Хантавирустун жайылышы аныкталган MV Hondius круиздик лайнеринен адамдарды эвакуациялоо операциясынын биринчи күнү 94 адам түшүрүлдү. Бул тууралуу Испаниянын саламаттыкты сактоо министри Моника Гарсия билдирди.
«Бүгүн, өзүңүздөр жакшы билгендей, биз үчүн абдан интенсивдүү күн болду: кемеден 94 адам түшүрүлдү», — деди Гарсия журналисттерге.
Министрдин айтымында, операция «толугу менен кадимкидей» өттү.
Жүргүнчүлөр бир нече каттам аркылуу өз өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Эртең дагы эки учак каттамы күтүлүүдө: бири Австралияга багыт алып, анда алты адам чыгарылат, экинчиси Нидерландга учуп, 18 адам жөнөтүлөрү күтүлүүдө.
Андан кийин кемеде 34 адам калышы керек. Эвакуация операциясы аяктагандан соң кеме Испаниянын Канар аралдары аймагынан чыгып кетүүгө уруксат алат.
Өлүмгө алып келүүчү кооптуу хантавирустун жайылышы Нидерландга таандык MV Hondius круиздик лайнеринде катталган. Кеме Аргентинадан Кабо-Вердеге багыт алып бара жаткан. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жети адамдан вирус табылганын ырастап, үч киши каза болгонун билдирген.
Хантавирус чыккан MV Hondius саякат кемесинин жүргүнчүлөрүн эвакуациялоого көзөмөл кылуу үчүн 9-майда Испанияга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус келген. Гебрейсус “бул дагы бир COVID-19 эмес” экенин жана “хантавирустан коомчулуктун саламаттыгына коркунуч төмөн экенин” X соцтармагынан билдирген.
Хантавирус – кемирүүчүлөр аркылуу жугуучу кооптуу вирус. Анын бир нече түрлөрү бар. Хантавирустар эки оор, өлүмгө алып келүүчү ооруну козгошу мүмкүн: биринчисинде адамдын өпкөсү сезгенет, экинчисинде бөйрөктөрү жабыркайт. Бул илдеттин вакцинасы азырынча чыга элек.