Иерусалим (аль Кудус) тууралуу маанилүү 10 факт

Иерусалим жана андагы Аль-Акса мечити тууралуу билесизби? Алар ыйык шаар жана ыйык мечит саналып, исламдын маанилүү символдорун түзөт. Төмөндө Иерусалим жана Аль-Акса тууралуу маанилүү жана кызыктуу 10 фактыны сунуштайбыз.

1- Иерусалимдеги аль-Акса мечити – Исламдын маанилүү символдорунун бири.

2- Аль-Акса – мусулмандардын биринчи кыбыласы. Аллахтан кабар келгенге чейин мусулмандар 16-17 ай бою бул мечитти карай түздөнүп намаз окушкан.

3- Аль-Акса -жердеги 2-мечит.

“О, пайгамбарыбыз! Кайсы мечит жер жүзүндө биринчилерден болуп салынган?”, – деп сурашканда, ал: “Харам мечити (аль-Масжид аль-Харам)”, – деп жооп берген. “А андан кийинчи?”, – деген суроого “Алыскы мечит (аль-Масжид аль-Акса)”, – деп айткан.

4- Аль-Аксада азанчы Билал пайгамбарыбыздын көзү өткөн соң (5 жылдан соң) биринчи жолу азан чакырган. Сахабалар сүйүктүү пайгамбарыбызды эстеп ыйлашкан.

5- Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинде пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) миражга көтөрүлгөн. “Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Акса мечитине, түн ичинде пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал Угуучу, Көрүүчү (Исра сүрөсү, 1-аят)

6- Иерусалим -кан төгүлбөй алынган өлкө. 637-жылы мусулмандар адилеттүү падышалардын бири Умардын жетекчилигинде бул шаарга согушсуз кирип келишкен. Шаардын патриархы Софроний Иерусалимдин ачкычын жеке өзү Умардын колуна тапшырган.

7- Иерусалим- бардык пайгамбарлар жана периштелердин изи түшкөн жер.

8- Иерусалим – кыямат күнү элдердин баары чогулуп, сурак бере турган жер. “О, Алланын элчиси, бизге Иерусалим тууралуу айтып берчи”, -деп сурашканда, пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун): “Бул жер баары чогулуп, сурак бере турчу жер”, – деген.

9- Аль-Акса дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар келүүнү самаган мечит. Пайгамбар Сулайман өзүнүн дубаларынын биринде аль-Акса мечитине келип намаз окугандардын күнөөлөрүн жаңы төрөлгөн ымыркайдай таза кылып кечиришин сураган. Мусулмандар бул мечиттин маанисин билгендиктен, ал жакта 2 рекет намаз окуп алууну кыялданышат. Умар ибн аль-Хаттабдын уулу Абдуллах ибн Умар атайын Мединадан Аль-Аксага намаз окуу үчүн келген. Ал өзүнүн бул жакка келгендеги ниетин ушунчалык таза тутканды самагандыктан, Иерусалимде суу да ичкен эмес.

10- Иерусалимде жашагандарга колдоо көрсөтүү жана тилектештик билдирүүнүн мааниси зор. “О, Пайгамбар, бизге Иерусалим тууралуу айтып берчи”, – деп сурашканда, “Ал жакка барып намаз окугула, эгер анте албасаңар, анда бул жерде чырактарды жандырганга май жиберип тургула”, – деген. Ислам аалымдары бул хадиске берген түшүндүрмөлөрүндө: “Эгер сизде бул мечитке барууга мүмкүнчүлүк болбосо, аны жакшы көрүп, ага дуба кылып, ал тууралуу башкаларга айтып берип турууну токтотпогула. Ал жакка өзүңөрдүн жардамыңарды, тилектештигиңерди билдирип туруу үчүн колуңардан келген нерсенин баарын жасагыла”, – деп айтышат.

Комментарий жиберүү