Акчаңыз жок болсо да садака бере аласыз. Бирок кантип?

Муктаж адамдарга берген садакаңызга 70 эсе, балким андан да көп сооп жазыла турган куттуу Рамазан айындабыз. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, көп-көп садака берип калууга шашылуу зарыл. А эгер акчаңыз жок болсо кантип садака берүү керек?

Дал ушундай суроо 1400 жыл мурун сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге да (Алланын ага салам-салаваттары болсун) берилген. Ага Ал мындайча жооп берген:“Адамдар өзүнүн ак эмгеги менен тапкан берекесинен өзүнө пайда келтирип, садака берсин. Анда бир киши мындай суроо салат: “О, Алланын элчиси, эгер ал муну кыла албасачы?” Алланын Элчиси: “Анда ал оор кырдаалда калган адамга жардам берсин”. “Муну да кыла албасачы?” “Анда ал жакшылыкка себепчи болсун, жаман нерседен тыйылсын, бул ал үчүн садака болот”, – деген. (Бухари, Муслим)

Жогорудагы хадистен байкагандай эле, садака бул материалдык гана жардам эмес, жакшы иштерди жасоо да болуп эсептелет. Биз эч кандай акча сарптабастан садака кылууга мүмкүн болгон 10 идеянын топтомун түздүк.

1- Таарынышып кеткен 2 адамды элдештиргенге аракет жасаңыз

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун), эң чоң садаканы таарыныш кеткен адамдардын ортосун оңдогон киши бериптир деп айткан.

2- Адамдын оор жүгүн көтөрүшкөнгө жардам бериңиз

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун): “Адамдын оор жүгүн аттын үстүнө көтөрүшүп коюу да садака”, – деген. [Бухари, Муслим].

3- Адамга жагымдуу сөз айтып, комплимент жасаңыз

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун), жакшы сөз бул – садака деген.

4- Эгерде жолдон таштандыны көрсөңүз аны таштанды кутучасына алып барып коюңуз, жолдогуларга кедерги тийгизген нерсени байкасаңыз аны коопсуз жерге жылдырыңыз

“Жолдон адамдарга зыян келтирүүчү нерсени алып коюу бул – садака” [Бухари, Муслим].

5- Элдерге жылмаюу, жакшы маанай тартуулаңыз

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) “мусулмандын мусулманга жылмаюусу – садака” деген.

6- Эгер сизден кимдир-бирөө карыз алса, анын кайтарып берүүчү мөөнөтүн узартып, же карызыңызды кечип койсоңуз болот

“Кыйын кырдаалда калган адамга карыз берүүчү анын карызын кайтаруучу мөөнөттү узартса, же карызын кечип койсо, Аллах Таала кыяматта аны Өз көлөкөсүнө алат” (Ат-Тирмизи).

7- Балаңызга же таанышыңызга, жок дегенде, кыска сүрө жаттаганга жардам бериңиз.

“Силердин эң жакшыңар – Куран окугандар жана аны башкаларга да үйрөткөндөр” (Бухари).

8- Адашып калган жолоочуга жолун тапканга жардам бериңиз

Аллахтын Элчиси: “Жолунан адашкан жолоочуга жолун табышууга жардам берүү да садака”, – деген.

9- Жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу да садаканын бир түрү

“Арамдан тыйылгыла, анткени бул силер үчүн – садага”. [Бухари, Муслим].

10- Аллахты эстегиле, бул – силерге садага

Субхана-Аллах (Аллах кемчиликсиз)”, “Аллаху акбар (Аллах – улуу)”, “Аль-хамду ли-л-лах (Аллахка мактоолор болсун)”, “Ля иляха илля-л-лах (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок)” деген сөздөрдү көбүрөөк айткыла.

Абу Зарра (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт: “Бир нече сахабалар Пайгамбарыбызга: “ О, Алланын Элчиси, байлар бардык соопторду алышат. Алар биз сыяктуу эле сыйынышат, орозо кармашат, жана өзүлөрүнөн арткан байлыктан бөлүшүшөт”. Анда Пайгамбар: “Аллах силер да садага берчү нерсени жараткан жок деп ойлойсуңарбы? Чындыгында, ар бир тасбих (Субхана-Аллах) –Кудайга жаккан иш, ар бир такбир (Аллаху акбар) – Кудайга жаккан иш, ар бир тахмид (Аль-хамду ли-л-лах) – Кудайга жаккан иш жана ар бир тахлил (Ля иляха илля-л-лах) – Кудайга жаккан иш”, – деген.

Жогорудагы жөнөкөй кеңештерди аткаруу менен Аллахтын сан жеткис соопторун алууга мүмкүн. Аллах дуба-тилектерибизди кабыл кылсын!

Комментарий жиберүү