С. Жапаров Р. Эрдоганга Түркияны колдоого дайым даяр экендигин билдирди

С. Жапаров Р. Эрдоганга Түркияны колдоого дайым даяр экендигин билдирди

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту. Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз…

Прочитайте больше

Сириянын президенти Россияга эмнеге барды?

Сириянын президенти Россияга эмнеге барды?

 Сириянын президенти Башар Асад 2021-жылдын күзүнөн бери биринчи жолу Россияга расмий сапары менен келип, Владимир Путин менен жолугушту. Сириянын экономика, коргоо жана каржы министрлери кирген делегацияны Внуково өкмөттүк терминалынан Россия президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча атайын өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов тосуп алды. Асаддын Россияга сапары биринчи жолу ачык жана реалдуу убакыт режиминде чагылдырылды – буга чейин Батыштын санкцияларында турган Сирия лидеринин сапарлары жабык мүнөздө болгон. Асад акыркы жолу Москвага 2021-жылдын 13-сентябрында келген….

Прочитайте больше

Иран, Россия жана Кытай Оман булуңунда деңиз машыгууларын баштады

Иран, Россия жана Кытай Оман булуңунда деңиз машыгууларын баштады

 Россия, Иран, Кытай жана башка өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрү 15-мартта Оман булуңунда биргелешкен аскердик машыгууларды баштады. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди. «15-марттан 19-мартка чейин Кытай, Иран, Россия жана башка мамлекеттердин деңиз күчтөрү Оман булуңунда “Деңиз коопсуздук алкагы-2023” аттуу биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөт», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Машыгуу планы үч өлкөнүн 2019-жылы жана өткөн жылдагы буга чейинки эки деңиз машыгууларынын негизинде иштелип чыккан. Ага Кытай тараптан «Наннин» эсминеци катышууда. “Бул машыгуулар катышуучу өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрүнүн…

Прочитайте больше

Орозо качан башталат?

Орозо качан башталат?

 2023-жылдагы ыйык Рамазан айы 23-мартта башталат. 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”, – деп буйруган (Сахих муслим, 1081). 1. 2023- жылдын 23-март күнү Рамазан айынын…

Прочитайте больше

Жарым миллион адам көчөгө чыкты. Израилдин тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы

Жарым миллион адам көчөгө чыкты. Израилдин тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы

 Израилде соттук реформага каршы митингге 500 миңдей киши чыкты. Бул өлкө тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы болуп калды. Бул тууралуу Times of Israel басылмасы акциянын уюштуруучуларына таянуу менен жазды. Израилдиктер премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштап жаткан соттук реформага каршы  нааразычылык акцияларын 10 аптадан бери өткөрүшүүдө. Дем алыш күндөрү өлкөнүн борбору Тель-Авивде эле митингге 250 миң адам чыкса, Хайфада 50 миңге жакын, Раананда 9 миң, Кирьят- Онодо 3,5 миң адам көчөгө чыгышты. Нетаньяхунун өкмөтү сот реформасы планын январдын башында жарыялаган: ага ылайык,…

Прочитайте больше

Лукашенко 17жылдан бери биринчи жолу Иранга расмий сапар менен барды

Лукашенко 17жылдан бери биринчи жолу Иранга расмий сапар менен барды

 Беларустун президенти Александр Лукашенко 12-март күнү кечинде Иранга расмий сапар менен барып бүгүн, 13-мартта Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды. Лукашенконун буга чейинки Иранга сапары 2006-жылы болгон. Ал ирандык кесиптеши Раиси менен 2022-жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде да жолугушкан. Буга чейин Лукашенконун учагы Мехрабад эл аралык аэропортуна конуп, аны Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Реза Фатеми Амин тосуп алганы кабарланган. Раиси Лукашенкону «Саадабад» сарайынан тосуп алды…

Прочитайте больше

«Тынчтыктын жеңиши». Кытай Иран менен Сауд Аравияны элдештирди

«Тынчтыктын жеңиши». Кытай Иран менен Сауд Аравияны элдештирди

 Иран менен Сауд Аравия жети жылдык тыныгуудан кийин Кытайдын ортомчулугу менен алакаларды калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшуп, эки айдын ичинде элчиликтерди ачууну макулдашты. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары маалымдады. Кытайдын ортомчулугу менен жетишилген элдешүү Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Шамхани менен анын саудиялык кесиптеши Мусаид аль-Айбан Пекинде бир нече күн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жыйынтыгында үч тараптуу билдирүү кабыл алынды. Тегеран менен Эр-Рияд дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, эки айдын ичинде элчиликтерин ачууну макулдашты. “Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Иран Ислам Республикасы менен Сауд…

Прочитайте больше

С. Жапаров Си Цзиньпинди Кытайдын Төрагасы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

С. Жапаров Си Цзиньпинди Кытайдын Төрагасы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  10-мартта, Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын Төрагасы, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер кеңешинин Төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады.  «Акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп жатканы кубандырат. Мамлекеттерибиздин ортосунда ынак кошуначылык жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу чыңдалып, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, „Бир алкак — бир жол“ демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.  Мен өткөн жылдын февраль жана сентябрь айларында Пекинде жана Самаркандда болгон жолугушууларыбызды жылуулук менен эстейм, алар кыргыз-кытай ынак кошуначылык, достук, кызматташтык…

Прочитайте больше

Орто- Сай айылында 20миң кишилик «Ыйманборбору» мечитинин курулушу башталды

Орто- Сай айылында 20миң кишилик «Ыйманборбору» мечитинин курулушу башталды

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  10-мартта, Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушуна капсула салды. Эки кабаттуу диний жай 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексинин курамына административдик имарат жана руханий билим берүү мекемеси – медресе кирет. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.  Мамлекет башчысы келечекте бул мечит Орто-Сай айылынын көркүнө көрк кошуп, архитектуралык көрүнүшүн арттырып, ошону менен бирге мусулмандардын ибадат кылуусуна жаңы жер пайда болот, деп өз…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин өлкө тарыхында үч жолу Кытайдын төрагасы болуп шайланган алгачкы жетекчи болду

Си Цзиньпин өлкө тарыхында үч жолу Кытайдын төрагасы болуп шайланган алгачкы жетекчи болду

 Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытай кеңешинин депутаттары Си Цзиньпинди Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү мөөнөткө кайра шайлады. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги кабарлады. Муну менен Си Цзиньпин өлкө тарыхында үч жолу беш жылдык мөөнөткө Кытайдын төрагасы болуп шайланган алгачкы жетекчи болуп калды. Мындан тышкары Си Цзиньпин Борбордук аскердик кеңештин төрагасы кызматына да кайра шайланды. Мындай чечимди 2 952 депутаттын баары бир добуштан колдогону кабарланды. Буга чейин депутаттар Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин реформалар боюнча планын да жактырган. Мамлекеттик кеңеш Кытайдын жогорку…

Прочитайте больше

Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун жаңы башкы катчысы келет

Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун жаңы башкы катчысы келет

 Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жаңы дайындалган башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов 9-10-мартта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, КР коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушуулары пландалган. Буга чейин ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды сунуштай турганы маалымдалган. Белгиленгендей, бул Тасмагамбетовдун ЖККУнун башкы катчысы катары Бишкек алгачкы сапары. Эске…

Прочитайте больше

Депутат БУУнун трибунасында жоолук маселеси жөнүндө сөз сүйлөдү. Видео

Депутат БУУнун трибунасында жоолук маселеси жөнүндө сөз сүйлөдү. Видео

Кечээ, 8-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Нью-Йоркто өткөн “Исламдагы аялдар: Исламдагы аялдардын укуктарын жана иденттүүлүгүн түшүнүү” аттуу конференцияда катышып, сөз сүйлөдү. Бул туурасында депутат өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирди. “БУУнун бийик трибунасынан динди эркин тутуу жана жоолукчан айымдардын мектептерде окууга, окутууга жана мамлекеттик кызматтарда эч кандай кысымга учурабастан иштөөгө толук укугу бар экендигин айттым”, – деп жазды Ашимова. Бул жыйында ал: “Бул тема азыркы дүйнөдөгү эң маанилүү тенденция жана эң маанилүү коомдук кайра куруулардын бири болуп саналат….

Прочитайте больше

Иран өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт. МАГАТЭ жетекчиси Тегеранда болду

Иран өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт. МАГАТЭ жетекчиси Тегеранда болду

 “Ирандыктар өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт. Ал эми уранды байытуу деңгээли 84 пайызды эмес, 60% пайызды түзөт”. Бул тууралуу БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси Ирандын өзөктүк объектилерине болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча Венадагы маалымат жыйынында билдирди. Гросси жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү үчүн Иранга 4-мартта барып,  Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами менен жолугушкан. Кечээ, 5-мартта Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы талаш-тартыштар жабылганын билдирген. “МАГАТЭнин инспекторлору азыркы…

Прочитайте больше

Иран бутага алынабы?: Израиль Түркмөнстанда элчилигин ачат

Иран бутага алынабы?: Израиль Түркмөнстанда элчилигин ачат

Израиль Түркмөнстанда элчилигин ачат. Тель-Авивдин Борбор Азия республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Ирандын чек арасына жакын болуп, 20 чакырымдай аралыкта жайгашат деп жазат “Вести Кавказа” аналитикалык басылмасы. Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барып, ал жерде Израилдин Ашхабаддагы элчилигинин ачылыш аземине катышат. Муну менен Израилдин Түркмөнстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Ирандын чек арасына жакын жайгашкан элчилик болуп калат. «Израиль менен Түркмөнстандын мамилеси маанилүү жана стратегиялык жана бүткүл аймак менен мамилелерди чыңдоо аракетинин бир бөлүгү болуп саналат….

Прочитайте больше

Америкалык ардагер: «Батыштын Украинадагы Россия менен согушу башталышы гана»

Америкалык ардагер: «Батыштын Украинадагы Россия менен согушу башталышы гана»

 АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Ноктис Дрейвен Батыш Украинада Россия менен жаңжал аяктагандан кийин деле токтобой турганын эскертти. Бул туурасында ал соцтармактагы баракчасына жазды. Ал белгилегендей, Батыш Украинага ири суммадагы каржылык жардамдарды бекер жерден берген жок. “Россия менен Украина жаңжалынын аягы көрүнбөйт. Батыш (Украинага – ред.) ири суммадагы каражатты, жардамды бекер жерден берген жок. Батыштын Украинанын жеңилгенине моюн сунуп, башка иштери менен алек болуп отуруп калат деп акылы жок киши эле ойлошу мүмкүн. Жаңылбагыла, кадамдар жасалып жатат”, –…

Прочитайте больше
1 40 41 42 43 44 89