Грузияда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору депутаттарды мушташтырып, элди көчөгө чыгарды

15-апрелде Грузия парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитети “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Өлкөдөгү оппозиция өкүлдөр бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгууда. Талаштуу мыйзам долбоору парламент депутаттарын мушташтырып, миңдеген адамды көчөгө чыгарды. Демонстранттар тартип сакчылары менен кагылышып, бир канча адам кармалганы маалымдалды.

Депутаттарды мушташтырган мыйзам

Грузияда кабыл алынганы жаткан “чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзам долбоору парламент комитетинде каралып жатканда оппозициячыл “Жарандар” партиясынын лидери Алеко Элисашвили парламенттеги көпчүлүк коалициянын өкүлү, “Грузин кыялы” партиясынын лидери Мамука Мдинарадзеге кол көтөрүп, мушташа кетти. Аларды ажыратуудан майнап чыккан жок, мушташ коридордо да уланды.

Буга чейин бийликчил “Грузин кыялы” партиясы былтыр март айында да коомдо массалык баш аламандыктарга алып барган “чет элдик өкүл” боюнча мыйзам долбоорун кайра парламентке алып чыккан. Анда “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорунда “чет элдик таасирдин өкүлү” деген терминдин ордуна “чет элдик күчтүн кызыкчылыгын көздөгөн уюм” деген термин колдонулган.

Тбилисиде мыйзам долбоорун кайра чакыртып алуу талабы менен байма-бай нааразылык акциялары башталган. Оппозиция бул мыйзам долбоорун орусиялыкынын аналогу деп эсептеп келет.

15-апрелдин кечинде миңдеген грузиндер парламент имаратынын алдына “Чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына каршы митингге чыгышты. Тартип сакчылары аларды полицияга баш ийүүгө чакырып, болбосо күч колдонулаарын эскертишти.

Бирок митингчилер нааразылык белгиси катары колдорун өйдө көтөргөн абалда парламентти курчап алышты жана Грузия менен Евробиримдиктин желектерин көтөрүп турушту.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, митингчилер менен кагылышуу болуп, андан бир полиция кызматкери жаракат алганын жана 14 адам кармалды.

Грузиянын президентинин пикири кандай?

Башкаруучу “Грузин кыялы” партиясы “Чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу менен өлкөнүн кызыкчылыгы корголо турганын билдирип келет.

Бирок президент Саломе Зурабишвили бийликтеги бул партиянын саясий чечимдери, тактап айтканда, “чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзамды илгерилетүү менен Орусиянын куралына айланып жатканын белгиледи.

Ал декабрда Грузия Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер статусун алып, футбол командасы Европа чемпиондугуна жолдомо алгандан кийин, башкаруучу партия кайрадан мыйзам долбоорун кароону демилгелеп, коомчулукту экиге бөлгөндүгүн айтты. Президент мындай чечим Орусия үчүн гана пайдалуу экенин кошумчалады.

Чуулгандуу “чет элдик өкүл” мыйзамы тууралуу эмнелер белгилүү?

2023-жылдын 7-мартында Грузиянын парламенти “чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Андан кийин өлкөнүн борборунда массалык митингдер башталып, аларды полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтар менен таркаткан. Нааразы болгон жарандар парламенттин имаратына таш ыргытып, өрттөп жиберишкен. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ал күндөрү демонстрацияларда 133 адам кармалган. Кийин бийлик бул документти парламенттен чакыртып алган.

Апрель айынын башында башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын катчысы Мамука Мдинарадзе өкмөт “чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзамды кароого кайтып келерин айткан. Ал белгилегендей, ушуга окшош мыйзамдар АКШ, Израил жана Австралияда да иштеп келатат.

Документке өлкө президенти Саломе Зурабишвили вето коюуну пландаган.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе грузин бийлиги “чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзамга карата бекем позицияны карманып жатканын, бирок Тбилиси аны батыш өнөктөштөрү менен талкуулоого даяр экенин белгилеген.

Өкмөт башчы бул мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдардын жана адистештирилген жалпыга маалымдоо каражаттарынын каржылык маалыматын жыл сайын ачыкка чыгаруу гана каралганын билдирген. Анын айтымында, каржылоонун ачыктыгы эч бир уюмдун ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизе албайт.

Өз кезегинде БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши “чет элдик өкүл” боюнча мыйзам долбоорун Грузиядагы сөз эркиндигине жана биригүү эркиндигине коркунуч деп баалап, өлкө бийлигин документти чакыртып алууга чакырган.

Комментарий жиберүү