Францияда пенсия реформасына каршы нааразычылык акциялары тынчы бай жатат

 Франциянын борбору Парижде жана башка шаарларда пенсиялык реформага каршы нааразычылык акциялары токтобой жатат. Кризис өкмөт пенсияга чыгуу курагы 62 жаштан 64 жашка чейин көтөрүү чечиминен улам келип чыкты.

Кара бейшемби

Кечээ, 23-мартта нааразычылык акциясына өлкө боюнча бир миллиондон ашык адам катышты.

https://t.me/rt_russian/151354?embed=1 Өлкөдө ар түрдүү тармактардын жумушчулары: тазалык кызматкерлеринен баштап, мугалим, өрт өчүрүүчүлөргө чейин иш ташташты.  Кечээки акцияларга транспорт жана билим берүү кызматкерлери да кошулушту. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Парижде 100 миңден ашуун демонстранттар көчөгө чыгып, полиция менен кагылышуулар башталды. Бордо шаарында митингчилер муниципалитеттин эшигин өрттөп жиберишти.

Башаламандыктарга байланыштуу өлкө боюнча 80 адам кармалды, алардын 33ү Парижде.

Нааразы болгон француздар Париждин аэропортторунда иш таштоону уюштуруп, Шарль де Голль аэропортунун 1-терминалына кирүүнү кыйындатып, кире бериште узун тыгындар жаралды.

Жарандык авиация башкармалыгы кырдаалдын курчушунан чочулап, Орли, Марсель, Бордо жана Лион аэропортторундагы айырм каттамдарды токтотууну талап кылууда.  Париж метросундагы көпчүлүк линияларда жол кыймылы үзгүлтүккө учурады. Бул көйгөй шаар четиндеги поезддерге да таасирин тийгизди.

Лиондо демонстранттар вокзалдын ишине тоскоолдук кылышып, Макрондун кызматтан кетишин талап кылышты.

Иш таштоого көптөгөн мугалимдер кошулду, Парижде 140 башталгыч мектеп, ошондой эле көптөгөн орто окуу жайлары жабылды. Борбор калаанын мэриясынын маалыматы боюнча, бейшемби күнү мектеп мугалимдеринин 56% иш таштады.

Парижде таштанды чыгаруу менен алектенген ишканалардын кызматкерлеринин иш таштоосу уланууда. Таштанды челектери үйүлүп, көчөлөр таштандыга толду . Шаардык мэрия билдиргендей, 23-мартка карата жыйналбай калган таштандынын көлөмү 9,6 миң тоннага жеткен.

Өлкө президенти Эммануэль Макрон өтө зарыл деп эсептеген реформага каршы демонстрациялары онунчу күндөн бери уланууда. Мыйзам долбоору январь айында кароого сунушталып, өткөн аптада өлкө лидери аны парламенттин добушусуз бекиткендиктен кризис курчуп кетти.

Франциянын башкы профсоюзу болгон “Бүткүл жалпы эмгек конфедерациясынын” (CGT) маалыматы боюнча, бейшемби күнү Париждин көчөлөрүнө 800 миңдей адам чогулду. Ошол эле учурда полиция демонстранттардын санын азайтып, акцияга 119 миң гана адам чыкканын билдирди. Париждин кээ бир райондорунда башаламандыктар орун алып, митингчилердин чакан топтору полицияга таш ыргытып, фейерверк атышкан, полиция жооп катары көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Өлкөнүн батышындагы Нант шаарында демонстранттар полиция кызматкерлерине катуу нерселерди ыргытып, таштанды челектерин өрттөй баштаганда полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Ал эми Ренн шаарында полиция митингчилерди таркатууга суу аткычтарды колдонду. Ниццада демонстранттар аэропорттун имаратына барышып, ал жерде курчоого алышты.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн митингчилерге кошулган видеосу жарыяланды.

https://t.me/rt_russian/151326?embed=1

Добуш берилбеген мыйзам

Француз активисттери пенсия курагын көтөрүүгө каршы демонстрацияларга бир жарым айга жакын убакыттан бери чыгышууда.  Буга чейинки массалык нааразылык акциялары 7-март күнү болгон, анда өлкө боюнча 1,3 миллионго жакын адам көчөгө чыккан.

Реформага ылайык, пенсияга чыгуу курагы 62 жаштан 64 жашка чейин узартылат, ал эми бул үчүн талап кылынган эмгек стажы 41,5тен 43 жашка чейин көтөрүлөт. Өткөн аптада Макрон өзүн коопсуздандырып, Франциянын конституциясында жазылган өзгөчө укукту пайдаланып, премьер-министр Элизабет Борндон мыйзамды добушсуз кабыл алууну сурангандыгына байланыштуу өткөн аптада өлкөдө нааразычылык күчөдү. Ошол эле күнү Франциянын парламентинин жогорку палатасы Сенат мыйзамды колдоп добуш берди. Бирок төмөнкү палатада – Улуттук Ассамблеяда добуш берүүнүн ордуна, премьер-министр Борн Конституциянын 49-беренесинин 3-пунктуна таянарын жана мыйзам автоматтык түрдө кабыл алынарын билдирди.

Ошол эле учурда коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, француздардын үчтөн экисинен көбү реформага таптакыр макул эмес.

Комментарий жиберүү