий алакаларды бекемдөө боюнча пикир алышты. Абдулазиз кары Закиров атайын убакыт бөлүп, зыярат кылган ирандык делегацияга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады. Айта кетсек, жолугушууга Иран элчисинин орун басары Мостафа Кебритчи, Маданият өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин…

Прочитайте больше

“Биздин кылымдагы эң ырайымсыз геноциддердин бири”: Эрдоган ифтарда Газа тууралуу эскерди

“Биздин кылымдагы эң ырайымсыз геноциддердин бири”: Эрдоган ифтарда Газа тууралуу эскерди

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Газадагы кырдаал тууралуу айтты – саясатчы бүгүнкү күнү Ыраакы Чыгыштагы болуп жаткан окуяларды геноцид деп атагандыгын “Анадолу” агенттиги билдирди. Түрк лидери Стамбулда “Эски достордун ифтарында” ушинтип сүйлөдү.  Эрдоган бул Рамазан Газадан улам караңгы жана кайгылуу болуп саналарын айтты. “Биздин кылымдагы өтө ырайымсыз геноциддердин бири Газада болууда, ал жакта биздин дээрлик 40 миң боордоштурубуз, негизинен балдар жана аялдар өлтүрүлдү, 73 миң палестиналыктар жарадар болду жана 7 миңден ашык күнөөсү жок адамдар…

Прочитайте больше

Бишкекте «Рамазан чатыры» ачылды. Ага Түркиядан келген белгилүү ашпозчу Бурак Оздемир катышты. Сүрөт, видео

Бишкекте «Рамазан чатыры» ачылды. Ага Түркиядан келген белгилүү ашпозчу Бурак Оздемир катышты. Сүрөт, видео

Кечээ кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде жыл сайын өтүүчү “Рамазан чатыры” кайрымдуулук акциясы башталды. Быйылкы иш-чаранын ачылышы аземине Кыргызстанга биринчи жолу келген түркиялык белгилүү ашпозчу, меценат Бурак Оздемир катышты. Кайрымдуулук акциясы «Умма» ислам фонду жана журналы тарабынан 9 жылдан бери уюштурулуп келет. Долбоор ишке ашырылган сегиз жылдын ичинде Ош жана Бишкек шаарларында 50 миңден ашык адам конок болушкан. Ооз ачыруу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, кары-картаңдарга, майыптарга, жетим балдарга жана калктын аялуу катмарына ​​уюштурулат….

Прочитайте больше

Ирандыктар ыйык Рамазан айын кандай өткөрүшөт?

Ирандыктар ыйык Рамазан айын кандай өткөрүшөт?

Рамазан айы башталып, дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандар мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт. Рамазан айы ар бир өлкөнүн мусулман коомчулугунда калыптанып калган кылымдардан бери келе жаткан салттар боюнча өткөрүлөт. Ар бир улуттун же өлкөнүн бул айды кандай өткөргөнүнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Биз алдыдагы…

Прочитайте больше

Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Азыркы учурда дүйнөдөгү мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт. Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Орозо  айы кандай өтүп жактанын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук Курултайдын катышуучуларына ооз ачар өткөрдү.  Ирандын Мешхед шаарындагы Имам Реза мавзолейинин аянтындагы ооз ачууга…

Прочитайте больше

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Голан дөңсөөсүнө жетти

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Голан дөңсөөсүнө жетти

Казакстандын аскер кызматкерлери Голан дөңсөөсүнө жетти. Бул тууралуу 16-мартта коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Алар Дамаскка учак менен барышып, ал жактан Фауар бейпилдик базасына автоунаа менен жетишкен. Ведомство кабарлагандай, тапшырманы аткаруу үчүн ал жакка керектүү аскердик техника жөнөтүлдү. Казак отрядынын курамында 139 аскер кызматкери бар. Бөлүм брондолгон унаалар, КамАЗ, микроавтобус жана жол тандабастар менен жабдылган. Буга чейин казак бийлиги 430 чакты жоокер Голан дөңсөөлөрүндөгү жана Түштүк Судандагы байкоочу миссияларына катыша турганын билдирген. Быйыл январда парламенттин…

Прочитайте больше

Афганистандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнө кол салбай тургандыгын билдирди

Афганистандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнө кол салбай тургандыгын билдирди

«Талибан» Борбор Азия өлкөлөрүнө кол салбай тургандыгын билдирди. Бирок аймактын расмий өкүлдөрү Афганистандан коркунуч болуп жаткандыгын жарыялап келишет.  «Талибандын» расмий өкүлү  Забихулла Муджахид өлкө толугу менен кыймылдын көзөмөлү астында экендигин жана кошуналарга кол салбай тургандыгын билдирди. Ошондой эле ал башка мамлекеттердин өкүлдөрүн тынчсызданбоого чакырды.  Ушундай эле билдирүү жарым жыл мурда, 2023-жылы августта да жасалган. Анда талибдер Афганистандын аймагынан Борбор Азия өлкөлөрүнө эч кандай коркунуч болбостугун тастыкташкан. «Дари» радиосу өз  эфиринде билдирүү жасаган  Забихулла Муджахиддин сөзүн…

Прочитайте больше

Э. Байсалов эл аралык коомчулукту жана АКШны Израилдин Газадагы кыргынын токтотууга

Э. Байсалов эл аралык коомчулукту жана АКШны Израилдин Газадагы кыргынын токтотууга

Израилдин кыргынынан Газада 13 миң бала, БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал алгач ардагерлерди жана дипломатиялык кызматкерлерди мааракелери менен куттуктап, бул жылдар аралыгында кыргыз дипломатиясынын башатында өлкөбүздүн көрүнүктүү дипломаттары, патриоттору, мамлекеттик жана илимпоздору иштегенин белгиледи. “Бүгүн биз эл аралык кырдаалдын динамикалуу өнүгүшүнө күбө болуп жатабыз….

Прочитайте больше

С. Жапаров В. Путинди Россиянын Президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

С. Жапаров В. Путинди Россиянын Президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Владимир Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Россия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча даанышман саясатты жана жан аябас эмгекти жогору таануусунун жана колдоосунун ачык далили экенин белгиледи. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин…

Прочитайте больше

Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Нооруз – Иран жана түрк элдеринин улуттук майрамы, адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири. “Нооруз” сөзү перс тилинен которгондо «нав» – жаңы жана «руз» – күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн» дегенди билдирип, күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирет. Ал күн менен түн теңелген маалда, иран календары боюнча фарвардин айынын биринчи күнү (21-мартта) белгиленет. Нооруз түрдүү элдерде ар кандай – Новруз, Навруз, Нуруз, Невруз, Наурыз, Нооруз ж.б. деп аталат. 2010-жылдын февраль айынын аягында…

Прочитайте больше

Бүгүн Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Ирандын Пакистандагы элчилигинин билдирүүсү

Бүгүн Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Ирандын Пакистандагы элчилигинин билдирүүсү

Иран Ислам Республикасынын Пакистандагы элчилиги Исламофобияга каршы эл аралык күнүнө карата билдирүү жасап, бардык өлкөлөрдү, өзгөчө ислам өлкөлөрүн улуттук жана эл аралык мыйзам жана эрежелердин алкагында исламофобия, диний зомбулук жана терроризмге каршы күрөшүүгө чакырды. 15-март – Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. БУУнун эскерүү датасы Пакистан жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) демилгеси менен 2022-жылдын март айында уюмдун Башкы ассамблеясынын резолюциясы менен белгиленген. Резолюцияны ИКУнун 60 мүчөсү колдогон. Быйыл Исламофобияга каршы эл аралык күн экинчи жолу белгиленет. Иран элчилиги…

Прочитайте больше

Өзбекстан менен Иран студенттерди алмашып окутат

Өзбекстан менен Иран студенттерди алмашып окутат

Өзбекстан менен Ирандын алдыңкы университеттери студенттерди алмашуу программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну көздөп жатат. Бул боюнча маселени Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен Иран Ислам Республикасынын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президенти Энсия Хазали Нью-Йорктогу жолугушууда талкуулашканын Өзбекстандын Жогорку палатасынын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилей кетсек, БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 68-жыйыны өтүп жатат. Жыйын 12-марттан 22-мартка чейин созулат. Бул БУУнун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча жыл сайын өтүүчү эң ири жыйын…

Прочитайте больше

Россияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды

Россияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды

Бүгүн, 15-марта Россияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды. РИА Новости маалымдагандай, ал үч күнгө созулуп, негизги добуш берүү күнү 17-мартта болот. Россиянын президенттигине төрт талапкер аттанган: Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков.  Шайлоочулар жана участкалар Өлкө боюнча шайлоо участкалары салттуу түрдө добуш берүүнүн биринчи күнү, 15-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылып, 20:00гө чейин ачык болот. Бирок Камчатка менен Чукоткада 14-мартта Москва убактысы боюнча саат 23.00дө, ал эми Москва убактысы боюнча так түн жарымында…

Прочитайте больше

Макрон Россияга каршы турууга даяр экенин билдирди

Макрон Россияга каршы турууга даяр экенин билдирди

Франциянын президенти Эммануэль Макрон France 2 телеканалына берген маегинде өлкөсү Россия тараптан мүмкүн болгон эскалацияга жооп кайтарууга жана анын “жеңбешине кепилдик бере турган чечимдерди кабыл алууга” даяр экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Бүгүн биз үчүн каршылык көрсөтүүнүн учуру келди. Россия эскалацияны мындан ары да улантса жана кырдаал курчуп кетсе, биз ага даяр болушубуз керек жана биз Россия эч качан жеңип кетпей турган чечимдерди кабыл алууга даярбыз деп айтууга ылайыктуу учур. Максатыбызга жетүү үчүн…

Прочитайте больше

Африкадагы какао чыгарган заводдор токтоп калды

Африкадагы какао чыгарган заводдор токтоп калды

Кот-д Ивуар жана Ганадагы какао чыгарган ири заводдор ишин токтотту же кыскартты. Себеби алар мындан ары шоколад жасай турган какао-бобду сата албайт. Буга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча шоколаддын баасы жогорулап кетиши күтүлүп жатат. Бул эки африкалык өлкөлөргө дүйнөлүк какао өндүрүшүнүн 60%ы туура келет. Шоколад өндүрүүчүлөр азыр эле какаонун түшүмү төмөн болуп жаткан үч жылдан кийин буюртмачыларга бааны көтөрүштү, эми төртүнчү жылы түшүм кандай болору белгисиз. Мындан тышкары, жакынкы мезгилде  Кот-д’Ивуарда дагы бир нече ири мамлекеттик…

Прочитайте больше
1 2 3 4 180