Кадыр ажы Маликов окурмандардын үй-бүлө тууралуу актуалдуу суроолоруна жооп берди

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов “Дело №” гезитинин окурмандарынан түшкөн суроолорго кенен жооп берди. Окурмандарды көбүнчө учурда өтө актуалдуу болуп жаткан үй-бүлө мамилелери боюнча суроолор кызыктырган. Материал толугу менен “Дело№” гезитинен которулду.

Карантин убагында үй-бүлөлүк зордук –зомбулук күчөп кеткенин байкадык. Аялдарга кол көтөрүүгө ислам дини уруксат береби?

Ислам дининде аялдарга кол көтөрүп, зулумдук кылууга уруксат берилген эмес. Негизи эле Ислам боорукердикке, кечиримдүүлүккө жана мээримдүүлүккө чакырат. Шарият боюнча, эркек киши үйлөнгөндө, ага үй- бүлөсү үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Ал аялынын ар намысын , абийирин коргоп, аны материалдык жактан камсыздашы керек.

Куранда аялдарга жогорку деңгээлде мамиле кылынуусу керектиги айтылат. Алсак, бүтүндөй “Ан- Ниса” (“Аялдар”) сүрөсү аялдарга арналган. Ал сүрө аркылуу Кудай биринчи жолу чыгыш коомундагы аялдарга укук берген. Андагы аял менен эркектин укугунун ортосунда эч кандай айырмачылык жок.

Ислам келгенге чейин араб коомунда варвардык салттын негизинде жаңы төрөлгөн кыздарын тирүүлөй топуракка көмүү адаты бар эле. Куранда Кыяматта ар бир эркек бул кылмышы үчүн жооп берери айтылат.

Исламдын экинчи күчтүү булактарынын бири бул – Сүннөт, пайгамбарыбыздын (САВ) жүрүм-туруму жана айткан сөздөрү. Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) өзүнүн акыркы осуятында: “Аялдарыңарга ырайымдуу жана адилеттүү болгула”,- деген. Эгер биз пайгамбарыбыздын (САВ) жана анын сахабаларынын, биринчи адилеттүү халифалардын өмүр баянына көз жүгүртсөк, алардын аялдарга кол көтөргөн бир да учурун жолуктура албайбыз.

Бирок Куранда: “Эгер аялдарыңар адилетсиздик кылып жатса, анда аларды ургула”,- деген аят бар экен. Муну кандай түшүнөбүз?

Бул жерде эмне тууралуу сөз болуп жатат? Аялдын шариаттын эрежелерин бузгандыгы тууралуу айтылууда. Көптөр таң калышы мүмкүн, бирок шарият боюнча аял тамак жасап же үй жыйноого милдеттүү эмес. Ал мунун баарын күйөөсүнүн ыраазычылыгын (демек, Аллах Тааланын да ыраазычылыгын) алуу үчүн жасайт. Чыныгы мусулмандар – ыймандуу эркектер жана аялдар эч качан бири-биринин абийирине шек келтирбейт. А эгер аялы өзүн моралдык жактан туура эмес алып жүрүп жатса, анда күйөөсү аны жазалоого укуктуу болуп саналат. Бирок кантип?

Бул жерде чоң система бар. Алгач, күйөөсү аялына өзүнүн нараазычылыгын айтуусу керек, же ал менен сүйлөшүүнү токтотуусу абзел. Бул нерседен аял сабак албаса, анда күйөөсү жубайынан бөлөк төшөктө уктоону чечет. Бирок бул көрүнүш 3-4 күндөн ашпашы керек, болбосо эркек аялдын укугун бузган болуп саналат. Жогорудагы чаралар да аялга таасир этпесе, анда күйөөсүнө аялынын жумшак жерине акырын гана чабууга уруксат берилет. Бул кыймыл-аракет символикалуу гана болуп эсептелгендиктен, акырын гана колу менен аялынын ийнине чаап койсо, же арабдар тиш щеткасы катары колдонгон ичке таякча менен түртүп койсо болот. Мындан кийин дагы эч кандай жыйынтык болбосо, анда күйөөсү аялына талак бере алат.

Бул жерде түшүнүү керек болгон өтө маанилүү нерсе – Куран аялдарды сабоого уруксат бербейт. Эгерде коомдо салттык негизде аялдарга кол көтөрүү кадимки көрүнүш болгон болсо, ислам ал коомдо пайда болуу менен зомбулукту тыйган, андай көрүнүштүн жайылышына тоскоол болуу менен, зордук-зомбулуктун деңгээлин нөлгө чейин түшүргөн.

Жогорудагы аятты биз зордук-зомбулукка үндөө катары түшүнбөшүбүз зарыл. Бул аят, тескерисинче, белгилүү бир чектен чыкпоого чакырат. Келиңиздер, психолог болгонго аракеттенип, чындыктын көзүнө тик карап көрөлү: Биз канча жолу үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болбошу керек деп айтсак да, ал ар дайым боло берет. Анткени биз кайсы бир адамдын жеке маданиятына жана түшүнүгүнө жооп бере албайбыз. Аларды толугу менен өзгөртүү кыйын. Бардык коомдо маданияты төмөн, адеп-ахлагы жок адамдар болот. Алар үй-бүлөсүндө зордук-зомбулукту колдонушат. А ислам дини бул нерсенин баарын чектеп жатат.

Жогорудагы аятты бир тараптуу гана түшүнүү туура эмес. Анткени анын экинчи да мааниси бар. Аяттагы “аялдарыңарды акырын гана чаап койгула” деген – бул Куранды сөзмө-сөз түшүнүү. Аятта колдонулган “дараба” деген араб сөзү бир маанисинде “чабуу”, ал эми экинчи маанисинде “алыстап кетүү” деп которулат. Демек, биз жогоруда айтып өткөн тарбиялык чаралар аялдын моралдык жактан туура эмес жүрүм-турумуна жардам бербесе, анда эркек убактылуу аялынын жанынан алыстай турганы оң болот. Экөө убактылуу бири-биринен алыстаса, аял өзүнүн жүрүм-турумуна анализ жасап, үй-бүлө баалуулуктарына көз жүгүртүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дал ушул кадам коомубуздагы интеллигенттүү үй-бүлөлөрдө колдонулат. Аялы өзүнүн ата-энесинин үйүнө убактылуу жашаганга кете турат, же болбосо күйөөсү дачага же башка жакка кете турат.

Куран жүрүм-турумдун мына ушундай 2 моделин сунуштап жатканын көрүүдөбүз – зомбулук адаттагы көрүнүшкө айланган маданияты төмөн үй-бүлөлөр үчүн жана маданияты бар үй-бүлөлөр үчүн.

Ошондой эле, карантин учурундагы үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүнүн динге эч кандай тиешеси жок экендигин баса белгилеп айткым келет. Бул көбүнчө психология менен байланыштуу. Азыркы шаардык коомдо адамдардын убактысынын көп бөлүгү жумушка кетип, жубайлар бири- бири менен кечинде гана жолугушчу эле. Ал эми карантин учурунда алар көп убакыт бою үйдө бирге убакыт өткөрүп калгандыктан, алар бири- биринин адаттарын, мамиле куруу жөндөмдүүлүктөрүн унутуп калышкан. Бул үй- бүлөдө ар кандай көйгөйлөрдүн жаралышына себеп болду. Ал эми жубайлардын ислам эрежелери менен жашоосу, тескерисинче, үй-бүлөдөгү зомбулукту жана нараазычылыктарды алдын алат.

Эмнеге Ислам көп аялдуулукка уруксат берет? Анын мааниси кандай?

Кимдир-бирөөнү таң калтырышым мүмкүн: Ислам көп аялдуулукка уруксат бербейт, тагыраагы, көп аялдуулукка чакырып, аны кубаттабайт. Эгер тарыхка көз жүгүртө турган болсок, Ислам, тескерисинче, арабдардагы көп аялдуулукту чектеген. Ислам келгенге чейин араб жарым аралында жашаган көптөгөн бутпарастардын жыйырма, отуздан аялдары болгон.

Көп аялдуулукту жактагандар үч-төрт аял алууга уруксат берилген деп Курандагы аятка таянып айтышат. Бирок, эгерде аятты акырына чейин окуй турган болсок, анда Аллах Таала кандай шартта көп аял алууга уруксат бергенин көрүүгө болот: “Эгер силер аларга адилеттүү боло алсаңар…”. Бирок, аялдарынын баарына адилеттүү боло албаса, анда бир гана аял алууга милдеттүү.

Баса белгилеп кетчү нерсе, бул жердеги адилеттүүлүк түшүнүгүнүн мааниси өтө терең. Алсак, күйөөсү бардык аялдарын материалдык жактан бирдей камсыз кылышы керек, ошондой эле, бардык аялдары күйөөсү менен руханий баарлашууга, аны менен жакын болууга укуктуу. Эгерде күйөөсү аялдарынын ичинен бирөөсүнө адилетсиз мамиле жасай турган болсо ( мисалы, колу бошобой калып, ага көнүл бурбай калса), анда аялы Кыяматта бул үчүн күйөөсүн жоопко тартууну сурана алат.

Биздин коомдо көп аял алууну каалагандар, өзүңүздөр билгендей, жашына, сулуусуна баш кошушат. Бирок, Курандагы көп аял алуу жөнүндөгү аят мүмкүнчүлүгү чектелген, майып аялдарга, жетим-жесирлерге жоопкерчилик алуу, аларды бактылуу кылуу үчүн жөнөтүлгөн да. Такыба жана бай мусулмандар мына ушундай аялдарды үй-бүлө кылышы керек эле. Мындайча айтканда, бул кайсы бир деңгээлде эркек тарабынан өзүн курмандык кылуу болуп эсептелет. Жакшылап ой жүгүртө келгенде, ислам боюнча үй-бүлөнүн негизи- бул бир аял. Эки, үч, төрт аял – белгилүү бир кырдаалдардан келип чыккан эрежеден тыш көрүнүш болуп саналат. Мисалы, согуш мезгилинен соң жетим-жесирлердин көбөйүп кетиши жана башка.

Эгер көп аялдуулукка Кыргызстанда расмий түрдө уруксат берилсе, бул эмнеге алып келет? Гаремдердин пайда болушунабы?

Биздин коом көп аялдуулукка даяр эмес. Көп эркектер экинчи, үчүнчү аял мындай турсун, жалгыз аялына дагы адилеттүү мамиле жасай албай жатышат. Жадагалса, аялын материалдык жактан камсыз кыла албай, тескерисинче, алардын эсебинен жашашат. Эркектер аялдарына зулумдук кылат, балдарын тарбиялоодон баш тарткан көрүнүштөр көбөйүүдө. Бир аялдуу үй-бүлөлөр урап жатса, көп аял тууралуу кайдан сөз кылмак элек?

Ал эми көп аялдуулукка уруксат берүү үчүн бизге дагы көп бар. Алгач, эркектер шарият боюнча аялдарга кандай мамиле жасоо керектигин түшүнүүсү үчүн аларга руханий маданияттуулукту үйрөтүшүбүз зарыл. Көптөрүн көп аял алууга жакшылык кылуу, коомдогу көйгөйлөрдү чечүү эмес, болгону өзүнүн кумарын кандыруу маселеси түртүп жатат. Эркектерде мындай кумардын (шахват) болгондугу үчүн аларды күнөөлөбөйм, анткени бул нерсе болбосо адамдын тукуму уланбай калат да. Бирок Ислам биздин жаныбардык башталышыбызды акыл-эс менен башкарууга чакырат.

Ыймандуу эле көрүнгөн адамдар өзүлөрүнүн төмөн маданиятынын себебинен, ажырашуудан соң мурдагы аялдарын камсыз кылуудан баш тарткан көптөгөн мисалдарды билем. Же болбосо, аялдарынын санынан адашып калгандарды да жолуктурууга болот. Бул жердеги негизги көйгөй – жоопкерчиликсиз көп аялдуулук. Исламды, тилекке каршы, өз кумарын кандыруу үчүн колдонуп алышат андай адамдар. Мындайлардын ар бири акыретте бул иш-аракети үчүн жоопко тартылат. Мамлекет адамдарды ылгабастан көп аялдуулук үчүн алардын артынан сая түшүшү керек деп эсептебейм. Бул жерде индивидуалдуу ыкма керек. 2-3 аялы менен деле бактылуу жашаган үй-бүлөлөрдү да билем. Бирок көп аялдуулук массалык көрүнүш боло албайт жана мындай болбошу да керек. Керек болсо, ислам мамлекеттеринде да көпчүлүк эркектердин бирден гана аялдары бар.

Ислам телефон же смс кат аркылуу талак берүүгө (ажырашкандыкты билдирген сөз) уруксат береби?

Бул – бүгүнкү күндө көп талкууланган темалардын бири. Негизинен, нике- бул дубанын окулушу менен гана коштолгон жөрөлгө эмес. Нике – бул күбөлөрдүн катышуусунда эки тараптын түзгөн укуктук келишими. Заманбап технологиялар аралыктан келишим түзүүгө шарт түзүп жатат. Ислам да аралыктан нике кыюуга уруксат берет, демек, бул – аралыктан ажырашуу дагы болот деген сөз. Экинчи жагынан алып караганда, исламда нике ишенимдин негизинде түзүлөт, анын негизги күбөсү Кудайдын Өзү болуп эсептелет. Ошондуктан, никенин кыйылышына да, анын бузулуусуна дагы жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарыл. Бул – оюн, тамаша эмес. Үн форматындагы же СМС түрүндө жөнөтүлгөн талак тамаша болсо дагы түшүп калуусу мүмкүн.

Заманбап технологиялар көптөгөн суроолорду чечүүдө бизге оперативдүүлүктү берди. Бирок, тилекке каршы, бул чечимдерди ойлонууга бөлүнгөн убакыттан бизди ажыратып койду. Технологиялар адамдын жоопкерчилигин төмөндөттү.

Айрым өлкөлөрдүн муфтияттары үй-бүлөнү сактап калуу максатында күбөлөрсүз аралыктан талак берүүгө жарым-жартылай тыюу салган. Бирок жоопкерчилиги жок адамдын үй- бүлөсүн ким сактап кала алмак эле?

Ошондуктан, “Талак” деп СМС жөнөтүүдөн мурун жакшылап ойлонгула. Ачуу үстүндө чечим кабыл алып, кийин ал чечимден баш тартсаңыз да, артка кайтуучу жол жок болуп калат.

Комментарий жиберүү