Трамп Пекинде: чоң келишимби же Си Цзиньпинге ультиматумбу?

Дүйнөлүк дипломатия бул окуяны чыңалуу менен күтүп турат: 14–15-май күндөрү Пекин акыркы он жылдагы эң маанилүү сүйлөшүүлөрдүн аренасына айланат.

АКШ президенти Дональд Трамп Си Цзиньпинди Москва жана Тегеран менен болгон мамилелерди кайра карап чыгууга жеке өзү ынандырууну көздөйт. Бул жолугушууда соода жеңилдиктери гана эмес, глобалдык туруктуулук да чечилет — анын жыйынтыгына жараша дүйнө чыңалуунун жолуна түшөбү же ири конфликттерди токтотуунун жолун табабы?

Расмий Пекин Дональд Трамптын Кытай Эл Республикасына сапарынын даталарын тастыктады — эки ири державанын лидерлери 14–15-майда жолугушат. Башында жазга пландалган сапар Ирандын айланасындагы кризистен улам Ак үй тарабынан жылдырылган. Азыр болсо Вашингтон бул визитти Кытайга анын стратегиялык өнөктөштөрү — Россия жана Иран менен кызматташтыгы боюнча түз басым көрсөтүү үчүн пайдаланууну көздөйт.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Трамптын администрациясы Кытайдын Москва жана Тегеран менен соода-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуусунун көлөмүнө олуттуу тынчсызданууда. АКШ Пекинге мындай келишим сунуштоону пландоодо: бул өлкөлөргө болгон жардамды кыскартуунун ордуна санкциялык басымды жумшартуу жана жаңы соода жеңилдиктерин берүү.

Трамп үчүн бул сапар Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы узакка созулган конфликттердин шартында Кытайды тең салмактуу позицияга алып келүү аракети болуп саналат.

Эксперттер май айындагы сүйлөшүүлөрдү жылдын негизги дипломатиялык окуясы деп баалашууда. Бул жолугушуунун жыйынтыгы америкалык-кытай мамилелеринин багытын гана эмес, дүйнөдөгү күчтөрдүн жаңы тең салмагын да аныктайт.

Пекин азырынча кеңири комментарий берүүдөн карманып турат. Бирок америкалык лидерди кабыл алууга даярдыгы эки тарап тең өтө жогорку геосаясий чыңалуу шартында компромисс табууга кызыкдар экенин көрсөтөт.