Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун жаңы башкы катчысы келет

Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун жаңы башкы катчысы келет

 Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жаңы дайындалган башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов 9-10-мартта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, КР коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушуулары пландалган. Буга чейин ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды сунуштай турганы маалымдалган. Белгиленгендей, бул Тасмагамбетовдун ЖККУнун башкы катчысы катары Бишкек алгачкы сапары. Эске…

Прочитайте больше

Депутат БУУнун трибунасында жоолук маселеси жөнүндө сөз сүйлөдү. Видео

Депутат БУУнун трибунасында жоолук маселеси жөнүндө сөз сүйлөдү. Видео

Кечээ, 8-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Нью-Йоркто өткөн “Исламдагы аялдар: Исламдагы аялдардын укуктарын жана иденттүүлүгүн түшүнүү” аттуу конференцияда катышып, сөз сүйлөдү. Бул туурасында депутат өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирди. “БУУнун бийик трибунасынан динди эркин тутуу жана жоолукчан айымдардын мектептерде окууга, окутууга жана мамлекеттик кызматтарда эч кандай кысымга учурабастан иштөөгө толук укугу бар экендигин айттым”, – деп жазды Ашимова. Бул жыйында ал: “Бул тема азыркы дүйнөдөгү эң маанилүү тенденция жана эң маанилүү коомдук кайра куруулардын бири болуп саналат….

Прочитайте больше