ЖККУ: ИМ согушкерлери Борбор Азиянын чекарасына топтолууда

ЖККУ: ИМ согушкерлери Борбор Азиянын чекарасына топтолууда

Ооганстандагы ИМ террордук тобунун согушкерлеринин саны 6,5 миң кишиге жетти. Алардын көбү Тажикстан менен чектешкен аймактарда топтолгон. Мындай маалыматты кечээ, 15-февралда ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, согушкерлердин көбү – 4 миңге жакыны Тажикстан менен чек арада топтолгон. “Борбор Азияда негизги коркунуч Ооганстандан, тагыраагы, ал жакта тамыр жайган экстремисттик топтордон, анын ичинде ИМ жана Аль-Каидадан келип жатат”, – деди Сидоров. “Учурда ИМдин ооган бөлүмүнүн саны кыйла көбөйүп, 6,5 миңге жакын согушкерди…

Прочитайте больше

Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Видео

Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Видео

 Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинин алдында анын тарапташтары тосуп алды.   Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ага коюлган дооматтардын баары ойдон чыгарылганын айтты. “Мага коюлган дооматтардын, козголгон кылмыштын баары ойдон чыгарылган жана калган кылмыш иштери да жакын арада аягына чыгат. Мени соттогондор эртеби-кечпи өздөрү да соттолот. Менин бир гана талабым – менин күнөөм жок. Бир гана күнөөм – ишенчээк болгонум. Бир гана Сокеге (экс-президент Сооронбай Жээнбеков.. – ред)” эмес,…

Прочитайте больше

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган Нурдагы шаар толугу менен бузулат

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган Нурдагы шаар толугу менен бузулат

 Түркиядагы жер титирөөдөн олуттуу жабыркаган Нурдагы шаарын толугу менен бузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу аймактын жетекчиси Осман Билгиндин айткандарын kilithaber маалымат агенттиги жарыялады. Ал кошумчалагандай, куткаруу иштери аяктагандан кийин бийлик шаарды толугу менен бузуп, тез арада кайра салууну көздөп жатат. «Биз чоң кырсыкты баштан кечирдик. Шаар куруу министри Курум менен биргеликте чечим кабыл алдык: азыр урандылардын баарын алып чыгып жатабыз. Шаар толугу менен – 100% талкаланды. Шаар кайрадан курулат», – деген Билгин. Осман Билгиндин айтымында, Нурдагыдагы…

Прочитайте больше

КЭР АКШны Кытайдын үстүнөн шар учурду деп айыптады

КЭР АКШны Кытайдын үстүнөн шар учурду деп айыптады

 Кытай Эл республикасы АКШнын чалгындоочу аба шарлары Кытайдын аба мейкиндигине он жолу басып кирди деп айыптады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалымат берип жатып, америкалык тарап өткөн жылы Кытайдын үстүнөн уруксатсыз он жолу шар учурганын билдирди. Буга чейин маалым болгондой, ушул жылдын 3-февралында АКШ Кытайдын чалгындоочу шары Кошмо Штаттардын түндүк бөлүгүндө учуп жүргөнүн байкаган. Эртеси күнү америкалык аскерлер аны президент Жо Байдендин буйругу менен атып түшүрүшкөн. Болжолдуу түрдө иликтөөчү Алеут аралдарынан Канада аркылуу келип,…

Прочитайте больше

АКШ Россия менен КМШда террордук чабуул уюштуруу үчүн согушкерлерди даярдоодо

АКШ Россия менен КМШда террордук чабуул уюштуруу үчүн согушкерлерди даярдоодо

 Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШ армиясы Россияда жана КМШда террордук чабуулдарды жасоо үчүн согушкерлерди жалдаганы тууралуу маалымат таратты. Январь айында АКШ Россия менен КМШ өлкөлөрүндөгү теракттар үчүн 60 согушкерди тандап алган. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Тышкы чалгындоо кызматына келип түшкөн ишенимдүү маалыматтарга караганда, америкалык аскерлер Россиянын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө теракттарды уюштуруу үчүн “ИМ”* жана “Аль-Каида”* менен байланышы бар жихаддык топтордун согушкерлерин жигердүү жалдап жатат», – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө. Тышкы чалгындоо кызматы билдиргендей,…

Прочитайте больше

Түркиядагы зилзала: Борбор Азия өлкөлөрүнөн каза болгондор жана жарбыркагандар

Түркиядагы зилзала: Борбор Азия өлкөлөрүнөн каза болгондор жана жарбыркагандар

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны күн санап өсүүдө. Табигый кырсыктан башка мамлекеттердин жарандары да жабыркады. Акыркы сааттарга алынган маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаладан Борбор Азия өлкөлөрүнүн канча жараны жабыркаганы белгилүү болду. Кыргызстан 🇰🇬 КР Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Хатай провинциясында жер титирөөдөн улам 37 жаштагы кыргызстандык аял каза болгонун билдирди. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да тастыктады. Билдирүүлөргө караганда, кыргызстандык аялдын жансыз денесин куткаруучулар 11-февраль күнү ураган имараттын астынан алып чыгышкан. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан…

Прочитайте больше

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети 84млрд доллар деп бааланууда

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети 84млрд доллар деп бааланууда

Түркиядагы жер титирөөнүн экономикалык зыяны 84 млрд АКШ долларына бааланууда. Бул тууралуу Bloomberg Түркиянын Ишкерлер жана бизнес конфедерациясына шилтеме берүү менен жазды. Уюмдун маалыматына караганда, анын ичинен кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү 70,8 млрд долларга жана улуттук кирешени жоготуу 10,4 млрд долларды түзүүдө. Бул суммалар ИДПнын болжол менен 10%ын түзөт. Эмгек жоготуулары Түркиянын экономикасына 2,9 млрд доллар зыян келтирет. Отчетко ылайык, Түркиянын инфраструктурасына, анын ичинде жолдорго жана электр тармактарына, ошондой эле ооруканалар менен мектептерге келтирилген зыян…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кытайга барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кытайга барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси үч күндүк иш сапары менен бүгүн Пекинге жөнөп кетет. Бул тууралуу “IRNA” агенттигинин сайтында айтылат. Иш сапардын алкагында Раиси Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Иран президентинин Пекинге боло турган сапарын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин да тастыктады. Раиси жаңы Кытай жылында Пекинге келген биринчи саясий лидер болот. Тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен жыйынына катышат, ошондой эле Кытайда жашаган ирандыктар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан тышкары, сапардын алкагында Раиси кытайлык ойчулдар жана…

Прочитайте больше

Монархия кулаган күн. Иранда Ислам революциясынын жеңишине арналган жүрүшкө 20миллиондон ашуун адам чыкты

Монархия кулаган күн. Иранда Ислам революциясынын жеңишине арналган жүрүшкө 20миллиондон ашуун адам чыкты

 11-февралда Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 44 жылдыгы даңазалуу белгиленди. Мындан 44 жыл мурун болгон революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган. Жыл сайын бул күнү өлкө боюнча миллиондогон адамдар жөө жүрүшкө чыгышып, Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленет. Быйыл дагы өлкөнүн бардык провинциялары менен шаарларынын борбордук көчөлөрү элге жык толуп, майрамдык маанай сезилди. Жөө жүрүшкө 20 миллиондон ашуун адам чыкты. Алар өлкөнүн желегин, Жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин, Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла…

Прочитайте больше

Түркия: Жер титирөөнүн кесепеттери президеттик шайлоого таасирин тийгизеби?

Түркия: Жер титирөөнүн кесепеттери президеттик шайлоого таасирин тийгизеби?

Түркияны дүрбөлөңгө салган кыйратуучу жер титирөө түрк экономикасы үчүн эле оор кесепеттерге алып келбей, ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоого таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылууда. 6-февраль таңга жуук Түркияда жана коңшулаш Сирияда акыркы 80 жылдагы эң кыйраткыч жер титирөө болду. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, Түркия аймактагы эле эмес, дүйнөдөгү эң чоң апаатка туш болду. Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20 миң 213дөн ашып, жабыркагандардын саны 80 миң 052 адамга жетип, миңдеген имараттар жер менен жексен…

Прочитайте больше

Иманкулов: «Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратат»

Иманкулов: «Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратат»

Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Москва шаарында коопсуздук кеңештеринин катчыларынын улуттук коопсуздук кеңешчилеринин ооган маселелери боюнча Бешинчи көп тараптуу жолугушуусунда билдирди. Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары улуттук коопсуздук кеңешчилери жана Кытай менен Түркмөнстандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты. Иманкулов өз сөзүндө Ооганстанда тынчтык жана стабилдүүлүк болушун каалаган мамлекеттердин алдында кырдаалды жөнгө салуу үчүн эффективдүү чараларды жана механизмдерди активдүү издөө жана аларды тез колдонуу милдети турарын белгиледи. Коопсуздук кеңешинин катчысы…

Прочитайте больше

ТҮРКСОЙ 450 чатыр тигип, кызматкерлери Газиентепте иштеп жатат

ТҮРКСОЙ 450 чатыр тигип, кызматкерлери Газиентепте иштеп жатат

. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму  жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга моралдык, материалдык көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган уюмдун Башкы катчысы Султан Раев билдирип, Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды: “Урматтуу мекендештер! Азыркы күндө биздин бир боор түрк туугандарыбыз кансырап, жүрөгү ооруп, улуу апааттын алдында калды. Аны Сиздер бардык маалымат булактарынан окуп жатасыздар! Түрк дүйнөсүнө дайыма жардам колун сунуп келген түрк туугандарыбыз бүгүн биздин жардамга муктаж. Эн оболу материалдык гана эмес, моралдык колдоого, бир боордук сезимге, тилектештикке, боордоштукка, бир туугандык…

Прочитайте больше

«Түндүк агымдагы» жарылуунун сыры ачыла баштады. Деңиздин түбүн АКШнын суучулдары миналаганбы?

«Түндүк агымдагы» жарылуунун сыры ачыла баштады. Деңиздин түбүн АКШнын суучулдары миналаганбы?

 АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары өткөн жайда “Түндүк Агым” газ куурларынын астына жардыргыч заттарды коюшкан, аны үч айдан кийин норвегиялыктар активдештирген. Бул тууралуу Пулитцер сыйлыгынын лауреаты журналист Сеймур Херш маалымат булагына таянуу менен өзүнүн сайтында билдирди. “Өткөн жайда АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары НАТОнун “Baltops 22” деп аталган машыгууларына жашынып үч айдан кийин “Түндүк Агымдагы” төрт түтүктүн үчөөнү жок кылган алыстан иштетилген жардыруучу заттарды орнотушкан”, д – деп жазды ал. Анын айтымында, 26-сентябрда Норвегиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн учагы жардыргыч заттарды ишке…

Прочитайте больше

Казакстан: Президенттин резиденциялары муктаж болгон балдарга берилет

Казакстан: Президенттин резиденциялары муктаж болгон балдарга берилет

  Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Костанай, Актау, Тараз, Актөбө жана Атырау облустарындагы резиденциялары келечекте муктаж болгон балдарга пайдалануу үчүн жергиликтүү акимчиликтерге берилет. Мындай тапшырманы мамлекет башчы Токаев бергенин Fergana.ru басылмасы саясат таануучу Ербол Эдиловдун “Йедилов online” Telegram-каналына шилтеме кылып жазды. «Резиденциялардын имараттарын кандай пайдаланууну жана аларда так эмнелер ачыларын аймактардын жетекчилиги өз алдынча аныктайт», – деп айтылат маалыматта. Кийинчерээк саясат таануучунун бул маалыматын жергиликтүү бийлик да тастыктады. «Президенттин буйругу менен Тараз шаарындагы резиденция балдарга берилип жатат. Жумушчу…

Прочитайте больше

Кыргызстан боордош Түркиянын жанында. Садыр Жапаров Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан боордош Түркиянын жанында. Садыр Жапаров Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров 7-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.  Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты.  Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.  Жапаров ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.  Буга чейин Мамлекет башчынын тапшырмасы менен…

Прочитайте больше
1 41 42 43 44 45 88