Киев Тегеран Москвага дрондорду жеткиргенин далилдей алган жок

Киев Тегеран Москвага дрондорду жеткиргенин далилдей алган жок

Украина Россия атайын операция учурунда ирандык учкучсуз учактарды колдонгонун далидеген эч кандай документ бере элек. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан билдирди. Абдоллахиан CNN телеканалына берген маегинде ага Украинада табылган делген ирандык учкучсуз учактардын сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Ал бул сүрөттөрдүн Иранга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. “Биздин эксперттер бул сүрөттөрдү  (дрондордун – ред.) изилдеп чыгышты, алардын Иранга эч кандай тиешеси жок. Биз төрт айдан бери сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын күтүп жатабыз жана алар (украиналык тарап…

Прочитайте больше

Блинкендин Өзбекстандагы сапары жыйынтыкталды. Америкалык дипломат Борбор Азияга эмнеге келди?

Блинкендин Өзбекстандагы сапары жыйынтыкталды. Америкалык дипломат Борбор Азияга эмнеге келди?

 АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Борбор Азияга жасаган сапары жыйынтыкталды. Өзбекстандагы сапарынын алкагында ал республиканын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов,   Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууларды өткөрүп, андан соң Индияга жөнөп кетти. Блинкен Ташкентке Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда С5+1 форматында өткөн Астанадагы саммиттен кийин барды. Бул анын мамлекеттик катчы кызматына дайындалгандан кийинки Өзбекстанга жасаган алгачкы сапары болуп калды. Блинкен менен Саидовдун жолугушуусунун жүрүшүндө тараптар өзбек-америка стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да өнүктүрүү маселесин талкуулашты. “АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер динамикалуу…

Прочитайте больше

Weiss Media: ИМ террордук уюмунун Ооганстандагы бөлүмү Кытай жарандарына кол салууларын көбөйтөт

Weiss Media: ИМ террордук уюмунун Ооганстандагы бөлүмү Кытай жарандарына кол салууларын көбөйтөт

“Ислам мамлекети” (ИМ) террордук уюмунун ооган бөлүмү Кытайдын уйгур мусулмандарын кысымга алынуусун колдонуп, «өзүн эл аралык деңгээлде таанытууга ниеттенүүдө». Бул тууралуу заманбап Ооганстанды изилдөө борборунун эксперти Андрей Серенко Weiss Media басылмасына таянуу менен жазды. Ага ылайык, «ИМдин медиа-пропагандасы Пекинге каршы багытталган учурда, Кытай жарандары жана Кытайдын Ооганстандагы кызыкчылыктары ИМдин чабуулунун бутасына айланат». «ИМ уйгур маселесин өздөрүнүн ким экендигин көрсөтүү үчүн колдонушу мүмкүн” дешет эксперттер. Алардын пикири боюнча, «террорчулар Кытайдагы мусулмандарды кысымга алуу маселесине көңүл буруп, бул маселеге…

Прочитайте больше