Байден жашыруун сапары менен Украинага эмнеге барды?

Байден жашыруун сапары менен Украинага эмнеге барды?

 Акыркы 15 жылдан бери биринчи жолу америкалык президент Украинага келди.  Күтүүсүз сапары менен келген Жо Байден 20-февралда Киевде Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Байдендин сапары жөнүндө алдын ала айтылган эмес. Анын сапары күтүүсүз болду, анткени Ак үйдүн жарыялаган графигине ылайык, Байден Польшага шейшемби күнү эртең менен келиши керек болчу жана Украинанын аймагына визити таптакыр пландалган эмес. Бирок Киев Байдендин сапарын “жашыруун” жана “күтүлбөгөн жерден” катары көрсөтсө да, Ак үй “жаңжал кырдаалын болтурбоо үчүн” сапардын алдында бир-эки саат мурун Москваны…

Прочитайте больше

Түркияда кайрадан жер титиреди

Түркияда кайрадан жер титиреди

20-февралда Түркияда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегиз чамасында магнитудасы 6,4 жана 5,8 балл болгон эки жер силкинүү катталды. Зилзаланын очогу Сирия менен чектеш Хатай провинциясында орун алды. Жер тиртирөө Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израилде да сезилди. Түркиянын ички иштер министри Сүлеймен Сойлу 20-февралдагы жер титирөөдөн кеминде үч киши өлүп, 213 адам жаракат алганын кабарлады. Кыйраган имараттар да бар. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгы (AFAD) адегенде зилзала катталган аймактагы жарандарга жээктерде цунами болорун эскертип, кийин…

Прочитайте больше

Африка биримдигинин саммитинин ачылышында Израилдин делегациясы эшикке чыгарылды. Видео

Африка биримдигинин саммитинин ачылышында Израилдин делегациясы эшикке чыгарылды. Видео

 Израилдин делегациясы Эфиопияда өткөн Африка биримдигинин саммитинин ачылыш аземинен чыгарылды. Бул тууралуу  «Times of Israel» гезити еврей мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды. Маалыматка караганда, саммиттин ачылыш аземинде коопсуздук кызматкерлери делегациянын өкүлдөрүнө келип, алардын чыгып кетишин суранган. Бир нече мүнөттөн кийин дипломаттар иш-чарадан чыгып кетишкен. “Израилдин аккредиттелген байкоочу статусуна карабастан элчи Шэрон Бар-Линин Африка биримдиги залынан чыгарылган окуяга олуттуу мамиле кылат. Биз Африка өлкөлөрүн Африка биримдигинин өзүнө жана бүт континентке зыян келтирген бул аракеттерге каршы турууга чакырабыз”,…

Прочитайте больше

АКШ Украина НАТОго мүчө боло албасын моюнга алды

АКШ Украина НАТОго мүчө боло албасын моюнга алды

 Украина НАТОго мүчө боло албайт, бирок ал Европа менен АКШнын өнөктөштүгүнө ишене алат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин Тышкы саясат кеңешинин мүчөсү, Bloomberg агенттигинин баяндамачысы Хол Брэндс жазды. «Украинанын «А» планы өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна мүмкүндүк бериши мүмкүн… Тилекке каршы, мунун ишке ашуусу күмөн жаратат», – деди Брэндс. Ал аймактык талаштары бар өлкөлөр альянска кире албай турганын эске салды. Брэндсдин айтымында, Украинанын «Б» планы бар: Батыш менен формалдуу түрдө альянстарга катышпастан байланышты сактап, өзүнүн күчтүү армиясын куруу….

Прочитайте больше

Экс-президенттер кимдин кечиримине муктаж?

Экс-президенттер кимдин кечиримине муктаж?

 Президент менен УКМК төрагасынын Дубайдагы окуясы экс-президенттерди бириктирсе да, жөнөкөй калкты кайра бөлөт. Анткени, Аксы жана 7-апрель кандуу окуяларында жакындарын жоготкондорду ынандыруу мүмкүн эмес. Түпкүлүгүндө, идея туура. Алакандай кыргыз Ала-Тоодо ары сүр, бери сүр болгону тынчтыктын ыргагын бузат. Өнүгүүнү кечеңдетет. Андыктан чыңалган коомду женилдетип, ар кимди өз жолуна салуу керек. Бирок, саясий окуялардан көз жумган же өмүр бою дарыланып жүргөндөрдү кайда алпарабыз? Алар саясий тарыхтын айныгыс чындыгы, көз жашы жана ачуу тагдыры. Балким, алардын ыраазычылыгын…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк океандын көтөрүлүшүнөн улам бүтүндөй өлкөлөр суу астында калышы мүмкүн

Дүйнөлүк океандын көтөрүлүшүнөн улам бүтүндөй өлкөлөр суу астында калышы мүмкүн

 Эгерде глобалдык температура 2 градуска көтөрүлсө, анда бүтүндөй мамлекеттер Жердин бетинен жок болот. Бул тууралуу БУУнун кезектеги жыйынында уюмдун башчысы Антониу Гутерриш билдирди. Анын айтымында, бул көйгөй арал мамлекеттерине да, мамлекеттердин жээк аймактарына да тиешелүү. XX кылымда Дүйнөлүк океандын деңгээли мурунку кылымдарга караганда бир топ ылдам көтөрүлүүдө. Ал эми глобалдык температура 2 градуска көтөрүлсө анда бул көрсөткүч эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын изилдөөсүнө ылайык, кийинки 300 жылда суунун деңгээли эки эсе, ал тургай…

Прочитайте больше

Талибан чет элдиктерден калган аскерий базаларды атайын экономикалык аймактарга айландырат

Талибан чет элдиктерден калган аскерий базаларды атайын экономикалык аймактарга айландырат

 Талибан кыймылы түзгөн ооган өкмөтү мурдагы чет элдик аскерий базалардын бир бөлүгүн атайын экономикалык аймактарга айландырууну көздөп жатат. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды. Ооганстандагы экономикалык абал талиптер 2021-жылдын августунда өлкөдө бийликти басып алгандан кийин начарлай баштаган. Негизги себептердин бири Ооганстанга 2000-жылдардын башынан бери жардам берип келе жаткан негизги донор өлкөлөрдүн жаңы бийлик менен кызматташуудан баш тартуусу болду. Ошондой эле эл аралык уюмдардын көбү өлкөдө өз ишин токтотту. Экономикалык маселелер боюнча премьер-министрдин орун басары молла…

Прочитайте больше

Стамбулда жакында кыйратуучу жер титирөө болоору болжолдонууда

Стамбулда жакында кыйратуучу жер титирөө болоору болжолдонууда

 Сейсмологдор Түркиянын Стамбул шаарында жер титирөө катталарын болжошууда. Ал өлкөнүн түштүк-чыгышындагы катаклизмдерден да чоң катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу жума күнү, 17-февралда Hürriyet гезити эксперттик маалыматтарга таянып жазды. Окумуштуулар түшүндүргөндөй, бул коркунуч шаардын Анадолу жана Евразия тектоникалык плиталарынын кошулган жеринде жайгашканы менен аныкталат. Бул жерден 15-20 км аралыкта Мармара деңизинин астынан өткөн Түндүк Анадолу жаракасынын бир бөлүгү жайгашкан. «Стамбулда 7 баллдан ашкан жер титирөө каалаган учурда катталышы мүмкүн», – деп баса белгилейт басылма….

Прочитайте больше

Зеленский Токаевге телефон чалды. Эмне жөнүндө сөз болду?

Зеленский Токаевге телефон чалды. Эмне жөнүндө сөз болду?

 16-февралда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акорда маалымдады. Маалыматка караганда, сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен болду. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык байланыштар талкууланды. “Касым-Жомарт Токаев Казакстан Россия менен Украинанын ортосундагы согушту БУУнун уставы жана дипломатиялык жолдор менен чечүүнү жактай турганын тастыктады”, – деп айтылат Акорда тараткан маалыматта. Зеленский Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин бул боюнча  Telegram-каналына комментарий берди. Ал гуманитардык жардам үчүн Казакстанга ыраазычылык билдирди. “Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу…

Прочитайте больше

41миңден ашуун адамдын өмүрүн алган апаат. Түркия менен Сириядагы жер титирөө кылымдын катастрофасы деп аталды

41миңден ашуун адамдын өмүрүн алган апаат. Түркия менен Сириядагы жер титирөө кылымдын катастрофасы деп аталды

  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Түркия менен Сириядагы жер титирөөнү Европадагы акыркы кылымдагы эң күчтүү жер титирөө катары каттады. ДССУнун билдирүүсүндө 41 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөө Европадагы азыркы кылымдагы эң коркунучтуу табигый кырсык болуп калганы айтылат. “Кырсыктын масштабын дагы көрөбүз. Анын реалдуу зыяны азыр аныктала элек”, – деди уюмдун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюге. Анын айтымында, зилзаладан Түркияда 31 миңден ашуун, Сирияда 5 миңге жакын адам каза…

Прочитайте больше

Сауд Аравия ШКУга кириши мүмкүн

Сауд Аравия ШКУга кириши мүмкүн

 Сауд Аравия БРИКСке кошулууну жана ШКУнун интеграцияланган бөлүгү болууну каалайт. Бул тууралуу Россиянын Эр-Рияддагы элчиси Сергей Козлов РИА Новостиге берген маегинде билдирди. “Сауд Аравия өзүнүн тышкы саясий багытын диверсификациялоонун алкагында ШКУ жана БРИКС сыяктуу абройлуу эл аралык бирикмелерге кирүүгө кызыкдар”, – деди элчи. Анын айтымында, саудиялыктар бул маселе боюнча тиешелүү ойлорун орус тарап менен байланышта айтышкан. “Эгерде ШКУнун диалогунда өнөктөштүк маселеси активдүү каралып жатса, учурда Сауд Аравиянын БРИКСке мүмкүн болуучу мүчөлүгү концептуалдык жактан каралууда”, – деди Козлов….

Прочитайте больше

Иран президентинин Кытайга болгон сапары. 20кызматташтык келишимине кол коюлду

Иран президентинин Кытайга болгон сапары. 20кызматташтык келишимине кол коюлду

 14-февралда Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Кытайга болгон үч күндүк сапары башталды. Бул Иран президентинин акыркы 20 жыл ичиндеги эң жогорку мамлекеттик протоколдук статуска ээ болгон Кытайга жасаган биринчи расмий сапары. Раиси Пекинге Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барды. Акыркы жолу Ирандын мурдагы президенти Хасан Руханинин Кытайга мамлекеттик сапары менен 2014-жылы барган. Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин жооп иретинде Иранга 2016-жылы барган. Андан кийин Рухани менен Си жумушчу сапарлардын алкагында жана эл аралык уюмдардын жыйындарынын алкагында бир нече жолу жолугушкан….

Прочитайте больше

Сириядан кыргызстандык 18аял жана 41 бала алып келинди

Сириядан кыргызстандык 18аял жана 41 бала алып келинди

  Бүгүн, 16-февралда “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коштоп келген. Белгиленгендей, өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган бул иш-чара ушундай масштабдагы экинчи репатриация иш-чарасы болуп саналат. “Балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алардын бейпил жана коопсуз чөйрөдө жашоого…

Прочитайте больше

ЖККУ: ИМ согушкерлери Борбор Азиянын чекарасына топтолууда

ЖККУ: ИМ согушкерлери Борбор Азиянын чекарасына топтолууда

Ооганстандагы ИМ террордук тобунун согушкерлеринин саны 6,5 миң кишиге жетти. Алардын көбү Тажикстан менен чектешкен аймактарда топтолгон. Мындай маалыматты кечээ, 15-февралда ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, согушкерлердин көбү – 4 миңге жакыны Тажикстан менен чек арада топтолгон. “Борбор Азияда негизги коркунуч Ооганстандан, тагыраагы, ал жакта тамыр жайган экстремисттик топтордон, анын ичинде ИМ жана Аль-Каидадан келип жатат”, – деди Сидоров. “Учурда ИМдин ооган бөлүмүнүн саны кыйла көбөйүп, 6,5 миңге жакын согушкерди…

Прочитайте больше

Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Видео

Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Видео

 Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинин алдында анын тарапташтары тосуп алды.   Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ага коюлган дооматтардын баары ойдон чыгарылганын айтты. “Мага коюлган дооматтардын, козголгон кылмыштын баары ойдон чыгарылган жана калган кылмыш иштери да жакын арада аягына чыгат. Мени соттогондор эртеби-кечпи өздөрү да соттолот. Менин бир гана талабым – менин күнөөм жок. Бир гана күнөөм – ишенчээк болгонум. Бир гана Сокеге (экс-президент Сооронбай Жээнбеков.. – ред)” эмес,…

Прочитайте больше
1 42 43 44 45 46 89