С. Жапаров Р. Эрдоганга Түркияны колдоого дайым даяр экендигин билдирди

С. Жапаров Р. Эрдоганга Түркияны колдоого дайым даяр экендигин билдирди

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту. Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз…

Прочитайте больше

Сириянын президенти Россияга эмнеге барды?

Сириянын президенти Россияга эмнеге барды?

 Сириянын президенти Башар Асад 2021-жылдын күзүнөн бери биринчи жолу Россияга расмий сапары менен келип, Владимир Путин менен жолугушту. Сириянын экономика, коргоо жана каржы министрлери кирген делегацияны Внуково өкмөттүк терминалынан Россия президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча атайын өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов тосуп алды. Асаддын Россияга сапары биринчи жолу ачык жана реалдуу убакыт режиминде чагылдырылды – буга чейин Батыштын санкцияларында турган Сирия лидеринин сапарлары жабык мүнөздө болгон. Асад акыркы жолу Москвага 2021-жылдын 13-сентябрында келген….

Прочитайте больше

Иран, Россия жана Кытай Оман булуңунда деңиз машыгууларын баштады

Иран, Россия жана Кытай Оман булуңунда деңиз машыгууларын баштады

 Россия, Иран, Кытай жана башка өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрү 15-мартта Оман булуңунда биргелешкен аскердик машыгууларды баштады. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди. «15-марттан 19-мартка чейин Кытай, Иран, Россия жана башка мамлекеттердин деңиз күчтөрү Оман булуңунда “Деңиз коопсуздук алкагы-2023” аттуу биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөт», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Машыгуу планы үч өлкөнүн 2019-жылы жана өткөн жылдагы буга чейинки эки деңиз машыгууларынын негизинде иштелип чыккан. Ага Кытай тараптан «Наннин» эсминеци катышууда. “Бул машыгуулар катышуучу өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрүнүн…

Прочитайте больше