Тажикстанда жер титирөөдөн 300 турак үй зыянга учурап, 100 мал өлдү

Тажикстанда жер титирөөдөн 300 турак үй зыянга учурап, 100 мал өлдү

 23-мартка караган түнү Тажикстандын аймагында катталган жер титирөөдөн Согд облусундагы Тоолуу Матча районунда ондогон турак үйлөр жана айыл чарба курулуштары кыйрады. Аталган райондогу Палдорак кыштагынын тургундары түнү бою сыртта отурууга аргасыз болушканын, мал-жандыктары өлүп, бейшемби күнү түшкө карата жардам дале келбегенин айтышты. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Ражабмахмад Бадалов жер титирөөдөн улам айылда 300 үй зыянга учурап, 100дөн ашык мал өлгөнүн билдирди. Бийлик зилзала келтирген чыгымды баалоо үчүн премьер-министр Кохир Расулзода жетектеген атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады. 23-мартка караган түнү саат 01:07де…

Прочитайте больше

Францияда пенсия реформасына каршы нааразычылык акциялары тынчы бай жатат

Францияда пенсия реформасына каршы нааразычылык акциялары тынчы бай жатат

 Франциянын борбору Парижде жана башка шаарларда пенсиялык реформага каршы нааразычылык акциялары токтобой жатат. Кризис өкмөт пенсияга чыгуу курагы 62 жаштан 64 жашка чейин көтөрүү чечиминен улам келип чыкты. Кара бейшемби Кечээ, 23-мартта нааразычылык акциясына өлкө боюнча бир миллиондон ашык адам катышты. https://t.me/rt_russian/151354?embed=1 Өлкөдө ар түрдүү тармактардын жумушчулары: тазалык кызматкерлеринен баштап, мугалим, өрт өчүрүүчүлөргө чейин иш ташташты.  Кечээки акцияларга транспорт жана билим берүү кызматкерлери да кошулушту. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Парижде 100 миңден ашуун демонстранттар көчөгө чыгып, полиция менен кагылышуулар…

Прочитайте больше

Түндүк Корея цунами жарата турган ракетасын сынады

Түндүк Корея цунами жарата турган ракетасын сынады

 Түндүк Корея өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү суу алдындагы куралын сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу түштүк кореялык “Ренхап” маалымат агенттиги жазды. “Корея үнү” белгилегендей, Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын катышуусундагы сыноо 21-23-март күндөрү Түштүк Хамген провинциясында өттү. Түндүк Кореяда бул куралды “суу алдында кол салуучу аралыктан башкарыла турган “Хэир” катери” деп аташат. Маалыматка караганда, согуштук аракеттер учурунда ал “суунун алды менен ыкчам акваторияга жашыруун сүзүп барып, каршылаштын кемелерин жана портторун жок кыла турган өтө кубаттуу радиоактивдүү…

Прочитайте больше

Өзбекстан менен Ооганстан Куштепа каналын куруу долбоорунда кызматташат

Өзбекстан менен Ооганстан Куштепа каналын куруу долбоорунда кызматташат

Өзбекстан президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов жетектеген делегация 22-мартта Ооганстанга келип кетти. Делегация өкүлдөрү Талибан өкмөтүнүн премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу, Абдул Гани Барадар, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амирхан Муттаки, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Якуб Мужахед жана убактылуу өкмөттүн башка бир катар мүчөлөрү жана экономикалык структуралардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Талкууланган темалар: ▪️эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү; ▪️коопсуздук, чек араны коргоо; ▪️ар кандай жүктөрдү ( анын ичинде ооган аймагы аркылуу транзиттик…

Прочитайте больше

Жүрөгүбүздү кантип тазалайбыз? Маанилүү 6 кеңеш

Жүрөгүбүздү кантип тазалайбыз? Маанилүү 6 кеңеш

Бардык көйгөйлөрдүн башталышы – жүрөктүн ыпластыктарга толуп, ыймандын алсырашынан. Чыныгы ыйман келтирген адам жүрөгүн тазалап, Аллахка жакындоо үчүн болгон аракетин жумшайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Кабардар болгула! Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар. Ал бузулса, бүткүл дене бузулат. Ал оңолсо, бүткүл дене оңолот. Көңүл бургула! Ал – жүрөк” (Бухари). 1. Тобо келтирүү Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Амал китебинде көп Аллахтан көп кечирим суроо табылган адамга куш кабар болсун” (Ибн Маажа). 2. Бардык күнөөлөрдү таштоо Аллах Таала айтты:…

Прочитайте больше

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – Аллахтын бүткүл адамзатка түшүргөн акыркы аяны жана ислам илими менен мыйзамдарынын негизги булагы. Курани Карим – кыяматка чейин бурмаланбай сакталчу жалгыз китеп. Куран түшкөндөн тартып Ислам душмандары андан ката табууга жана ага окшошту жаратууга жандалбас уруп келишет. Бирок алардын аракети майнапсыз. Ыйык китебин жокко чыгарып, ага ишенбегендерге Аллах Таала мындай деп кайрылат: “Эгер бардык адамдар жана жиндер чогулуп, Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылышса да, атүгүл бири-бирине жардам беришсе да, эч качан ага…

Прочитайте больше

Орозону бузбаган нерселер

Орозону бузбаган нерселер

Орозону бузбай турган, бирок, сообун азайта турган нерселерден да качуу керек. Орозо кармагандарга убада кылынган чоң соопко жетүү үчүн бул шарт болуп саналат. Бир ибадатты орундаганда бул ибадаттын фарздарын, важибдерин, сүннөттөрүн, макрухтарын жана муфситтерин, б.а., ал ибадатты буза турган нерселерин да билүү керек. Буларды билбей орундалган ибадат толук болбойт. Жада калса,ибадат кылдым деп ойлогон нерсе бузулуп, ибадат болуудан чыккан болуусу мүмкүн. Мисалы, орозонун фарздарынын бири орозонун алгачкы убакытынан акыркы убакытына чейин (б.а., күн чыгып батканга…

Прочитайте больше