Суроо: Салам берип жатканда эл арасында: «Салавалейким» – деп жатабыз. Бир-эки адам болсо: «Салавалейкимдер» дей салабыз. Ушул сөз туурабы? Мааниси кандай? ЖООП: Салам бергенде “Ассаламу алейкум” деп айтылат. Саламды алганда “Ва алейкум ассалам” деп айтылат. “Салавалейким” деген сөздүн эч кандай мааниси жок бош сөз. Артына көптүк түрдүн мүчөсүн улоо да туура болбойт. Көп адамга да, бир адамга да “Ассаламу алейкум” деп салам берилет. Салам берүү сүннөт, ал эми саламды алик алуу парз. Салам берээрде саламдын сүннөт экендигин ойлонуу керек жана ал адамга…
Прочитайте больше02
Сүйлөө адеби
Сүйлөө адептеринин биринчиси – көп сүйлөбөө. «Көп сөз жалгансыз болбойт, көп мал арамсыз болбойт» деген сөз бар. Көп сүйлөө – зээндин кемчилигинин жана акылдын аздыгынын белгиси. Адамдын урматын, кадырын кетирет. Хазрети Айша энебиз мындай деген: «Эч бир сөзү бош болбогон Расулуллах алейхиссалам аз жана орундуу, так-даана сүйлөчү. Бир мажилисте сөз сүйлөсө мубарек оозунан чыккан сөздөрүн саноого болор эле.» Бирөө сага карап сүйлөсө ал сөзүн бүтүрө электе жооп берүүнү баштаба. Акылдуу киши суроону көңүл коюп угат, суроо коюлуп…
Прочитайте больше